Сулаймандын ыры 3:1—11

  • Шуламдык кыз (1—5)

    • Түнкүсүн издедим жан сүйгөн ынагымды (1)

  • Сион кыздары (6—11)

    • Сулайман келатканда

3  Төшөктө жатып түнкүсүнИздедим жан сүйгөн ынагымды.+ Издесем да, таппадым аны.+  2  Турайын да, аралап шаарды,Көчөлөрдү, аянттардыИздейин ашыгымды. Издедим, бирок таппадым аны.  3  Алдыман күзөтчүлөр чыкты шаар кыдырган.+ „Ашыгымды көрдүңөрбү?“ — деп сурадым алардан.  4  Ары басарым менен ал жактанСүйгөнүмдү таап алдым. Бекем кармап, коё бербей туруп алдым. Алып келип, киргиздим апакемдин үйүнө,+Мени курсагына көтөргөндүн төркү бөлмөсүнө.  5  Оо, Иерусалим кыздары, ант бергиле! Өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп, аны тутандырбайбыз деп,Жейрендерди, талаадагы маралдарды оозанып ант бергиле».+  6  Сион кыздары: «Бул эмне чөл тараптан түрмөктөлгөн түтүн сымал келаткан? Соодагердин ар түркүн жыпарзаты сымал буркураган,Мирра менен ладандай* аба жарып жыты аңкыган».+  7  «Ал — чүмбөттүү замбили* Сулаймандын. Жанында жүрөт эр-азаматтары анын,60 мыкты жоокери Ысрайылдын.+  8  Баары тең кылыч менен куралданган,Согушканга машыгышып дасыккан. Коргош үчүн түнкү түрдүү коркунучтанАр бири белине кылыч курчанган».  9  «Ал — чүмбөттүү замбили Сулаймандын,Жасалган жакшысынан Лебанон*+ дарагынын. 10  Түркүктөрү күмүштөн жасалган,Таканчыктары болсо алтындан,Отурган жери кызгылт көк жүндөн жасалган;Ичин болсо кооздоп Иерусалим кыздары,Жасашкан бүт баарын чын ыкластан». 11  «Сыртка чыгып карагыла, Сион кыздары,Таажы* кийип келаткан Сулайман падышаны. Үйлөнөм деп жүрөгү толкуп турган күнүЧебердеп өрүп берген энеси+ ал таажыны».

Шилтемелер

Жогорку даражалуу кишилерди салып көтөрүп жүргөн отургуч сыяктуу үстү жабык нерсе.
Ливан.
Же: «Үйлөнүү үлпөтүндөгү гүлчамбарын».