Сандар 28:1—31

  • Курмандыктын ар кандай түрүнө байланыштуу көрсөтмөлөр (1—31)

    • Күн сайын чалынган курмандыктар менен тартуулар (1—8)

    • Дем алыш күнү чалынган курмандыктар менен тартуулар (9, 10)

    • Ай сайын чалынган курмандыктар менен тартуулар (11—15)

    • Куткарылуу майрамында чалынган курмандыктар менен тартуулар (16—25)

    • Жумалар майрамында чалынган курмандыктар менен тартуулар (26—31)

28  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: 2  «Ысрайыл элине мага арнап тамак катары тартуу алып келишин буйрук кыл; аны белгиленген убакта+ жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу катары алып келишсин. 3  Аларга мындай деп айт: „Күн сайын Жахабага арнап өрттөлчү тартуу катары бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка кемтиги жок бир жашар 2 эркек козу алып келгиле.+ 4  Алардын бирин эртең менен, экинчисин күүгүмдө курмандыкка чалгыла.+ 5  Ар бирине кошуп дан азыктарынан тартуу катары эң жакшы ундан бир килограммдай* алып келгиле, ал ун бир литр* зайтун майына аралаштырылган болсун.+ 6  Бул — Синай тоосунда буйрук кылынган, дайыма чалышыңар керек болгон бүтүндөй өрттөлчү курмандык,+ Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу. 7  Ошондой эле ар бир козуга кошуп бир литр суюк тартуу алып келгиле.+ Ал ичимдикти суюк тартуу катары Жахабага арнап курмандык жайына* төккүлө. 8  Экинчи козуну күүгүмдө курмандыкка чалгыла. Аны эртең мененкидей дан азыктарынан алынып келген тартуу жана суюк тартуу менен бирге Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлчү, жыты жагымдуу курмандык катары чалгыла.+ 9  Ал эми дем алыш күнү+ кемтиги жок бир жашар 2 эркек козу, ага кошуп дан азыктарынан алынып келген тартуу катары май аралаштырылган эң жакшы ундан эки килограммдай*, ошондой эле суюк тартуу алып келгиле. 10  Бул — дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандык менен анын суюк тартуусунан сырткары, дем алыш сайын чалына турган бүтүндөй өрттөлчү курмандык.+ 11  Ар бир айдын башында Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка 2 букачар, 1 кочкор, кемтиги жок бир жашар 7 эркек козу алып келгиле.+ 12  Ар бир букачарга кошуп дан азыктарынан+ алынып келген тартуу катары май аралаштырылган эң жакшы ундан үч жарым килограммдай*, ал эми кочкорго+ кошуп май аралаштырылган эң жакшы ундан эки килограммдай алып келгиле. 13  Ошондой эле ар бир козуга кошуп дан азыктарынан алынып келген тартуу катары май аралаштырылган эң жакшы ундан бир килограммдай алып келгиле. Булар — бүтүндөй өрттөлчү курмандык, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу.+ 14  Суюк тартуу катары ар бир букачарга кошуп эки литрдей* шарап,+ кочкорго кошуп бир литрден бир аз көбүрөөк* шарап,+ ал эми ар бир козуга кошуп бир литр шарап алып келгиле.+ Бул — жылдын ар бир айында алынып келчү бүтүндөй өрттөлчү курмандык. 15  Дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктан, ага кошуп алынып келчү суюк тартуудан сырткары күнөө үчүн курмандыкка Жахабага арнап бир улак алып келгиле. 16  Биринчи айдын он төртүнчү күнү — Жахабага арналган Куткарылуу майрамы.+ 17  Ошол эле айдын он бешинчи күнү да майрам. 7 күн бою калама жегиле.+ 18  Анын биринчи күнүндө ыйык жыйын болот. Эч кандай оор жумуш жасабагыла. 19  Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка 2 букачар, 1 кочкор, бир жашар 7 эркек козу алып келгиле. Алардын кемтиги жок болсун.+ 20  Ар бир букачарга кошуп дан азыктарынан алынып келген тартуу катары май аралаштырылган эң жакшы ундан үч жарым килограммдай,+ кочкорго кошуп эки килограммдай, 21  ал эми 7 козунун ар бирине кошуп бир килограммдай алып келгиле. 22  Күнөөдөн арылышыңар үчүн күнөө курмандыгына бир теке алып келгиле. 23  Эртең менен чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктан, дайыма чалынчу курмандыктан, сырткары ушуларды алып келгиле. 24  Буларды 7 күн бою Жахабага арналган тамак катары, жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу катары, ушундай кылып алып келгиле. Булардын баарын дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка жана анын суюк тартуусуна кошуп алып келгиле. 25  Жетинчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө.+ Эч кандай оор жумуш жасабагыла.+ 26  Биринчи түшүмдү жыйнаган күнү+ Жахабага жаңы дандан тартуу алып келгениңерде,+ Жумалар майрамын*+ белгилегениңерде, ыйык жыйын өткөргүлө. Эч кандай оор жумуш жасабагыла.+ 27  Жахабага арнап жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу катары бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка 2 букачар, 1 кочкор, бир жашар 7 эркек козу алып келгиле.+ 28  Ар бир букачарга кошуп дан азыктарынан алынып келген тартуу катары май аралаштырылган эң жакшы ундан үч жарым килограммдай, кочкорго кошуп эки килограммдай, 29  ал эми 7 козунун ар бирине кошуп бир килограммдай алып келгиле. 30  Ошондой эле күнөөдөн арылышыңар үчүн бир улак алып келгиле.+ 31  Дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктан жана анын дан азыктарынан алынып келген тартуусунан сырткары ушуларды алып келгиле. Курмандыкка алынып келген малдын кемтиги жок болсун.+ Ал курмандыктар менен кошо суюк тартуу алып келгиле.

Шилтемелер

Же: «эйфанын ондон бир бөлүгүн». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «гиндин төрттөн бир бөлүгү».
Сөзмө-сөз: «ыйык жерге».
Же: «эйфанын ондон эки бөлүгүн».
Же: «эйфанын ондон үч бөлүгүн».
Сөзмө-сөз: «гиндин үчтөн бир бөлүгү».
Сөзмө-сөз: «жарым гин».