Сандар 26:1—65

  • Ысрайыл урууларын экинчи жолу каттоо (1—65)

26  Ошол жазадан кийин+ Жахаба Муса менен дин кызматчы Арундун уулу Элазарга: 2  «Бүт ысрайыл элиндеги 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин баарын уругу боюнча каттап чыккыла»,— деди.+ 3  Муса менен дин кызматчы Элазар+ Жерихонун+ тушунда, Мааптын+ Иордан дарыясынын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө, элге: 4  «Жахаба Мусага буйрук кылгандай, 20 жаштан өйдөкүлөрдүн баарын каттап чыккыла»,— дешти.+ Ысрайылдын Мисирден чыккан урпактары булар: 5  Ысрайылдын туну — Рубейин.+ Рубейин уруусундагылар:+ Ханохтон тарагандар, Палудан тарагандар, 6  Кесрондон тарагандар, Кармиден тарагандар. 7  Булар — Рубейин уруусундагылар. Каттоодон өткөндөрүнүн саны 43 730 болду.+ 8  Палунун уулу Элиап болгон. 9  Элиаптын уулдары: Немуел, Датан, Абырам. Датан менен Абырам жамааттын тандалган өкүлдөрү болушкан. Алар Жахабага каршы чыккан Корактын таламдаштарына+ кошулуп, Муса+ менен Арунга каршы чыгышкан.+ 10  Ошондо жер ачылып, аларды жутуп кеткен. Корак болсо от жалмап кеткен 250 таламдашы менен чогуу өлгөн.+ Алардын окуясы башкаларга сабак болуп калган.+ 11  Бирок Корактын уулдары өлгөн эмес.+ 12  Шымон уруусундагылар:+ Немуелден тарагандар, Жаминден тарагандар, Жахинден тарагандар, 13  Зерактан тарагандар, Шабулдан тарагандар. 14  Булар — Шымон уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 22 200 болду.+ 15  Гат уруусундагылар:+ Зепондон тарагандар, Хагиден тарагандар, Шуниден тарагандар, 16  Озниден тарагандар, Эриден тарагандар, 17  Ароттон тарагандар, Арелиден тарагандар. 18  Булар — Гат уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 40 500 болду.+ 19  Жүйүттүн уулдары+ Эр менен Онан+ Канаан жеринде өлүшкөн.+ 20  Жүйүт уруусундагылар: Шелахтан+ тарагандар, Перестен+ тарагандар, Зерактан+ тарагандар. 21  Перестин урпактары: Кесрондон+ тарагандар, Хамулдан+ тарагандар. 22  Булар — Жүйүт уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 76 500 болду.+ 23  Исахар уруусундагылар:+ Толадан+ тарагандар, Пубадан тарагандар, 24  Жашуптан тарагандар, Шимрондон тарагандар. 25  Булар — Исахар уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 64 300 болду.+ 26  Забулун уруусундагылар:+ Сереттен тарагандар, Элондон тарагандар, Жахлелден тарагандар. 27  Булар — Забулун уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 60 500 болду.+ 28  Жусуптун уулдары:+ Менаше менен Эпрайым.+ 29  Менаше уруусундагылар:+ Махирден+ тарагандар. Махирдин уулу Гилат+ болгон. Гилаттан анын тукумдары тараган. 30  Гилаттын урпактары: Изерден тарагандар, Хелектен тарагандар, 31  Асриелден тарагандар, Шекемден тарагандар, 32  Шемитадан тарагандар, Хеперден тарагандар. 33  Хепердин уулу Салапаттын уулдары болгон эмес, кыздары гана болгон.+ Анын кыздарынын аттары+ Махла, Нух, Хогла, Милка, Тирса эле. 34  Булар — Менаше уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 52 700 болду.+ 35  Эпрайым+ уруусундагылар: Шутелахтан+ тарагандар, Бехерден тарагандар, Тахандан тарагандар. 