Сандар 23:1—30

  • Биламдын биринчи пайгамбарлык сөзү (1—12)

  • Биламдын экинчи пайгамбарлык сөзү (13—30)

23  Билам Балакка: «Мага бул жерге 7 курмандык жайын куруп,+ 7 бука, 7 кочкор даярда»,— деди. 2  Балак ошол замат Билам айткандай кылды. Анан экөө ар бир курмандык жайынын үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалышты.+ 3  Андан соң Билам Балакка: «Бүтүндөй өрттөлчү курмандыгыңдын жанында туруп тур. Мен барып келейин, балким, Жахаба мени менен сүйлөшөттүр. Анан ал мага эмнелерди ачып берсе, ошолордун баарын сага айтып берем»,— деди да, такыр адырды көздөй кетти. 4  Кудай көрүнгөндө,+ Билам ага: «Мен 7 курмандык жайын куруп, ар биринин үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалдым»,— деди. 5  Жахаба Биламга эмне деши керектигин ачып берип:+ «Балакка кайра бар да, ушуларды айт»,— деди. 6  Билам кайтып барса, Балак Мааптын бардык төрөлөрү менен бүтүндөй өрттөлчү курмандыгынын жанында туруптур. 7  Ошондо Билам пайгамбарлык сөзүн мындай деп баштады:+ «Мааптын падышасы Балак мени Арамдан,+Чыгыш тоолорунан: „Келип, Жакыптын урпактарын каргап бер. Ысрайыл элин айыптап бер“,— деп чакыртты.+  8  Кудай каргабагандарды мен кантип каргайм? Жахаба айыптабагандарды мен кантип айыптайм?+  9  Мен аларды аскалардын чокусунан карап турам,Адырлардан көрүп турам. Бул эл өзгөлөрдөн бөлөк жашайт,+Башка элдерге кошулбайт.+ 10  Жакыптын кумдай көп урпактарын ким санай алат?+ Ысрайыл элинин, жок дегенде, төрттөн бир бөлүгүн ким эсептей алат? Мен чынчыл адамдар өлгөндөй өлсөм экен,Өмүрүмдүн акыры алардыкындай болсо экен». 11  Ошондо Балак Биламга: «Бул эмне кылганың? Сени душмандарымды каргап бер деп чакырсам, аларга бата бергениң кандай?!» — деди.+ 12  Билам: «Жахаба эмне десе, ошону гана айтам дебедим беле»,— деди.+ 13  Балак болсо: «Жүр, алар көрүнө турган башка жерге баралы. Бирок ал жактан баарын эмес, бир бөлүгүн гана көрөсүң. Аларды ошол жерден каргап бер»,— деди.+ 14  Анан аны Пазги чокусундагы+ Зопим жайыгына алып барды да, ал жерге 7 курмандык жайын куруп,+ ар биринин үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалды. 15  Андан соң Билам Балакка: «Ушул жерде бүтүндөй өрттөлчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен тиги жерге барып, Кудай менен сүйлөшүп келейин»,— деди. 16  Жахаба Биламга көрүнүп, эмне деши керектигин ачып берип:+ «Балакка кайра бар да, ушуларды айт»,— деди. 17  Билам кайтып барса, Балак бүтүндөй өрттөлчү курмандыгынын жанында күтүп туруптур. Жанында Мааптын төрөлөрү бар экен. Балак андан: «Жахаба эмне деди?» — деп сурады. 18  Билам пайгамбарлык сөзүн мындай деп баштады:+ «Тур, Балак, мага кулак сал. Зипордун уулу, сөзүмө кулак түр. 19  Калп айткыдай, Кудай пенде эмес,+Оюн өзгөрткүдөй*, ал адам баласы эмес.+ Ал айтканын аткарбай коймок беле? Дегенин кылбай коймок беле?+ 20  Мен бул жакта бата бериш үчүн турам,Кудай батасын берди,+ мен аны өзгөртө албайм.+ 21  Ал Жакыптын урпактарына каршы сыйкырдуу күч колдонулушуна,Ысрайыл элинин башына мүшкүл түшүшүнө жол бербейт. Жахаба Кудайы аларды колдойт,+Алардын арасында падыша катары даңазаланат. 22  Кудай аларды Мисирден алып чыгып келатат.+ Анын күчү жапайы буканын мүйүзүнүн күчүндөй, ал аларды колдойт.+ 23  Жакыптын урпактарына каршы дуба жок,+Ысрайыл элине каршы төлгө жок.+ Жакыптын урпактары, ысрайыл эли, жөнүндө: „Мына, Кудайдын кылган улуу иши!“ — деп айтышат. 24  Бул эл арстандай болуп ордунан турат,Арстандай болуп көтөрүлөт.+ Олжосун жеп бүтмөйүн,Өлтүрүлгөндөрдүн канына тоймоюн кайра жатпайт». 25  Ошондо Балак Биламга: «Эгер буларды каргай албасаң, анда батаңды деле бербей эле койбойсуңбу»,— деди. 26  Билам ага: «Мен сага: „Жахаба эмне десе, ошону гана кылам“,— дебедим беле»,— деди.+ 27  Балак ага: «Жүрчү, сени дагы башка жерге алып барайын. Балким, чыныгы Кудай ал элди ошол жерде каргашыңды туура көрөттүр»,— деди.+ 28  Ошентип, ал Биламды Жешимон+ көрүнүп турган Пеор чокусуна алып барды. 29  Билам Балакка: «Мага бул жерге 7 курмандык жайын куруп, 7 бука, 7 кочкор даярда»,— деди.+ 30  Балак ал айткандай кылды. Анан ар бир курмандык жайынын үстүндө курмандыкка бирден бука, бирден кочкор чалды.

Шилтемелер

Же: «Өкүнгүдөй».