Сандар 2:1—34

  • Конушка 3 уруудан турган топтор боюнча жайгашуу (1—34)

    • Жүйүт уруусу башчылык кылган топ чыгыш тарапта (3—9)

    • Рубейин уруусу башчылык кылган топ түштүк тарапта (10—16)

    • Лебилер башка топтордун ортосунда (17)

    • Эпрайым уруусу башчылык кылган топ батыш тарапта (18—24)

    • Дан уруусу башчылык кылган топ түндүк тарапта (25—31)

    • Катталган эркектердин жалпы саны (32—34)

2  Жахаба Муса менен Арунга мындай деди: 2  «Ысрайылдыктардын ар бири чатырын өзүнүн 3 уруудан турган тобу+ жайгашкан жерге, өз тукумунун белгиси турган жерге тиксин. Алар чатырларын жолугушуу чатырын айландыра, аны каратып тигишсин. 3  Анын күн чыгыш тарабында Жүйүт уруусу башчылык кылган 3 уруу топ-тобу менен жайгашсын. Жүйүт уруусунун башчысы — Аминадаптын уулу Нахшон.+ 4  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 74 600 киши.+ 5  Жүйүт уруусунун жанына Исахар уруусунун кошууну жайгашсын. Исахар уруусунун башчысы — Зуардын уулу Нетанел.+ 6  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 54 400 киши.+ 7  Алардын жанына Забулун уруусунун кошууну жайгашсын. Забулун уруусунун башчысы — Хелондун уулу Элиап.+ 8  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 57 400 киши.+ 9  Жүйүт уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 186 400 киши. Алар биринчи болуп жолго чыгышсын.+ 10  Түштүк тарабында Рубейин+ уруусу башчылык кылган 3 уруу топ-тобу менен жайгашсын. Рубейин уруусунун башчысы — Шедурдун уулу Элисур.+ 11  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 46 500 киши.+ 12  Рубейин уруусунун жанына Шымон уруусунун кошууну жайгашсын. Шымон уруусунун башчысы — Зуришадайдын уулу Шелумиел.+ 13  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 59 300 киши.+ 14  Алардын жанына Гат уруусунун кошууну жайгашсын. Гат уруусунун башчысы — Ребулдун уулу Элиасап.+ 15  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 45 650 киши.+ 16  Рубейин уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 151 450 киши. Алар экинчи болуп жолго чыгышсын.+ 17  Жолугушуу чатырын көчүрүш керек болгондо+ лебилер башка кошуундардын ортосунда болсун. Уруулар конушта кандай тартипте жайгашса, жолго ошондой тартипте чыгышсын.+ Ар бири өзүнүн ордунда болуп, 3 уруудан турган тобу менен чыксын. 18  Батыш тарабында Эпрайым уруусу башчылык кылган 3 уруу топ-тобу менен жайгашсын. Эпрайым уруусунун башчысы — Амиюттун уулу Элишама.+ 19  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 40 500 киши.+ 20  Эпрайым уруусунун жанына Менаше+ уруусунун кошууну жайгашсын. Менаше уруусунун башчысы — Педатсурдун уулу Гамалиел.+ 21  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 32 200 киши.+ 22  Алардын жанына Бенжемин уруусунун кошууну жайгашсын. Бенжемин уруусунун башчысы — Гидонинин уулу Абидан.+ 23  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 35 400 киши.+ 24  Эпрайым уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 108 100 киши. Алар үчүнчү болуп жолго чыгышсын.+ 25  Түндүк тарабында Дан уруусу башчылык кылган 3 уруу топ-тобу менен жайгашсын. Дан уруусунун башчысы — Амишадайдын уулу Ахиезер.+ 26  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 62 700 киши.+ 27  Дан уруусунун жанына Ашыр уруусунун кошууну жайгашсын. Ашыр уруусунун башчысы — Охрандын уулу Пагиел.+ 28  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 41 500 киши.+ 29  Алардын жанына Напталы уруусунун кошууну жайгашсын. Напталы уруусунун башчысы — Энандын уулу Акира.+ 30  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 53 400 киши.+ 31  Дан уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 157 600 киши. Алар 3 уруудан турган топтордун арасынан акыркы болуп жолго чыгышсын».+ 32  Булар — тукуму боюнча каттоодон өткөн ысрайылдыктар. Аскердик кызматка жарактуулардын жалпы саны 603 550 киши болду.+ 33  Жахаба Мусага буйругандай, лебилер башка ысрайылдыктар менен бирге каттоодон өтүшкөн жок.+ 34  Ысрайыл эли бардыгын Жахаба Мусага айткандай кылды. Алар 3 уруудан турган топторго+ бөлүнүп жайгашышты, көчкөндө да ушундай тартип менен,+ ар бири өзүнүн тукуму, үй-бүлөсү менен жол жүрүштү.

Шилтемелер