Тиметейге 1-кат 4:1—16
4 Бирок Кудай кийинчерээк айрымдардын андан келгендей көрүнгөн жалган сөздөргө, жиндердин окууларына көңүл буруп, ага ишенбей каларын ыйык руху аркылуу ачык айтып жатат.+
2 Бул абийири мокоп калган* эки жүздүү калпычылардын айынан болот.+
3 Алар турмуш курганга,+ айрым тамак-аштарды жегенге тыюу салышат.+ Бирок андай тамак-аштарды Кудай ага ишенгендер, чындыкты так таанып-билгендер ыраазычылык билдирип жесин деп берген.+
4 Кудай жараткан нерсенин баары жакшы.+ Эгер Кудайга ыраазычылык билдирилсе, эч бир тамак-аштан баш тартпаш керек.+
5 Анткени Кудай таза деп жарыялагандыктан жана биз ага ыраазычылык билдирип тиленгендиктен, тамак-аш адал болуп калат.
6 Бир туугандарыбызга ушул кеңештерди берип, Машаяк Исанын үлгүлүү кызматчысы экениңди, чындык сөздөрүнүн* жана өзүң бекем карманган мыкты окуулардын негизинде үйрөтүлүп жатканыңды көрсөтөсүң.+
7 Айрым кемпирлер айткан ойдон чыгарылган окуяларга окшогон, Кудайга шек келтирген маңызсыз кептерди четке как.+ Анын ордуна, Кудайга берилгендигиңди сактаганга машыга бер.
8 Кудайга болгон берилгендикти сактоо бардык жагынан пайдалуу, себеби мунун аркасында азыр да, келечекте да Кудайдан мол бата алабыз.+ Денени машыктыруунун пайдасы болсо аз эле.
9 Бул сөздөр чындык, буларга толук ишенсе болот.
10 Ошондуктан биз талбай эмгектенип, бүт күчүбүздү жумшап жатабыз,+ анткени ар кандай адамдарды,+ өзгөчө, ишенимдүүлөрдү куткара турган тирүү Кудайга+ үмүт артабыз.
11 Ушул айткандарымды* башкаларга айтып, үйрөтө бер.
12 Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун. Кудайдын берилген кызматчыларына сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, адеп-ахлактуулугуң менен үлгү бол.
13 Мен барганга чейин, эл алдында окуганыңды,+ насаат айтканыңды*, окутуп-үйрөткөнүңдү улантып, бүт күчүңдү жумшай бер.
14 Аксакалдар кеңеши үстүңө колун койгондо*+ берилген Кудайдын белегин баркка албай койбо. Ал белек сага өзүң жөнүндө алдын ала айтылгандарга ылайык берилген.
15 Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын көрүнгүдөй болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна.
16 Башкаларга жакшы үлгү көрсөткөнгө, жакшы окутуучу болгонго колуңдан келишинче умтула бер.+ Ушуларды кылганга дайыма аракет кыл, ошондо өзүңдү да, сени уккандарды да куткарасың.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «абийирине ысык темир менен белги салынган».
^ Сөзмө-сөз: «ишенимдин сөздөрүнүн».
^ Же: «көрсөтмөлөрүмдү».
^ Же: «дем-шык бергениңди; үндөгөнүңдү».
^ Же: «сени кызматка дайындаганда».