Сепания 1:1—18

  • Жахабанын күнү жакындап калды (1—18)

    • Жахабанын улуу күнү өтө тездик менен жакындап келатат! (14)

    • Күмүш да, алтын да сактай албайт (18)

1  Жүйүттүн падышасы Амон уулу+ Жошиянын күндөрүндө+ Жахаба* Хискиянын кыбырасы, Амариянын чөбүрөсү, Гедалиянын небереси, Кушинин уулу Сепанияга* мындай деди:  2  «Мен бардыгын жер бетинен тыптыйпыл кылам»,— дейт Жахаба.+  3  «Адамды да, жаныбарды да,Асмандагы канаттуулар менен деңиздеги балыктарды да жок кылам.+ Ыймансыздарды күнөөгө азгырган нерселери*+ менен кошо жоготом. Адамдарды жер бетинен жок кылам,— дейт Жахаба.—  4  Мен Жүйүттүн элин, Иерусалимдин бүт тургундарын жазалайм,Бул жерден Баалга* байланышы бар нерсенин баарын курутам,+Жалган кудайлардын дин кызматчыларынын атын өчүрөм,Буркандарга табынып кеткен дин кызматчыларды да жок кылам.+  5  Үйүнүн үстүнө чыгып, асмандагы нерселерге таазим кылгандарды,+Жахабага сыйынып, ага берилгендигин сактайм деп ант берип,+Ошол эле учурда Малкамга* да берилгендигин сактайм деп ант бергендерди,+  6  Жахабадан баш тартып, анын жолунан чыгып кеткендерди,+Жахабага кайрылып, жетектешин суранбагандарды жок кылам».+  7  Эгедер Теңир Жахабанын алдында унчукпагыла,Себеби Жахабанын күнү жакындап калды,+Жахаба курмандык даярдап койду, ал өзү чакыргандарды ыйыктап-тазалады.  8  «Мен, Жахаба, өзүм курмандык чала турган күнүТөрөлөрдү, падышанын уулдарын,+Бөтөн жерликтердин кийимин кийгендердин баарын жоопко тартам.  9  Ошол күнү секичеге* чыккандарды,Мырзасынын үйүн зордук-зомбулук, алдамчылык менен толтургандарды да жоопко тартам. 10  Ошол күнү,— дейт Жахаба,— Балык дарбазасынан+ ыйлагандардын үнү,Шаардын жаңы конушунан+ боздогондордун үнү,Адырлардан карс-курс эткен катуу дабыштар угулат. 11  Боздогула, Мактештин* тургундары,Себеби соода-сатык кылгандар бүт жок болду,Таразага күмүш тарткандардын баары кырылды. 12  Ошол убакта мен шамчырак көтөрүп алып, Иерусалимди кылдат карап чыгам да: „Жахаба жакшылык да, жамандык да кылбайт“,— деп ойлоп,+Өзүнө өзү корстон болгон* адамдарды жоопко тартам. 13  Алардын байлыгы таланып-тонолот, үйлөрү талкаланат.+ Алар үйлөрдү курушат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт,Жүзүмзарларды отургузушат, бирок шарабын ичишпейт.+ 14  Жахабанын улуу күнүнө аз калды!+ Ал жакындап калды, өтө тездик менен жакындап келатат!+ Жахабанын күнү* жүрөктүн үшүн ала тургандай коркунучтуу болот!+ Ошондо жоокерлер да айласы куруп, катуу кыйкырат.+ 15  Ал күн каардын,+Каргаша менен азап-кайгынын,+Катуу шамал менен бүлгүндүн,Караңгылык менен мунарыктын,+Булуттар менен коюу караңгылыктын күнү болот.+ 16  Ал күн чептүү шаарларга,Дубалдардын бурчундагы бийик мунараларга+ каршы ураан чакырып,Мүйүз сурнай тартыла турган күн болот.+ 17  Мен адамдарга алаамат жиберем,Ошондо алар сокурлардай болуп темселеп калышат,+Анткени Жахабанын алдында күнөөгө батышты.+ Алардын каны таман алдындагы топурактай,Ичеги-карыны* кыктай болот.+ 18  Жахабанын каары төгүлгөн күнү аларды күмүшү да, алтыны да сактай албайт.+ Себеби анын каары от сыяктуу бүт жерди жалмап кетет,+Анткени ал жердин бүт тургундарын кырат, аларга үрөй учурарлык кыргын салат».+

Шилтемелер

Мааниси: «Жахаба жашырып койду (сактап койду)».
Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Сыягы, бурканга табынуу менен байланышы бар нерселери же иштери.
Сыягы, Амондун урпактарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.
Кыязы, падышанын тактысы турган секиче.
Сыягы, Иерусалимдин Балык дарбазасынын жанындагы бөлүгү.
Сөзмө-сөз: «Тундурмасынын үстүндө коюуланып калган». Шараптын челектин түбүндөгү тунмасына салыштырылып жатат. Кыязы, бул кайдыгер, кош көңүл адамдарды билдирет.
Же: «Жахабанын күнүндө чыккан үн-дабыштар».
Же: «денеси».