Сандар 24:1—25

  • Биламдын үчүнчү пайгамбарлык сөзү (1—11)

  • Биламдын төртүнчү пайгамбарлык сөзү (12—25)

24  Билам Жахабанын ысрайыл элинин бата алышын каалаганын түшүнгөндө мурункудай болуп жамандыктан кабар берген жышаандарды издебей калды.+ Анан чөл жакты карап, 2  уруу-уруусу менен чатырларда жашаган ысрайыл элин көргөндө,+ ага Кудайдын ыйык руху таасир этип,+ 3  мындай деди:+ «Беордун уулу Биламдын,Көзү даана көрүп турган кишинин сөзү,  4  Кудайдын сөзүн уккан кишинин,Көздөрү ачык бойдон жүзтөмөндөп жыгылган,Кудурети Чексиз Кудай аян берген кишинин сөзү:+  5  Оо, Жакыптын тукумдары, чатырларың кандай кооз,Оо, ысрайыл эли, турак жайларың кандай сонун!+  6  Алар өрөөндөрдөй* керилип жатат,+Дарыянын жээгиндеги бактардай,Жахаба отургузган алоэ дарактарындай,Суу боюндагы бал карагайлардай жайылып жатат.  7  Анын* эки булгаары чакасынан суу ашып-ташып агып турат,Уруктары* чоң суулардын жээгине себилген.+ Анын падышасы+ Агактан улук болот,+Падышалыгынын даңкы чыгат.+  8  Кудай аны Мисирден алып чыгып келатат,Анын күчү жапайы буканын мүйүзүнүн күчүндөй, ал аларды колдойт. Ысрайыл эли аларды эзген элдерди кыйратат,+Алардын сөөктөрүн кемирет, аларды жебелери менен атып өлтүрөт.  9  Ал эл арстандай болуп аңдып жатат,Ал арстанга окшош, аны ордунан козгогонго ким даай алат? Сага бата бергендер бата алат,Сени каргагандар каргышка калат».+ 10  Ошондо Балак Биламга каары кайнаганынан алаканын шак чаап: «Мен сени душмандарымды каргап берсин деп чакырсам,+ сен аларга ушуну менен үч жолу бата бердиң. 11  Бар, жолуңа түш! Мен сени сыйлайын деген элем,+ бирок Жахаба сени сыйдан кур калтырды»,— деди. 12  Билам ага: «Сен жиберген кабарчыларга: 13  „Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Жахабанын буйругун бузуп, өзүм билип чоң да, кичине да иш кыла албайм. Жахаба мага эмне десе, ошону гана айтам“,— деп айткан эмес белем.+ 14  Болуптур, өз элиме кетейин. Бирок адегенде келечекте бул эл сенин элиңди эмне кыларын айтып берейин»,— деди. 15  Анан мындай деди:+ «Беордун уулу Биламдын,Көзү даана көрүп турган кишинин сөзү,+ 16  Кудайдын сөзүн уккан,Эң Жогорку Кудайдын билимин алган кишинин сөзү,Көздөрү ачык бойдон жүзтөмөндөп жыгылганда,Кудурети Чексиз Кудай аян берген кишинин сөзү: 17  Мен аны көрөм, бирок азыр эмес,Аны көрөм, бирок жакында эмес. Жакыптын тукумдарынан жылдыз чыгат,+Ысрайылдын тукумдарынан+ падыша таягы+ көтөрүлөт. Ал Мааптын+ маңдайын*,Зөөкүр жоокерлердин баарынын баш сөөгүн жара чабат. 18  Ысрайыл эли эр жүрөктүк кылып,Эдомду ээлеп алат,+Ооба, Сеирди+ душмандары ээлеп алат.+ 19  Жакыптын урпактарынан душмандарды багындыра турган бирөө чыгып,+Шаарда аман калгандардын баарын жок кылат». 20  Амалыкты көрүп, Билам: «Амалык элдердин биринчиси* эле,+Бирок ал акырында жок болот»,— деди.+ 21  Кейниликтерди+ көрүп: «Сенин турагың коопсуз, уяга окшоп аскага салынган. 22  Бирок кейниликтерди* өрттөй турган бирөө келет. Ашур келип, сени туткундап кетерине дагы канча калды дейсиң?» — деди. 23  Анан сөзүн улап: «Каран түн! Кудай муну ишке ашырганда ким аман калат? 24  Киттимдин+ жээгинен кемелер келип,Ашурду+ багындырып алат,Эберди да багындырып алат. Бирок өздөрү* да тыптыйпыл болот»,— деди. 25  Анан Билам+ өз жерине кетти. Балак да өз жолуна түштү.

Шилтемелер

Же: «өзөндөрдөй».
Же: «Тукумдары».
Сыягы, ысрайыл элин билдирет.
Же: «чыкыйларын».
Б. а. ысрайылдыктар Мисирден чыккандан кийин, аларга биринчи болуп кол салган эл.
Сөзмө-сөз: «Кабылды». Бул кейниликтердин бир уруусунун аталышы.
Сөзмө-сөз: «ал».