Сандар 4:1—49
4 Жахаба Муса менен Арунга мындай деди:
2 «Лебинин уулдарынын ичинен Кааттын урпактарын+ уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөргүлө.
3 Жолугушуу чатырындагы иштерди кылганга дайындалган топтогу 30 жаштан+ 50 жашка+ чейинки эркектердин баарын санап чыккыла.+
4 Кааттын урпактарынын жолугушуу чатырында кылган кызматы+ абдан ыйык нерселер менен байланыштуу.
5 Кошуун жолго чыгарда, Арун менен уулдары келип, келишим сандыгын тосуп турган көшөгөнү+ чечип, аны келишим сандыгына жабышсын.+
6 Анын үстүнөн түлөндүн* терисинен жасалган жабууну, ал эми анын үстүнөн көк кездеме жаап, келишим сандыгынын шыргыйларын+ киргизишсин.
7 Алар Кудайдын алдына коюлушу керек болгон нандар турчу үстөлгө+ көк кездемени жайып, үстүнө идиштерди, чөйчөктөрдү, суюк тартууларды куя турган кумаралар менен табактарды коюшсун.+ Андан кийин нандарды да кайра үстөлдүн үстүнө коюшсун.+
8 Анан алардын баарынын үстүнө ачык кызыл түстөгү жабууну, анын үстүнөн түлөндүн терисинен жасалган жабууну жаап, үстөлдүн шыргыйларын+ киргизишсин.
9 Көк кездеме алып, чыракпаянын,+ анын чырактарынын,+ биликтин күйүгүн ала турган кычкачтардын, биликтин күйүгү салынчу идиштердин,+ чырак май куюла турган идиштердин үстүнө жабышсын.
10 Анан чыракпая менен ага тиешелүү нерселердин баарын түлөндүн терисинен жасалган жабууга ороп, замбилге салышсын*.
11 Алтындан жасалган жыпарзат түтөткүчтүн*+ үстүнө көк кездеме, ал эми анын үстүнөн түлөндүн терисинен жасалган жабууну жаап, жыпарзат түтөткүчтүн шыргыйларын+ киргизишсин.
12 Анан ыйык жердеги кызматка колдонулчу башка бардык нерселерди+ да алып, көк кездемеге ороп, үстүнө түлөндүн терисинен жасалган жабууну жаап, замбилге салышсын.
13 Курмандык жайындагы+ күлдү* чыгарып, курмандык жайынын үстүнө кызгылт көк жиптен токулган жабууну жайышсын.
14 Анын үстүнө курмандык жайына байланышкан кызматка колдонулчу нерселердин баарын:+ чок салгычтарды, айрыларды, калактарды, чараларды коюп, үстүнө түлөндүн терисинен жасалган жабууну жаап, курмандык жайынын шыргыйларын+ киргизишсин.
15 Кошуун жолго чыгарда, Арун менен уулдары ыйык жайга+ тиешелүү нерселер менен бардык буюм-тайымдарын жаап бүтүшсүн. Ошондон кийин аларды көтөрүш үчүн Кааттын уулдары келишсин.+ Бирок өлүп калбашы үчүн, ыйык жайдагы нерселерге тийишпесин.+ Кааттын уулдары жолугушуу чатырындагы ушул нерселерди көтөрүп жүргөнгө милдеттүү.
16 Дин кызматчы Арундун уулу Элазарга+ чырак май,+ жыпарзат,+ дан азыктарынан дайыма алынып келчү тартуу, ыйык май*+ тапшырылсын. Ал ыйык чатырга, андагы нерселердин бардыгына, анын ичинде ыйык жай менен ага тиешелүү бардык нерселерге жооптуу болушу керек».
17 Жахаба Муса менен Арунга дагы мындай деди:
18 «Кааттын+ тукумдарынын жазаланып, лебилердин арасынан жок кылынышына жол бербегиле.
19 Алар абдан ыйык нерселерге+ жакындап өлүп калбашы үчүн, мындай кылгыла: Арун менен уулдары келип, алардын ар бирине эмне кызмат аткарып, эмне көтөрүшү керектигин айтышсын.
20 Алар ыйык нерселерге жөн эле карап коюш үчүн да жакындабашы керек. Болбосо өлүп калышат».+
21 Анан Жахаба Мусага мындай деди:
22 «Гершондун урпактарын+ уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөр.
23 Жолугушуу чатырындагы иштерди кылганга дайындалган топтогу 30 жаштан 50 жашка чейинки эркектеринин баарын каттап чык.
