Сандар 19:1—22
-
Кызыл кунажын, тазарта турган суу (1—22)
19 Жахаба Муса менен Арунга мындай деди:
2 «Мен, Жахаба, аткаргыла деп буйрук кылган мыйзам мындай: „Ысрайыл элине айт, кемтиги жок,+ моюнтурук салынбаган кызыл кунажын алып келишсин.
3 Аны дин кызматчы Элазарга бергиле. Ал кунажынды конуштун сыртына алып чыксын. Анан аны Элазардын көзүнчө союшсун.
4 Элазар кунажындын канына манжасын малып, жолугушуу чатырынын кире беришин көздөй 7 жолу чачыратсын.+
5 Кунажынды анын көзүнчө өрттөш керек. Терисин, этин кан-жини менен кошо өрттөш керек.+
6 Дин кызматчы бал карагайдын бутагын, бир тутам иссоп өсүмдүгүн,+ ачык кызыл жип алып, күйүп жаткан кунажындын үстүнө таштасын.
7 Анан кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ошондон кийин конушка кирсе болот, бирок кечке чейин таза эмес болот.
8 Кунажынды өрттөгөн киши да кийимин жууп, өзү да жуунушу керек, ал кечке чейин таза эмес болот.
9 Өрттөлгөн кунажындын күлүн+ таза киши чогултуп, конуштун сыртындагы таза жерге коюп койсун. Аны ысрайыл жамааты тазарта турган суу+ даярдаганда кошуш үчүн сактап коюш керек. Бул — күнөө үчүн курмандык.
10 Өрттөлгөн кунажындын күлүн чогулткан киши да кийимин жуушу керек, ал кечке чейин таза эмес болот.
Бул — ысрайыл эли менен алардын арасында жашаган бөтөн жерликтер түбөлүккө аткарышы керек болгон көрсөтмө.+
11 Ким өлгөн кишиге тийсе, 7 күн таза эмес болот.+
12 Үчүнчү күнү ал өзүн тазарта турган суу менен тазартсын, ошондо жетинчи күнү таза болот. Эгер үчүнчү күнү өзүн ошол суу менен тазартпаса, жетинчи күнү таза болбойт.
13 Ким өлгөн кишиге тийгенден кийин тазаланбаса, Жахабанын ыйык чатырын арамдаган болот.+ Ал киши ысрайыл элинин арасынан жок кылынсын.+ Ага тазарта турган суу+ чачыратылбагандыктан, ал таза эмес, таза эмес бойдон калат.
14 Чатырдын ичинде кимдир бирөө өлүп калса, мындай мыйзам колдонулат: ошол учурда чатырга кирген же ага чейин эле анын ичинде жүргөн киши 7 күн таза эмес болот.
15 Капкагы жип менен байланып бекем жабылбаган ар бир идиш таза эмес болуп калат.+
16 Ким сыртта жүрүп кылычтан өлгөн кишиге же өзү өлгөн кишинин денесине же сөөктөрүнө, же мүрзөсүнө тийсе, 7 күн таза эмес болот.+
17 Күнөө үчүн курмандык өрттөлгөндө, анын күлүнөн таза эмес болуп калган киши үчүн алып, идишке салып, үстүнө агын суудан куюп коюш керек.
18 Андан кийин таза киши+ бир тутам иссоп өсүмдүгүн+ ошол сууга малып, чатырга, анын ичиндеги идиштер менен кишилердин баарына чачыратышы керек. Өзү өлгөн же өлтүрүлгөн кишиге, же өлгөн кишинин сөөктөрүнө, же мүрзөгө тийген кишиге да ошол суудан чачыратышы керек.
19 Таза киши таза эмес кишиге үчүнчү жана жетинчи күнү ал суудан чачыратып, жетинчи күнү аны күнөөдөн тазартышы керек.+ Анан тазаланып жаткан киши кийимин жуусун, өзү да жуунсун, ал кечинде таза болот.
20 Эгер таза эмес киши тазаланбаса, жамааттын арасынан жок кылынсын,+ анткени Жахабанын ыйык жайын арамдаган болот. Ага тазарта турган суу чачыратылбагандыктан, ал таза эмес.
21 Түбөлүккө аткарыш керек болгон көрсөтмө бул: тазарта турган сууну+ чачыраткан киши кийимин жуусун. Ошол сууга тийген ар бир киши кечке чейин таза эмес болот.
22 Таза эмес адам эмнеге тийсе, ошонун баары таза эмес болот. Ал нерселерге тийген киши да кечке чейин таза эмес болот“».+