Тесалоникалыктарга 2-кат 2:1—17
2 Боордошторум, Мырзабыз Иса Машаяк кайра келе турган убак*+ жөнүндө, аны менен бирге болуш үчүн чогултуларыбыз+ жөнүндө айта турган болсок, силерден өтүнөрүбүз бул:
2 Жахабанын күнү*+ келип калды дегендерге шак эле ишенип, алданып калбагыла, атүгүл бул Кудайдан келген кабар дешсе да+ же муну биз жаздык деп эсептелген каттан окуганын айтышса да, тынчыңар кетип, бушайман болбогула.
3 Силерди кимдир бирөө адаштырып кетпесин, анткени ал күн келгенге чейин, Кудайдын жолунан четтеп, ага каршы чыккандар+ пайда болуп, Кудайдын мыйзамына каршы чыккан киши+ — жок боло турган бирөө*+ — ачыкка чыгышы керек.
4 Ал киши адамдар кудай туткан же сыйынган нерсенин баарына каршы чыгып, өзүн алардан жогору коёт. Ошентип, Кудайдын ибадатканасында отуруп, өзүн ачык эле кудай кылып көрсөтөт.
5 Араңарда жүргөнүмдө ушулар жөнүндө көп айтчу элем го, эсиңердеби?
6 Ал убагы келгенде ачыкка чыгат. Ошол убакка чейин аны эмне кармап турганын эми жакшы билип калдыңар.
7 Анын мыйзамсыздыгы азырынча сыр болсо да, чынында, ал иш-аракет кылып жатат.+ Бирок анын мыйзамсыздыгы аны кармап турган бирөө жок болгонго чейин гана сыр бойдон калат.
8 Андан кийин Кудайдын мыйзамына каршы чыккан ошол киши ачыкка чыгат. Аны Мырзабыз Иса өзүнүн кайра келгени айкын көрүнгөн убакта+ оозунан чыккан күчтүү сөздөр менен+ жок кылат.
9 Ал киши Шайтандын жардамы менен+ ар кандай ажайып иштерди кылып, жалган керемет-жышаандарды көрсөтүп,+
10 ыймансыздыкка, алдамчылыкка барып жатат.+ Ага алдангандар жазаланып жок болушат. Себеби алар өмүрүн сактап кала турган чындыкты* жакшы көрүшкөн да эмес, кабыл алышкан да эмес.
11 Ошондуктан Кудай алардын жаңылыш ой-түшүнүктөргө алданып, калпка ишенишине жол берип жатат.+
12 Ошентип, чындыкка ишенбей, ыймансыздыкка жаткан иштерден рахат алышканы үчүн алардын баары соттолот.
13 Бирок биз силер үчүн, Жахаба жакшы көргөн бир туугандарыбыз, ага дайыма ыраазычылык билдиргенге милдеттүүбүз. Анткени ал, куткарылышыңар үчүн, силерди өзүнүн ыйык руху* аркылуу ыйыктап,+ чындыкка ишенгениңерден улам башында эле тандап алган.+
14 Куткарылышыңар үчүн силерди биз тараткан жакшы кабар* аркылуу тандап алган*. Мунун аркасында силер Мырзабыз Иса Машаяктай болуп даңкка бөлөнөсүңөр.+
15 Ошондуктан, боордошторум, бекем болгула,+ оозеки же кат жүзүндө үйрөткөн нерселерибизге бек кармангыла.+
16 Бизди жакшы көргөн,+ ырайымынан улам түбөлүккө сооротуп, кереметтүү үмүт берген+ асмандагы Атабыз Кудай менен Мырзабыз Иса Машаяк
17 силерди сооротуп-жубатсын, ошондой эле дайыма жакшы иштерди кылып, жакшы сөздөрдү сүйлөшүңөр үчүн дем-күч берсин.
Шилтемелер
^ Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара. «Жахабанын күнү» деген ал душмандарын соттоп, өз ысмын даңктай турган убакты билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «өлүм уулу».
^ Же: «туура окууларды».
^ Б. а. ыйык күчү.
^ Сөзмө-сөз: «чакырган».