24 Гершондун урпактарына тапшырылган, алар ташый турган нерселер булар:+
25 ыйык чатырдын жабуулары,+ анын ички жана сырткы жабуулары, үстүндөгү түлөндүн терисинен жасалган жабуу,+ чатырдын кире беришиндеги көшөгө,+
26 ыйык чатыр менен курмандык жайын короолош үчүн тартылган кездемелер,+ ошол короонун кире беришин тоскон көшөгө,+ короонун жиптери менен башка нерселеринин баары жана чатырдагы кызматка керектүү буюм-тайымдардын баары. Бул — алардын милдети.
27 Гершондун урпактары+ аткара турган иштердин баарына, алар ташый турган нерселерге Арун менен анын уулдары көзөмөл кылсын. Аларга ушул буюм-тайымдардын баарын тапшыргыла. Бул — алардын милдети.
28 Гершондун тукумдары жолугушуу чатырында+ дин кызматчы Арундун уулу Итамардын+ көзөмөлү астында ушул милдетин аткарышы керек.
29 Мераринин урпактарын+ уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөр.
30 Жолугушуу чатырындагы иштерди кылганга дайындалган топтогу 30 жаштан 50 жашка чейинки эркектеринин баарын каттап чык.
31 Алардын жолугушуу чатырында аткара турган милдети, ташый турган нерселери булар:+ ыйык чатырдын кашектери,+ шыргыйлары,+ мамылары,+ оюгу бар таканычтары,+
32 жолугушуу чатырын курчап турган короонун мамылары,+ алардын оюгу бар таканычтары,+ казыктары,+ жиптери, ушуларга тиешелүү жана керектелчү бардык нерселер. Алардын ар бирине эмнени ташый турганын айткыла.
33 Мераринин тукумдары+ жолугушуу чатырында дин кызматчы Арундун уулу Итамардын көзөмөлү астында ушул кызматты аткарышы керек».+
34 Муса, Арун, жамаат башчылары+ Кааттын урпактарын+ уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөрүштү.
35 Жолугушуу чатырындагы иштерди кылганга дайындалган топтогу 30 жаштан 50 жашка чейинки эркектеринин баарын катташты.+
36 Өз уругу боюнча каттоодон өткөндөрдүн саны 2 750 болду.+
37 Жахабанын Мусага берген буйругу боюнча Муса менен Арун каттап чыккан+ Кааттын тукумдары — ушулар. Булардын баары жолугушуу чатырында кызмат кылышкан.
38 Гершондун урпактары+ уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөрүлдү.
39 Жолугушуу чатырындагы иштерди кылганга дайындалган топтогу 30 жаштан 50 жашка чейинки бардык эркектеринин,
40 уругу, тукуму боюнча катталгандардын, саны 2 630 болду.+
41 Жахабанын буйругу боюнча Муса менен Арун каттоодон өткөргөн Гершондун тукумдары — ушулар. Булардын баары жолугушуу чатырында кызмат кылышкан.+
42 Мераринин урпактары уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөрүлдү.
43 Жолугушуу чатырындагы иштерди кылганга дайындалган топтогу 30 жаштан 50 жашка чейинки бардык эркектеринин,+
44 уругу боюнча катталгандардын, саны 3 200 болду.+
45 Жахабанын Мусага берген буйругу боюнча Муса менен Арун каттоодон өткөргөн Мераринин тукумдары — ушулар.+
46 Ошентип, Муса, Арун жана ысрайыл элинин башчылары ушул лебилердин баарын уругу, тукуму боюнча каттоодон өткөрүштү.
47 Алардын баары жолугушуу чатырына тиешелүү ар кандай буюм-тайымдарды ташыганга,+ кызмат кылганга дайындалган 30 жаштан 50 жашка чейинки эркектер болчу.
48 Каттоодон өткөндөрдүн жалпы саны 8 580 болду.+
49 Жахабанын буйругуна ылайык, Муса аларды аткарган кызматы, ташыган буюм-тайымдары боюнча каттап чыкты. Алар, Жахаба Мусага буйрук кылгандай, каттоодон өтүштү.
Шилтемелер
^ Тюлень.
^ Сөзмө-сөз: «устундун үстүнө коюшсун».
^ Же: «курмандык жайынын».
^ Же: «май сиңген күлүн». Башкача айтканда, курмандыкка чалынган малдын майы сиңген күл.
^ Мындай май кимдир бирөөнү кызматка дайындаганда майлоо үчүн колдонулчу.