Сандар 33:1—56
33 Муса менен Арундун жетеги алдында+ Мисирден+ топ-топ* болуп чыккан+ ысрайыл эли бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп отурду.
2 Жахабанын буйругу боюнча, Муса алардын кайсы жерден чыгып, кайсы жерге барганын жазып алып жатты. Алар убактылуу токтоп, кайра жолго чыккан жерлер булар:+
3 биринчи айдын он бешинчи күнү+ ысрайыл эли Раамсестен+ чыкты. Куткарылуу майрамынын+ эртеси күнү алар мисирликтердин баарынын көзүнчө жеңүүчүлөрдөй болуп чыгып кетишти.
4 Ал убакта мисирликтер Жахаба өлтүргөн тун балдарынын баарын көмүп жатышкан эле.+ Жахаба ошондо алардын кудайларына чыгарган өкүмүн ишке ашырган болчу.+
5 Ошентип, ысрайылдыктар Раамсестен чыгып, чатырларын Сукотко+ тигишти.
6 Анан Сукоттон чыгып, чатырларын чөлдүн четиндеги Этамга тигишти.+
7 Этамдан чыккандан кийин Баал-Сепондун тушундагы Пиахиротко бурулуп, Мигдолдун тушуна тигишти.+
8 Пиахироттон чыккандан кийин деңизден өтүп,+ чөлдү көздөй жөнөштү.+ Этам+ чөлү менен 3 күн жол жүргөндөн кийин чатырларын Марага+ барып тигишти.
9 Марадан чыгып, Элимге барышты. Ал жерде 12 булак, 70 курма дарагы бар эле. Ошон үчүн чатырларын ошол жерге тигишти.+
10 Элимден чыгып, чатырларын Кызыл деңиздин жанына тигишти.
11 Кызыл деңизден чыгып, Син чөлүнө тигишти.+
12 Син чөлүнөн чыгып, чатырларын Допкага тигишти.
13 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Допкадан чыгып, чатырларын Алушка тигишти.
14 Алуштан чыгып, Репидимге тигишти.+ Бирок ал жерде ичкенге суу жок эле.
15 Репидимден чыгып, чатырларын Синай чөлүнө тигишти.+
16 Синай чөлүнөн чыгып, чатырларын Киброт-Хатабага тигишти.+
17 Киброт-Хатабадан чыгып, Хазеротко тигишти.+
18 Хазероттон чыгып, Ритмага тигишти.
19 Ритмадан чыгып, чатырларын Римон-Переске тигишти.
20 Римон-Перестен чыгып, Либнага тигишти.
21 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Либнадан чыгып, чатырларын Рисага тигишти.
22 Рисадан чыгып, Кехелатка тигишти.
23 Кехелаттан чыгып, чатырларын Шепер тоосунун жанына тигишти.
24 Шепер тоосунан кетип, Харатка барышты да, чатырларын ошол жерге тигишти.
25 Хараттан чыгып, Макелотко тигишти.
26 Макелоттон чыгып,+ Тахатка тигишти.
27 Тахаттан чыгып, чатырларын Терахка тигишти.
28 Терахтан чыгып, Миткага тигишти.
29 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Миткадан чыгып, чатырларын Хашмонго тигишти.
30 Хашмондон чыгып, Мосерага тигишти.
31 Мосерадан чыгып, Бене-Жааканга тигишти.+
32 Бене-Жаакандан чыгып, Хор-Хагидгатка тигишти.
33 Хор-Хагидгаттан чыгып, Жотпатка тигишти.+
34 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Жотпаттан чыгып, чатырларын Абронго тигишти.
35 Аброндон чыгып, Эсион-Геберге тигишти.+
36 Эсион-Геберден чыгып, чатырларын Зин чөлүнө,+ тактап айтканда, Кадешке тигишти.
37 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Кадештен чыгып, чатырларын Эдомдун чек арасындагы Ор тоосунун+ жанына тигишти.
38 Дин кызматчы Арун, Жахабанын буйругу боюнча, Ор тоосуна чыгып, ысрайыл элинин Мисирден чыкканына 40 жылдын жүзү болгондо, бешинчи айдын биринчи күнү ошол жерде көз жумду.+
39 Ор тоосунда көз жумганда Арун 123 жашта эле.
40 Ошол кезде Араттын падышасы,+ Канаан жериндеги Негепте жашаган канаандык падыша, ысрайыл элинин келгенин укту.
41 Бир нече убакыт өткөндөн кийин алар Ор тоосунан+ кетип, Салмонго барышты да, чатырларын ошол жерге тигишти.
42 Салмондон чыгып, Пунонго тигишти.
43 Пунондон чыгып, Оботко тигишти.+
44 Оботтон чыгып, Мааптын чек арасындагы Эй-Абаримге* тигишти.+
45 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Ийимден* чыгып, чатырларын Дибон-Гатка+ тигишти.
46 Дибон-Гаттан чыгып, Алмон-Диблатайымга тигишти.
47 Алмон-Диблатайымдан чыгып, чатырларын Небонун+ тушундагы Абарым тоолоруна+ тигишти.
48 Акыр-аягы, Абарым тоолорунан кетип, Жерихонун+ тушуна, Иордандын берки өйүзүндөгү Мааптын чөлдүү түздүктөрүнө, чатырларын тигишти.
49 Алар чатырларын Иордандын жанындагы Мааптын чөлдүү түздүктөрүндөгү Бет-Жешимоттон тартып Абыл-Шитимге+ чейин тигишти.
50 Жерихонун тушунда, Мааптын Иордан дарыясынын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө, Жахаба Мусага мындай деди:
51 «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Силер Канаан жерине барыш үчүн Иордандан өткөнү жатасыңар.+
52 Ал жердин бардык тургундарын кууп чыгып, таштан жасаган сөлөкөттөрү+ менен темирден куйган буркандарынын+ баарын талкалагыла, ыйык көргөн бийик жерлеринин* баарын кыйраткыла.+
53 Ал жерди ээлеп, анда жашагыла, анткени мен аны силерге ээлесин деп берип жатам.+
54 Өкчөмө таш ыргытып,+ ал жерди урууларыңарга, үй-бүлөлөрүңөргө бөлүштүрүп бергиле. Саны көп үй-бүлөлөргө менчикке көбүрөөк жер бергиле, аздарына азыраак бергиле.+ Өкчөмө таш боюнча кимге каяктан жер тийсе, ошол анын үлүшү болот. Үлүш жерди урууларыңар боюнча аласыңар.+
55 Эгерде ал жердин тургундарын толугу менен кууп чыкпай,+ айрымдарын калтырып койсоңор, анда алар силер үчүн көзүңөрдү өйкөгөн кыпындай, эки капталыңарга сайылган тикендей болот. Жашаган жериңерде силерди жөн коюшпайт.+
56 Ошондо аларга жиберем деген жазаны силерге жиберем“».+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «аскер кошуундарындай».
^ 45-аятта «Ийим» делет.
^ Сыягы, Эй-Абаримдин кыскартылып айтылышы.