Сандар 36:1—13

  • Үлүшкө жер алган кыздын турмушка чыгышына байланыштуу мыйзам (1—13)

36  Жусуптун уулу Менашенин небереси, Махирдин+ уулу Гилаттын урпактарынын урук башчылары Муса менен башчыларга — ысрайыл элинин урук башчыларына — барып, мындай дешти: 2  «Мырзам, Жахаба сизге жерди ысрайыл элине өкчөмө таш ыргытып+ бөлүштүрүп бер деп буйрук кылган эмес беле. Жахаба сизге тууганыбыз Салапаттын үлүш жерин кыздарына бер деп да буйрук кылган.+ 3  Бирок эгер алар башка уруудагы эркектерге турмушка чыкса, анда алардын үлүш жери биздин аталарыбыздын үлүшүнөн бөлүнүп, ошол уруунукуна кошулуп калат да. Ошентип, алардын үлүшү өкчөмө таш боюнча бизге тийген үлүштөн бөлүнүп калат. 4  Анан Эркиндикке чыгуу жылы+ белгиленгенде, ал кыздардын үлүш жери күйөөлөрүнүн уруусунун үлүшүнө кошулуп калат. Ошентип, алардын үлүшү аталарыбыздын уруусуна таандык болбой калат». 5  Ошондо Муса, Жахабанын буйругу боюнча, ысрайылдыктарга мындай көрсөтмө берди: «Жусуптун урпактары туура айтып жатат. 6  Жахаба Салапаттын кыздары жөнүндө мындай деди: „Алар өздөрүнө жаккан кишиге турмушка чыкса болот. Бирок атасынын уруусундагы эркектерге гана чыгышсын. 7  Ар бир ысрайылдык ата-бабаларынын уруусунун үлүш жерин сакташы үчүн, алардын үлүшү бир уруудан экинчи урууга өтпөшү керек. 8  Ысрайыл элиндеги үлүшкө жер алган ар бир кыз атасынын уруусундагы эркекке гана турмушка чыгышы керек.+ Ошондо ысрайылдыктардын ар бири өз ата-бабаларына тийген үлүш жерди сактап калат. 9  Ысрайыл элинин ар бир уруусу өзүнө бөлүнгөн үлүштү сакташы үчүн, бир да үлүш жер бир уруудан экинчи урууга өтпөшү керек“». 10  Жахаба Мусага кандай буйруса, Салапаттын кыздары так ошондой кылышты.+ 11  Махла, Тирса, Хогла, Милка жана Нух+ атасынын ага-инилеринин балдарына турмушка чыгышты. 12  Өздөрүнүн үлүш жери атасынын уруусуна таандык бойдон калышы үчүн, алар Жусуптун уулу Менашенин тукумдарынан болгон эркектерге турмушка чыгышты. 13  Булар — Жахабанын Жерихонун тушунда,+ Мааптын Иордан дарыясынын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө, Муса аркылуу ысрайыл элине берген осуяттары менен мыйзамдары.

Шилтемелер