Сулаймандын ыры 1:1—17

  • Ырдын ыры (1)

  • Шуламдык кыз (2—7)

  • Иерусалим кыздары (8)

  • Падыша (9—11)

    • «Жасап беребиз алтындан жасалга» (11)

  • Шуламдык кыз (12—14)

    • Сүйгөн жигитим мирра салынган түйүнчөктөй (13)

  • Койчу жигит (15)

    • «Кандай гана сулуусуң, оо, жан селким!»

  • Шуламдык кыз (16, 17)

    • «Сен да сулуусуң, сүйгөнүм!» (16)

1  Ырдын ыры*, Сулаймандын ыры.+  2  Шуламдык кыз: «Өпсүн мени эриндериң,Шараптан артык эркелеткениң.+  3  Кандай сонун майларың жыпар жыты буркураган.+ Өзүң* болсо башка куюлган майдайсың жыты аңкыган,+Ошон үчүн жаш селкилер арбын сени жактырган.  4  Мени төркү бөлмөлөрүнө алып кирди падыша! Алып кет, жаным, бул жактан качалы! Чогуу кубанып-шаттаналы, чер жазалы. Шарапты эмес, сенин назик мамилеңди кеп кылалы. Бекеринен селкилер сага ашык болуп калдыбы?!  5  Оо, Иерусалим кыздары! Кара тору болсом да, татынакаймын,Кедар+ чатырларындай, Сулаймандын чатырынын жабуусундаймын.+  6  Кара торулугума карабагыла,Себеби күнгө күйүп тотуккам. Апакемдин уулдары ачууланып,Жүзүмзарын кайтартып коюшкан,Өзүмдүкүн болсо карабай калгам.  7  Жанымдай көргөн жигитим, айтчы мага,Койлоруңду жаясың кайсы жакка,+Түш болгондо жуушатасың каякта? Жүзүн жапкан* аял өңдүү жүрбөйүнДосторуңдун оторунун арасында».  8  Иерусалим кыздары: «Оо, сулуулардын сулуусу, кайда экенин билбесең,Изине түшүп койлордун, сүйгөнүңдү издеп бар,Улактарыңды койчулардын чатырынын жанына жай».  9  Падыша: «Сени окшоштурдум, ашыгым, фараондун арабасы чегилген байталга*.+ 10  Жасалга таккан* жаактарың сүйкүмдүү кандай гана! Шуру таккан мойнуң суктандырат көз жоосун ала! 11  Күмүш менен кооздоп сагаЖасап беребиз алтындан жасалга*». 12  Шуламдык кыз: «Падыша дасторкондо отурганда,Атырымдын+ жыты аңкыйт ашыгыма. 13  Сүйгөн жигитим жыты аңкыган,Түнү бою көкүрөгүмдө жаткан мирра*+ салынган түйүнчөктөй, 14  Сүйгөнүм Эн-Гединин+ жүзүмзарындагы бир тутам кына гүлүндөй».+ 15  Койчу жигит: «Кандай гана сулуусуң, оо, жан селким! Кандай гана сулуусуң! Көздөрүң көгүчкөндүн көздөрүндөй».+ 16  Шуламдык кыз: «Сен да сулуусуң, сүйгөнүм, ажарлуусуң!+ Экөөбүздүн төшөгүбүз — жалбырактар. 17  Үйүбүздүн* устундары — бал карагайлар,Шыбы болсо жапжашыл арчалар.

Шилтемелер

Же: «Эң көркөм ыр».
Сөзмө-сөз: «Ысмың».
Же: «Аза күткөндө жүзүн жабуу менен жапкан».
Же: «байталыма».
Же балким: «Тал-талдап өргөн чачың жапкан».
Же: «таажы».
Жыттуу чайыр. Сөздүктү кара.
Же: «Заңгыраган үйүбүздүн».