Сандар 7:1—89
-
Ыйык чатырды Кудайга арнаганда алынып келген тартуулар (1—89)
7 Муса ыйык чатырды тургузуп бүткөн күнү+ аны жана ага тиешелүү нерселердин баарын,+ ошондой эле курмандык жайы менен ага тиешелүү нерселердин баарын майлап, ыйыктады.+ Ал аларды майлап, ыйыктагандан кийин,+
2 Ысрайылдын башчылары+ — уруу башчылары — тартуу алып келишти. Алар элди каттаганга жооптуу уруу башчылары эле.
3 Алар Жахабага арнап үстү жабык 6 араба менен 12 бука алып келишти. Эки башчы биригип бир арабадан жана ар бир башчы бир букадан жолугушуу чатырынын алдына алып келди.
4 Ошондо Жахаба Мусага:
5 «Алар алып келгендин баарын ал, себеби анын баары жолугушуу чатырындагы кызматка керек. Анан аларды лебилерге, кимисине канча керек болсо, ошончодон бөлүштүрүп бер»,— деди.
6 Муса арабалар менен букаларды алып, лебилерге берди.
7 Ал Гершондун тукумдарына аткарган кызматына+ жараша 2 араба менен 4 бука берди.
8 Мераринин тукумдарына болсо аткарган кызматына жараша 4 араба менен 8 бука берди. Алар дин кызматчы Арундун уулу Итамардын көзөмөлүндө болчу.+
9 Ал эми Кааттын тукумдарына эч нерсе берген жок, анткени алар ыйык жайдагы кызматта колдонулган нерселерди+ ийиндерине көтөрүп жүрүшү керек болчу.+
10 Курмандык жайын майлап, аны Кудайга арнаган күнү+ башчылар тартууларын алып келип, курмандык жайынын алдына коюшту.
11 Жахаба Мусага: «Бир күндө бир башчы курмандык жайын арноо аземине арнаган тартуусун алып келсин»,— деди.
12 Биринчи күнү Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон+ тартуу алып келди.
13 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай* болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай* болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
14 андан сырткары, салмагы 114 грамм* болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
15 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
16 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
17 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Аминадаптын уулу Нахшон+ алып келген тартуулар.
18 Экинчи күнү Исахар уруусунун башчысы Зуар уулу Нетанел+ тартуу алып келди.
19 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
20 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
21 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
22 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
23 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Зуар уулу Нетанел алып келген тартуулар.
24 Үчүнчү күнү Забулун уруусунун башчысы Хелон уулу Элиап+ тартуу алып келди.
25 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
26 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
27 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
28 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
29 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Хелон уулу Элиап+ алып келген тартуулар.
30 Төртүнчү күнү Рубейин уруусунун башчысы Шедур уулу Элисур+ тартуу алып келди.
31 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
32 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
33 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
34 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
35 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Шедур уулу Элисур+ алып келген тартуулар.
36 Бешинчи күнү Шымон уруусунун башчысы Зуришадай уулу Шелумиел+ тартуу алып келди.
37 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
38 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
39 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
40 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
41 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Зуришадай уулу Шелумиел+ алып келген тартуулар.
42 Алтынчы күнү Гат уруусунун башчысы Деуил уулу Элиасап+ тартуу алып келди.
43 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
44 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
45 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
46 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
47 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Деуил уулу Элиасап+ алып келген тартуулар.
48 Жетинчи күнү Эпрайым уруусунун башчысы Амиют уулу Элишама+ тартуу алып келди.
49 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
50 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
51 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
52 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
53 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Амиют уулу Элишама+ алып келген тартуулар.
54 Сегизинчи күнү Менаше уруусунун башчысы Педатсур уулу Гамалиел+ тартуу алып келди.
55 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
56 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
57 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
58 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
59 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Педатсур уулу Гамалиел+ алып келген тартуулар.
60 Тогузунчу күнү Бенжемин уруусунун башчысы+ Гидони уулу Абидан+ тартуу алып келди.
61 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
62 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
63 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
64 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
65 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Гидони уулу Абидан+ алып келген тартуулар.
66 Онунчу күнү Дан уруусунун башчысы Амишадай уулу Ахиезер+ тартуу алып келди.
67 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
68 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
69 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
70 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
71 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Амишадай уулу Ахиезер+ алып келген тартуулар.
72 Он биринчи күнү Ашыр уруусунун башчысы Охран уулу Пагиел+ тартуу алып келди.
73 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
74 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
75 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
76 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
77 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Охран уулу Пагиел+ алып келген тартуулар.
78 Он экинчи күнү Напталы уруусунун башчысы Энан уулу Акира+ тартуу алып келди.
79 Ал буларды алып келди: ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ салмагы бир жарым килограммдай болгон күмүш табак менен салмагы 800 граммдай болгон күмүш кесе; аларга дан азыктарынан алынып келген тартуу үчүн май аралаштырылган эң жакшы ун толтурулган болчу;+
80 андан сырткары, салмагы 114 грамм болгон, толтура жыпарзат салынган алтын чөйчөк,
81 бүтүндөй өрттөлчү курмандык үчүн 1 букачар, 1 кочкор, бир жаштан аша элек 1 эркек козу,+
82 күнөө үчүн курмандыкка 1 улак,+
83 тынчтык курмандыгы+ үчүн 2 бука, 5 кочкор, 5 теке, бир жашар 5 эркек козу. Булар — Энан уулу Акира+ алып келген тартуулар.
84 Курмандык жайын майлап, аны Кудайга арнаган күнү+ ысрайыл элинин башчылары алып келген тартуулар булар: 12 күмүш табак, 12 күмүш кесе, 12 алтын чөйчөк.+
85 Ар бир күмүш табактын салмагы бир жарым килограммдай, ар бир күмүш кесенин салмагы 800 граммдай эле. Бардык күмүш идиштердин салмагы ыйык жайдын чен-өлчөмү менен+ 27 жарым килограммдай* болду.
86 Ал эми толтура жыпарзат салынган 12 алтын чөйчөктүн ар биринин салмагы ыйык жайдын чен-өлчөмү менен 114 грамм болду. Бардык алтын чөйчөктөрдүн салмагы бир жарым килограммдай* болду.
87 Бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка 12 бука, 12 кочкор, бир жашар 12 эркек козу, алар менен бирге дан азыктарынан алынып келген тартуу, ошондой эле күнөө үчүн курмандыкка 12 улак,
88 тынчтык курмандыгына 24 бука, 60 кочкор, 60 теке, бир жашар 60 эркек козу алып келишти. Булар — курмандык жайын майлап,+ Кудайга арнаганда алып келген тартуулар.+
89 Кудай менен сүйлөшүш үчүн+ жолугушуу чатырына кирген сайын Муса келишим сандыгынын капкагынын үстүнөн,+ эки керуптун* ортосунан,+ өзүнө сүйлөгөн үндү укчу. Кудай аны менен ошентип сүйлөшчү.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «130 шекел». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «70 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «10 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «2 400 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «120 шекел».
^ Жогорку даражалуу периштелер.