Сандар 21:1—35
21 Араттын падышасы,+ Негепте жашаган канаандык падыша, ысрайылдыктардын Атаримге алып барчу жол менен келгенин укту. Анан алар менен согушуп, айрымдарын туткундап алды.
2 Ошондо ысрайылдыктар Жахабага: «Эгер бул элди колубузга салып берсең, шаарларын сөзсүз талкалайбыз»,— деп ант беришти.
3 Жахаба алардын үнүн угуп, канаандыктарды колуна салып берди. Ысрайылдыктар алардын өзүлөрүн да, шаарларын да талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма*+ деп аташты.
4 Эдом жерин+ айланып өтүш үчүн алар Ор тоосунан+ ары карай жолун улап, Кызыл деңизге алып барчу жол менен жөнөштү. Жолдон алар чарчап,
5 Кудай менен Мусага каршы чыгып:+ «Бизди Мисирден эмнеге алып чыктыңар? Чөлдө өлсүн деппи? Бул жерде нан да, суу да жок экен,+ көңүл айныткан бул нанды+ болсо көрөйүн деген көзүбүз жок»,— деп наалышты.
6 Ошондо Жахаба элге уулуу жыландарды* жиберди. Жыландар ысрайылдыктарды чагып, алардын бир тобу өлдү.+
7 Эл Мусага барып: «Биз Жахаба менен сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык.+ Жахабадан суранчы, жыландарды жок кылсын»,— деди. Ошондо Муса эл үчүн суранды.+
8 Жахаба Мусага: «Уулуу жыландын сөлөкөтүн жасап, шыргыйга кадап кой. Жылан чаккан киши аны карасын, ошондо тирүү калат»,— деди.
9 Муса ошол замат жезден жылан жасап,+ шыргыйга кадап койду.+ Жылан чаккандар аны карап, аман калып жатышты.+
10 Бир канча убактан кийин ысрайыл эли жолго чыгып, чатырларын Оботко тигишти.+
11 Анан Оботтон чыгып, чатырларын Эй-Абаримге,+ күн чыгыш тараптагы, Мааптын тушундагы талаага тигишти.
12 Ал жерден чыгып, Зеред өрөөнүнө+ барып жайланышты.
13 Ал эми ал жерден чыккандан кийин аморлуктардын чек арасынан башталган чөлдөгү Арнон+ аймагына барып токтошту. Арнон Мааптын чек арасында, мааптыктар менен аморлуктардын ортосунда жайгашкан.
14 Ошондуктан Жахабанын согуштары жөнүндөгү китепте: «Суфадагы Багеп жери менен Арнон өрөөндөрү,
15 алардын капталдары Арды көздөй керилип, Мааптын чек арасына чейин созулат»,— деп айтылган.
16 Андан кийин ысрайыл эли Беирге* жөнөдү. Жахаба Мусага: «Элди чогулт, мен аларга суу берем»,— деп айткан кудук ушул болчу.
17 Ошондо ысрайылдыктар:
«Атырыл, кудук, атырыл! Обон сал, эл-журт!
18 Бул кудукту төрөлөр казды, элдин аттуу-баштуулары казды.
Башчылардын таягы менен, өздөрүнүн таягы менен казышты»,— деп ырдаган.
Анан эл чөлдөн чыгып, Матанага жол тартты.
19 Матанадан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко,+
20 Бамоттон чыгып, Маап+ жериндеги Жешимондо*+ заңкайып турган Пазги чокусунун+ жанындагы өрөөнгө жөнөштү.
21 Анан ысрайылдыктар аморлуктардын падышасы Сихонго кабарчыларды жөнөтүп:+
22 «Жериң аркылуу өтүп кеткенге уруксат эт. Талааңды да, жүзүмзарыңды да аралабайбыз. Кудуктарыңдан да суу ичпейбиз. Жериңден чоң жол* менен гана өтүп кетебиз»,— деп айттырып жиберишти.+
23 Бирок Сихон ысрайылдыктарга өзүнүн жеринен өткөнгө уруксат бербей койду. Кайра, бүт аскерин чогултуп, алардын алдынан чыгыш үчүн чөлгө жөнөдү. Анан Жааска барып, алар менен салгылашты.+
24 Ысрайылдыктар аны өлтүрүп,+ Арнондон+ Жабокко чейинки жерлерин басып алышты.+ Жабокко+ жакын жерде Амондун тукумдары жашачу. Ысрайылдыктар Жазерден+ ары өтүшкөн жок, анткени Жазер Амондун тукумдарынын чек арасы болчу+.
25 Ысрайылдыктар ушул шаарлардын баарын басып алып, аморлуктардын+ бардык шаарларында, анын ичинде Хешпондо жана ага караштуу* шаарларда жашап калышты.
26 Хешпон аморлуктардын падышасы Сихондун шаары эле. Сихон мурун Маап падышасы менен согушуп, анын Арнонго чейинки жерлеринин баарын тартып алган болчу.
27 Ошондон улам мындай какшык сөз айтылып калган:
«Хешпонго келгиле.
Сихондун шаары курулуп, бекемделсин.
28 Хешпондон от, Сихондун шаарынан жалын чыгып,Мааптагы Арды, Арнондогу бийик жерлердин мырзаларын жалмап кетти.
29 Маап, башыңа каран түн түшөт! Кемоско+ сыйынган эл, кырыласың!
Ал* уулдарын качкын кылып, кыздарын аморлуктардын падышасы Сихондун колуна туткун кылып салып берет.
30 Аларды аталы.
Хешпон Дибонго+ чейин кыйратылат.
Аны Нопахка чейин ээн калтыралы,Медебага+ чейин өрттөп салалы».
31 Ошентип, ысрайыл эли аморлуктардын жерине отурукташа баштады.
32 Муса Жазер+ шаарына чалгынчыларды жиберди. Анан ысрайылдыктар ага караштуу шаарларды басып алып, ал жактагы аморлуктарды кууп чыгышты.
33 Андан соң бурулуп, Башанга кеткен жолго түшүштү. Ошондо Башандын падышасы Ок+ алар менен согушуш үчүн бүт аскерин чогултуп, Эдрейге+ жөнөдү.
34 Жахаба Мусага: «Андан коркпо,+ мен анын өзүн да, аскерин да колуңа салып берем, жерин да сага берем.+ Хешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихонду кандай кылсаң, аны да ошондой кыл»,— деди.+
35 Ысрайылдыктар Башандын падышасы Окту, анын уулдарын, бүт аскерин бирин калтырбай кырып,+ жерин ээлеп алышты.+
Шилтемелер
^ Мааниси: «жок кылганга арналган».
^ Же: «от жыландарды»
^ Мааниси: «кудук; чуңкур».
^ Же балким: «чөлдө».
^ Сөзмө-сөз: «падышанын жолу».
^ Же: «тегерегиндеги».
^ Бул Кемосту же Маапты билдириши мүмкүн.