Сулаймандын ыры 8:1—14
-
Шуламдык кыз (1—4)
-
«Болсоң кана бир тууганымдай» (1)
-
-
Кыздын агалары (5a)
-
«Тетиги ким келаткан сүйгөнүн кучактап чөл тараптан?»
-
-
Шуламдык кыз (5б—7)
-
«Сүйүү деген күчтүү келет өлүмдөй» (6)
-
-
Кыздын агалары (8, 9)
-
«Эгер карындашыбыз дубал болсо...» (9)
-
-
Шуламдык кыз (10—12)
-
«Мен дубалмын» (10)
-
-
Койчу жигит (13)
-
«Мага да угузчу үнүңдү»
-
-
Шуламдык кыз (14)
-
«Жейрен сымал чуркагын!»
-
8 Болсоң кана бир тууганымдай,Энемдин сүтүн эмген уялашымдай!
Анда сени өпкүлөмөкмүн+ көчөдөн жолуктурганда,Ал жоругум үчүн жектемек эмес мени элим да.
2 Сени ээрчитип, үйүнө алып бармакмын,Таалим берип, көптү үйрөткөн апамдын.+
Берер элем татымал кошулганын шараптын,Жаңы сыгылган ширесинен анардын.
3 Ал сол колун башымдын астына коюп жатмак,Оң колу менен болсо мени кучактамак.+
4 Оо, Иерусалим кыздары, ант бергиле!
Өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп, аны тутандырбайбыз деп ант бергиле».+
5 Кыздын агалары: «Тетиги ким келатканСүйгөнүн кучактап чөл тараптан?»
Шуламдык кыз: «Мен сени ойготтум алма бактын алдынан.
Ошол жерден энекеңдин толгоосу келип кыйналган,Ошол жерден толгоо тартып, сени төрөп, көз жарган.
6 Мени эстеп жүр мөөрдөй жүрөгүңө басылган,Эстеп жүр мөөрү бар шакектей колуңа тагылган.
Себеби сүйүү деген күчтүү келет өлүмдөй,+Берилгендик* багынбас болот көрдөй*.
Анын алоолонгону — оттун жалыны, ал — Жахтын* жалыны.+
7 Сүйүүнү өчүрө албайт албуут суулар,+Агызып да кете албайт дарыялар.+
Сүйүү ордуна бүт байлыгын берсе да адам,Ким болсо да анысын* четке кагар».
8 Кыздын агалары: «Карындашыбыз бар кичинекей,+Атүгүл чыга элек төшү да.
Кокус, жуучу келсе алдыбызга,Эмне кылабыз андайда?»
9 «Эгер карындашыбыз дубал болсо,Үстүнө күмүш тиштүү жээк жасайбыз.
Эгер ал эшик болсо, карагайдан тактай жасап,Бекем кылып бекитебиз, сактайбыз».
10 Шуламдык кыз: «Мен дубалмын,Мунарадай эки төшүм.
Ошондуктан мени карап сүйгөнүм,Тынч экенин көрөт жан дүйнөмдүн.
11 Бар эле Баал-Амондо жүзүмзары,+Сулайман ижарага берген аны.
Иштеткендер түшүм алып ал жерден,Миң күмүш тыйындан бермек акы.
12 Күмүш тыйындын миңи, оо, Сулайман, таандык сага,Эки жүзү жүзүмзарды иштеткен адамдарга.
Менин жүзүмзарым болсо таандык мага гана».
13 Койчу жигит: «Оо, селки, бакчаларды аралаган,+Дос-курбулар уккусу келет үнүңдү мукам.
Мага да угузчу үнүңдү кубулжуган».+
14 Шуламдык кыз: «Шашыл, сүйгөн жигитим, ашыгым,Жыпар чөптүү тоолордогу жаш бугудай ашыккын,Желдей учкан жейрен+ сымал чуркагын!»