Сандар 27:1—23

  • Салапаттын кыздары (1—11)

  • Жашыя Мусанын ордуна дайындалат (12—23)

27  Ошондон кийин Жусуптун уулу Менашенин урпактарынан болгон Салапаттын кыздары+ келишти. Салапат Хепердин, Хепер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин уулу болчу. Салапаттын кыздарынын аттары Махла, Нух, Хогла, Милка, Тирса эле. 2  Алар жолугушуу чатырынын кире беришине, Муса менен дин кызматчы Элазардын, башчылардын+ жана бүт жамааттын алдына келип: 3  «Биздин атабыз чөлдө жүргөндө каза болгон. Бирок ал Корактын таламдаштары+ менен бирге Жахабага каршы чыккан кишилерге кошулган эмес, өз өлүмү менен* өлгөн. Ал эркек бала көргөн эмес. 4  Эркек баласы жок болгондуктан эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калабы? Атабыздын бир туугандарына үлүшкө жер бергендей эле, бизге да бериңиз»,— дешти. 5  Муса бул тууралуу Жахабага айтты.+ 6  Ошондо Жахаба Мусага мындай деди: 7  «Салапаттын кыздары туура айтып жатат. Атасынын бир туугандарына үлүшкө жер бергендей эле, аларга да бер, атасы алышы керек болгон үлүштү ошолорго бер.+ 8  Анан ысрайыл элине мындай деп айт: „Эгер кимдир бирөө эркек бала көрбөй өтүп кетсе, үлүшүн кызына бергиле. 9  Эгер кызы жок болсо, агасына же инисине бергиле. 10  Эгер агасы же иниси жок болсо, атасынын агасына же инисине бергиле. 11  Атасынын бир туугандары жок болсо, анда эң жакын кандаш тууганына бергиле, ал анын үлүшү болот. Жахаба Мусага буйругандай, бул чечим ысрайыл эли үчүн мыйзам болот“». 12  Андан кийин Жахаба Мусага: «Абарым+ тоосуна чыгып, мен ысрайыл элине бере турган жерге көз чаптыр.+ 13  Ал жерди көргөндөн кийин, агаң Арундай болуп,+ ата-бабаларыңдай эле көз жумасың.+ 14  Себеби Зин чөлүндө бүт жамаат мени менен талашып-тартышканда, мен аларга суу чыгарып бергенде, силер буйругумду аткарбай, элдин көз алдында мени даңктаган* эмессиңер.+ Бул Зин чөлүндө,+ Кадештеги+ Мерибадагы+ суунун жанында, болгон»,— деди. 15  Ошондо Муса Жахабага: 16  «Бардыгына өмүр берген Жахаба Кудай жамаатка бирөөнү дайындаса экен. 17  Жахабанын жамааты койчусу жок койлордой болуп калбашы үчүн, ал элге бардык жагынан баш-көз болуп, аларды жетектеп жүрө турган киши болсо экен»,— деди. 18  Жахаба Мусага: «Нундун уулу Жашыя ушул ишке жарайт. Аны алып келип, үстүнө колуңду кой.+ 19  Аны дин кызматчы Элазар менен бүт жамааттын алдына тургузуп, алардын көзүнчө жол башчы кылып дайында.+ 20  Бүт ысрайыл жамааты анын тилин алышы үчүн,+ ага бийлигиңден* бер.+ 21  Ал дин кызматчы Элазарга барганда, Элазар уримди*+ колдонуп Жахабанын чечимдерин билип, ага айтып берип турат. Ал чечимдерге баары: Жашыя да, аны менен бирге бүт ысрайылдыктар, бүт жамаат да баш иет»,— деди. 22  Муса баарын Жахаба айткандай кылды. Ал Жашыяны алып келип, дин кызматчы Элазар менен бүт жамааттын алдына тургузду. 23  Анан, Жахаба айткандай,+ анын үстүнө колдорун коюп, жол башчы кылып дайындады.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «өз күнөөсү үчүн».
Сөзмө-сөз: «ыйыктаган».
Же: «кадыр-баркыңдан».