Сандар 17:1—13

  • Арундун таягы гүлдөйт (1—13)

17  Жахаба Мусага: 2  «Ысрайылдыктар менен сүйлөшүп, алардан ар бир уруу* үчүн бирден таяк, ар бир уруунун башчысынын+ таягын, баары биригип 12 таяк ал. Ар биринин атын өзүнүн таягына жазып кой. 3  Арундун атын Леби уруусунун таягына жаз, анткени ар бир таяк уруунун башчысын билдирет. 4  Анан аларды жолугушуу чатырындагы келишим сандыгынын алдына,+ мен силерге дайыма көрүнчү жерге, кой.+ 5  Мен кимди тандасам,+ ошонун таягы бүчүр байлайт. Ошентип, ысрайыл элинин мага каршы чыгып наалыганын токтотом.+ Себеби алар муну менен силерге да наалып жатат»,— деди.+ 6  Муса ысрайылдыктар менен сүйлөшкөндөн кийин, алардын башчыларынын ар бири өзүнүн таягын Мусага берди. Ар бир уруунун башчысы бирден таяк, баары биригип 12 таяк берди. Алардын арасында Арундун да таягы бар эле. 7  Анан Муса таяктарды келишим сандыгы турган чатырдын ичине, Жахабанын алдына коюп койду. 8  Эртеси күнү Муса келишим сандыгы турган чатырга кирсе, Леби уруусунан болгон Арундун таягы бүрдөп, бадамдын бүчүрлөрү, гүлдөрү, бышкан мөмөлөрү пайда болуп калыптыр. 9  Муса Жахабанын алдына койгон таяктардын баарын алып чыгып, бүт ысрайылдыктарга көрсөттү. Алар таяктарды карап, ар бир башчы өзүнүкүн алды. 10  Жахаба Мусага: «Арундун таягын+ кайра келишим сандыгынын алдына коюп, сактап кой. Козголоңчулар мага каршы чыгып,+ наалыганын токтотушу үчүн, өлүп калбашы үчүн, бул аларга эскертүү болот»,+— деди. 11  Муса ошол замат Жахаба айткандай кылды. Ал кандай айтса, так ошондой кылды. 12  Ысрайылдыктар Мусага: «Эми биз өлөбүз, жок болобуз, баарыбыз жок болобуз! 13  Эгер Жахабанын ыйык чатырына жакындап эле койгон киши өлө турган болсо,+ анда, эмне, баарыбыз өлөбүзбү?» — дешти.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «урук».