36  Шутелахтын урпактары: Эрандан тарагандар. 37  Булар — Эпрайым уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 32 500 болду.+ Булар — Жусуптун урпактары. 38  Бенжемин уруусундагылар:+ Беладан+ тарагандар, Ашбелден тарагандар, Акирамдан тарагандар, 39  Шепупамдан тарагандар, Хупамдан тарагандар. 40  Беланын уулдары Арт менен Нааман+ болгон. Арт менен Наамандан алардын тукумдары тараган. 41  Булар — Бенжемин уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 45 600 болду.+ 42  Дан+ уруусундагылар: Шухамдан тарагандар. Булар — Дан уруусундагылар. 43  Шухамдан тарагандардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 64 400 болду.+ 44  Ашыр уруусундагылар:+ Имнактан тарагандар, Ишбиден тарагандар, Бериядан тарагандар. 45  Бериянын урпактары: Хеберден тарагандар, Малкиелден тарагандар. 46  Ашырдын кызынын аты — Серак. 47  Булар — Ашыр уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 53 400 болду.+ 48  Напталы уруусундагылар:+ Жахсилден тарагандар, Гуниден тарагандар, 49  Жесерден тарагандар, Шилемден тарагандар. 50  Булар — Напталы уруусундагылар. Алардын каттоодон өткөндөрүнүн саны 45 400 болду.+ 51  Ысрайылдыктардын каттоодон өткөндөрүнүн жалпы саны 601 730 болду.+ 52  Ошондон кийин Жахаба Мусага: 53  «Аларга санына* жараша менчикке жер бөлүштүрүп бер.+ 54  Саны көптөрүнө көбүрөөк жер бер, ал эми аздарына азыраак бер.+ Ар бир урууга каттоодон өткөндөрүнүн санына жараша бөлүп бер. 55  Жерди бөлүштүрүп жатканда өкчөмө таш* ыргыткыла.+ Ар бир үй-бүлө өз уруусуна бөлүнгөн жерден үлүш алсын. 56  Саны көп урууга да, саны аз урууга да өкчөмө таштын түшкөнүнө жараша жер бөлүштүрүлсүн»,— деди. 57  Леби уруусундагылардын+ каттоодон өткөндөрү булар: Гершондон тарагандар, Кааттан тарагандар,+ Мерариден тарагандар. 58  Лебинин урпактары булар: Либнинин уруктары,+ Хеброндун уруктары,+ Махлинин уруктары,+ Мушинин уруктары,+ Корактын уруктары.+ Кааттын Амрам деген уулу болгон.+ 59  Амрамдын аялынын аты Жохебет+ эле. Ал Лебинин Мисир жеринде төрөлгөн кызы* болчу. Жохебет Амрамга Арунду, Мусаны жана алардын эжеси Мириямды+ төрөп берген. 60  Арундан Надап, Абый, Элазар жана Итамар+ төрөлгөн. 61  Надап менен Абый, Жахаба буйрук кылбаса да, анын алдына от алып келгени үчүн өлүшкөн.+ 62  Леби уруусундагылардын каттоодон өткөн бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин жалпы саны 23 000 болду.+ Аларга ысрайыл элинин арасынан үлүшкө жер берилбегендиктен,+ алар башка ысрайылдыктар менен бирге каттоодон өтүшкөн жок.+ 63  Жерихонун тушунда, Мааптын Иордан дарыясынын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө, Муса менен дин кызматчы Элазар каттап чыккан ысрайылдыктар — ушулар. 64  Алардын арасында Муса менен дин кызматчы Арун Синай чөлүндө каттоодон өткөргөн ысрайылдыктардын бири да болгон жок.+ 65  Анткени Жахаба алар жөнүндө: «Алар чөлдө өлүп жок болушат»,— деп айткан болчу.+ Алардын арасынан Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан+ башка эч ким калган жок.

Шилтемелер

Же: «тизмедеги аттарынын санына».
Же: «урпагы».