Сандар 6:1—27
6 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Кайсы бир эркек же аял Жахабанын алдында назир*+ болуш үчүн өзгөчө ант берсе,
3 ал шарап менен башка ичимдиктерди оозуна албасын. Шараптан же башка ичимдиктен жасалган кычкыл суюктук да, жүзүмдөн жасалган суусундук да ичпесин.+ Жүзүм жебесин, анын кургатылганын да жебесин.
4 Назир болуп жүргөн күндөрүндө жүзүмдүн эч нерсесин, быша элек мөмөсүн да, кабыгын да жебесин.
5 Назирлик анты күчүндө болуп турган кезде анын башына устара тийбесин.+ Жахабага кызмат кылыш үчүн бөлүнгөн күндөрү бүткөнгө чейин, чачын өстүрүп, ыйык бойдон калсын.
6 Өзүн Жахабага кызмат кылыш үчүн бөлүп койгон күндөрү өлгөн кишиге жакындабасын.
7 Атүгүл атасы, энеси, ага-иниси, эже-карындашы же сиңдиси өлгөндө да, өзүн арамдабашы керек,+ анткени анын башында Кудайынын алдында назир экенин көрсөткөн белгиси бар.
8 Назир болгон күндөрүнүн баарында ал Жахаба үчүн ыйык болот.
9 Эгер жанындагы бирөө кокустан өлүп калып,+ Кудайга кызмат кылыш үчүн бөлүнгөнүн көрсөткөн чачы бар кезде өзүн арамдап алса, анда тазалана турган күнү чачын кырдырсын.+ Чачын жетинчи күнү кырдырсын.
10 Ал эми сегизинчи күнү дин кызматчыга, жолугушуу чатырынын кире беришине эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин.
11 Ал өлгөн кишинин сөөгүнө тийип күнөө кетиргендиктен, дин кызматчы алардын бирин күнөө үчүн курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалып, аны күнөөдөн арылтат.+ Анан назир ошол эле күнү өзүн* ыйыктасын.
12 Ошентип, Жахабага кызмат кылыш үчүн бөлүнүп, кайрадан назир катары жашай баштасын жана айып үчүн курмандыкка бир жашка чейинки эркек козу алып келсин. Анын назир болгон мурунку күндөрү эсепке кирбейт, анткени ал назирлигин арамдап алды.
13 Назир жөнүндөгү мыйзам мындай: назир болгон күндөрү бүткөндө,+ аны жолугушуу чатырынын кире беришине алып келишет.
14 Ошол жактан ал Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка бир жашка чейинки кемтиги жок эркек козу,+ күнөө үчүн курмандыкка бир жашка чейинки кемтиги жок ургаачы козу,+ тынчтык курмандыгына кемтиги жок бир кочкор тартуу кылат.+
15 Аларга кошуп эң жакшы ундан ачыткы кошулбай, май аралаштырылып жасалган ортосу оюк токочтор менен үстүнө май сыйпалган каламалар салынган себетти, дан азыктарынан алынып келген тартуу+ менен суюк тартууну берет.+
16 Дин кызматчы булардын баарын Жахабанын алдына коёт да, күнөө үчүн курмандык менен бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты чалат.
17 Анан Жахабага арнап тынчтык курмандыгына кочкорду чалат. Ага кошуп каламалар салынган себетти, дан азыктарынан алынып келген тартуу+ менен суюк тартууну тартуу кылат.
18 Назир жолугушуу чатырынын кире беришинде назирлигин билдирген чачын+ алып, тынчтык курмандыгынын астындагы отко таштасын.
19 Ал назирлигин билдирген чачын алгандан кийин, дин кызматчы кочкордун бышкан+ далысын, себеттеги ортосу оюк токоч менен каламадан бирди алып, анын колуна койсун.
20 Анан дин кызматчы ошонун баарын Жахабанын алдында чайпалта турган курмандык катары ары-бери чайпасын.+ Кочкордун далысы чайпалта турган курмандык катары алынып келген төш жана ыйык үлүш катары берилген саны менен бирге дин кызматчыныкы болот.+ Ошондон кийин назир шарап ичсе болот.
21 Эгер назир Жахабага назирлерден+ талап кылынган тартуулардан сырткары дагы башка тартуу алып келе алса жана аны алып келем деп ант берсе, берген антына жараша иш кылышы керек. Бул — ант берген назир жөнүндөгү мыйзам“».
22 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
23 «Арун менен уулдарына мындай деп айт: „Ысрайыл элине мындай деп бата бергиле:+
24 “Жахаба силерге батасын берсин,+ силерди сактасын.
25 Жахаба силерге ыраазы болуп*, ырайым кылсын.+
26 Жахаба силерге жакшылык кылып*, тынчтык берсин”“.+
27 Алар ысрайыл элине бата бергенде менин атымды айтып бата беришсин,+ ошондо мен элиме батамды берем».+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «башын». Сыягы, бул чачын кайра өстүрө баштаганын билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «жүзүнүн жарыгын чачсын».
^ Сөзмө-сөз: «жүзүн бурсун».