Сандар 8:1—26
8 Жахаба Мусага мындай деди:
2 «Арунга: „Чыракпаянын 7 чырагын күйгүзгөндө аларды чыракпаянын алдындагы жерди жарык кылып тургудай кылып кой“,— деп айт».+
3 Арун ошондой кылды. Жахаба Мусага буйрук кылгандай, чыракпаянын+ алдындагы жер жарык болуп турушу үчүн, ал чырактарды күйгүздү.
4 Чыракпая сөңгөгүнөн гүлдөрүнө чейин алтындан чегилип жасалган эле.+ Ал Жахаба Мусага аянда көрсөткөндөй кылып жасалган болчу.+
5 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
6 «Ысрайыл элинин арасынан лебилерди бөлүп алып, тазалоо расмисин кыл.+
7 Ал үчүн мындай кыл: аларга күнөөдөн тазалай турган суудан чач; алар болсо денесиндеги бүт түгүн кырып, кийимин жууп, тазаланышсын.+
8 Анан бир букачар+ жана дан азыктарынан алынып келген тартуу+ катары май аралаштырылган эң жакшы ун алып келишсин. Күнөө үчүн курмандыкка чалыш үчүн сен да бир букачар ал.+
9 Андан соң лебилерди жолугушуу чатырынын кире беришине алып келип, бүт ысрайыл жамаатын чогулт.+
10 Лебилерди Жахабанын алдына тургуз. Ысрайылдыктар алардын башына колдорун коюшсун.+
11 Андан кийин Арун лебилерди ысрайыл эли алып келген чайпалта турган курмандык+ катары Жахабага тартууласын*, алар Жахабага кызмат кылышат.+
12 Анан лебилер букачарлардын башына колдорун коюшсун.+ Ошондон кийин Жахабага арнап букачарлардын бирин күнөө үчүн курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалып,+ лебилерди күнөөдөн арылт.
13 Анан аларды Арун менен уулдарынын алдына тургузуп, чайпалта турган курмандык катары Жахабага тартуула.
14 Лебилерди ысрайыл элинен өзүнчө бөлүп кой, алар меники болот.+
15 Ошондон кийин жолугушуу чатырында кызмат кылышат. Аларды ушинтип тазалап, чайпалта турган курмандык катары Кудайга тартуула.
16 Алар — ысрайыл элинин арасынан мага тартуу катары берилгендер. Мен аларды өзүмө ысрайыл элинин бардык тундарынын ордуна алам.+
17 Анткени ысрайыл элинин бардык тундары: тун уулдары да, малынын биринчи төлү да меники.+ Мисир жериндеги тундардын баарын өлтүргөнүмдө мен аларды өзүмө бөлүп алгам*.+
18 Ысрайыл элинин бардык тун уулдарынын ордуна мен лебилерди алам.
19 Аларды ысрайыл элинин арасынан тандап алып, Арун менен уулдарына жардам бергенге берем.+ Ысрайылдыктар ыйык жайга жакындап, ошонун айынан балээге кабылбашы үчүн,+ лебилер алардын ордуна жолугушуу чатырында кызмат кылып, аларды күнөөдөн арылтып турушат».
20 Муса, Арун жана бүт ысрайыл жамааты лебилер жөнүндө айтылгандардын баарын аткарышты. Жахаба Мусага лебилер жөнүндө эмнелерди буйруса, эл ошонун баарын аткарды.
21 Лебилер тазаланып, кийимдерин жуугандан кийин,+ Арун аларды чайпалта турган курмандык катары Жахабага тартуулады.+ Анан аларды тазартыш үчүн күнөөдөн арылтты.+
22 Ошондон кийин лебилер жолугушуу чатырында Арун менен анын уулдарынын көзөмөлү алдында кызмат кыла башташты. Жахаба Мусага лебилер жөнүндө эмнелерди буйруса, ошолордун баары аткарылды.
23 Жахаба Мусага:
24 «Лебилер жөнүндөгү көрсөтмө мындай: леби 25 жашынан тартып жолугушуу чатырындагы кызматын баштасын.
25 Ал эми 50 жашка чыкканда кызматын токтотсун, андан ары кызмат кылбасын.
26 Ал жолугушуу чатырындагы милдеттерин аткарып жүргөн башка лебилерге жардам берсе болот, бирок өзү ал жакта кызмат кылбасын. Лебилер менен алардын милдеттери жөнүндө ушул айтылгандарды аткар»,— деди.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «чайпасын». Бул аларга ары-бери чайпалганга буйрук бергенин билдирет.
^ Же: «өзүм үчүн ыйыктагам».