Сандар 5:1—31

  • Таза эмес болуп калгандарды өзүнчө бөлүү (1—4)

  • Күнөөнү моюнга алуу, зыяндын ордун толтуруу (5—10)

  • Ойноштук кылды деп шектелген аялды суу ичирип текшерүү (11—31)

5  Жахаба Мусага: 2  «Ысрайыл элине пес оорулуулардын,+ денесинен бир нерсе аккандардын*,+ өлгөн кишиге тийип таза эмес+ болуп калгандардын баарын конуштан чыгарып салууну буйрук кыл. 3  Эркек болобу, аял болобу, андай адамдарды чыгарып таштагыла. Мен элимдин арасында болгондуктан,+ элимдин конуштарын арамдабашы үчүн,+ андайларды конуштан чыгарып таштагыла»,— деди. 4  Ысрайыл эли так ошондой кылды: аларды конуштан чыгарып салышты. Жахаба Мусага кандай буйруса, ысрайыл эли так ошондой кылды. 5  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 6  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Эгерде эркек же аял кимдир бирөөгө кандайдыр бир жамандык кылып, Жахабанын алдында күнөө кылса, айыптуу болот.+ 7  Ал күнөөсүн мойнуна алып,+ келтирилген зыяндын ордун толтуруп, үстүнө ошол нерсенин баасынын 20 пайызын кошуп берсин.+ Аны зыян тарткан кишиге төлөп берсин. 8  Эгер жабыр тарткан киши өлүп калса жана анын жакын тууганы жок болсо, келтирген зыяндын баасын Жахабага төлөп бериши керек. Ал төлөгөн нерсе күнөөдөн арылышы үчүн алынып келген кочкор менен бирге дин кызматчыныкы болот. Дин кызматчы кочкорду курмандыкка чалып, ал кишини күнөөдөн арылтат.+ 9  Ысрайыл эли дин кызматчыга алып келе турган ыйык тартуулардын баары+ дин кызматчыга таандык болот.+ 10  Ар бир киши алып келген ыйык нерсе дин кызматчыныкы болот. Эмне алып келбесин, дин кызматчыныкы болот“». 11  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 12  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Эгер кимдир бирөөнүн аялы түз жолдон чыгып, күйөөсүнүн көзүнө чөп салса: 13  аны менен башка эркек жатса,+ бирок күйөөсү билбей калып, ал иш жашыруун бойдон калса, тактап айтканда, аял өзүн ошентип арамдап, бирок күбө жок болгондуктан, бети ачылбаса, 14  анан күйөөсү кызганып, аялынын ак экенинен шек санай баштаса, аялы чынында эле арам ишке барганбы же жокпу, 15  ал киши аялын дин кызматчыга алып барсын. Ошондой эле аялы үчүн тартуу катары арпа унунан 1 килограмм* алып барсын. Тартуунун үстүнө май куйбасын, ладан* кошпосун. Анткени ал — кызгангандыктан алынып келген жана күнөө жөнүндө эскертип турган тартуу, дан азыктарынан алынып келген тартуу. 16  Дин кызматчы ал аялды алдыга чыгарып, Жахабанын алдына тургузсун.+ 17  Анан чопо идишке таза суудан* куюп, ага ыйык чатыр турган жердин топурагынан салсын. 18  Ошентип, аялды Жахабанын алдына тургузуп, чачын коё берсин да, дан азыктарынан алынып келген жана күнөөсүн эстетип турган тартууну — кызгангандыктан алынып келген тартууну+ — анын алаканына койсун. Өзү болсо колуна каргышка калтыра турган ачуу сууну алсын.+ 19  Анан аялды каргантып, ага мындай десин: “Эгер башка эркек сени менен жатпаган болсо, түз жолдон чыгып, күйөөңдүн+ көзүнө чөп салып өзүңдү арамдабаган болсоң, анда каргышка калтыра турган бул ачуу суудан эч кандай зыян тартпайсың. 20  Ал эми күйөөң бар болуп туруп, өзүңдү арамдап, башка эркек менен жаткан болсоң...”+ 21  Анан дин кызматчы аялды “эгер ошондой ишке барган болсом, каргышка калайын” деп каргантып, ага: “Жахаба эл арасында каргыш айтылганда же ант берилгенде сенин атың айтылгыдай кылсын, Жахаба жатыныңды* кууратып, ичиңди шишитсин. 22  Каргышка калтыра турган бул сууну ичкениңде жатының куурап, ичиң шишийт”,— десин. Ошондо аял: “Оомийн*! Оомийн!” — деп айтсын. 23  Дин кызматчы бул каргыш сөздөрдү китепке жазып, аларды ачуу сууга жуусун. 24  Андан кийин каргышка калтыра турган ошол ачуу сууну аялга ичирсин. Сууну ичкенден кийин аял кыйналат. 25  Дин кызматчы аялдын колунан дан азыктарынан алынып келген тартууну — кызганычтан улам алынып келген тартууну+ — алып, Жахабанын алдында ары-бери чайпагандан кийин курмандык жайына алып барсын. 26  Анан ал тартуудан бир ууч алсын. Бүт тартууну билдирген ошол бир ууч унду курмандык жайында өрттөсүн.+ Андан кийин аялга сууну ичирсин. 27  Эгерде аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, өзүн арамдаган болсо, дин кызматчы каргышка калтыра турган сууну ичиргенден кийин, аялдын ичи шишип, жатыны куурап кыйналат. Эл бирөөнү каргаганда ошол аялдын атын айтып каргайт. 28  Ал эми аял өзүн арамдабаган болсо, ак болсо, минтип жазаланбайт; анын боюна бүтүп, балалуу болот. 29  Бул — кызганыч жөнүндөгү мыйзам.+ Кайсы бир аял күйөөсү бар болуп туруп, түз жолдон чыгып, өзүн арамдаган болсо 30  же күйөөсү кызганып, аялынын ак экенине шектенсе, аны Жахабанын алдына алып барсын. Анан дин кызматчы ушул мыйзамга ылайык иш кылсын. 31  Ошондо күйөөсү айыптуу болбойт, аялы болсо күнөөсү үчүн жооп берет“».

Шилтемелер

Бул аятта оорунун айынан жыныс мүчөсүнөн бир нерсе аккандар жөнүндө сөз жүрүп жатат.
Же: «эйфанын ондон бир бөлүгүн». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «ыйык суудан».
Сыягы, бул жерде көбөйүү органдары жөнүндө сөз жүрүп жатат.