Тиметейге 2-кат 3:1—17

  • Акыркы күндөр өзгөчө оор болот (1—7)

  • Тиметей Пабылдан үлгү алган (8—13)

  • Эмнени үйрөнсөң, ошого бек карман (14—17)

    • Ыйык Жазманын баары Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган (16)

3  Акыркы күндөрдүн+ өзгөчө оор болорун бил. 2  Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, Кудайга да, башкаларга да акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишеничтүү эмес, 3  жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, башкаларга жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшы нерсени сүйбөгөн, 4  саткын, кежир, текебер, Кудайды эмес, рахатты жакшы көргөн, 5  Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдар болушат.+ Андайлардан алыс бол. 6  Анткени алардын арасынан башкаларды адаштыргандар чыгат. Алар ишенчээк, ар кандай каалоолорго жетеленген, күнөөгө баткан аялдардын үйлөрүнө куулук менен кирип алып, аларды торго түшүрүп алышат. 7  Андай аялдар дайыма билим алышса да, Кудайдын туура окууларын так түшүнө албай келишет. 8  Жанес менен Жамбрес Муса пайгамбарга каршы чыккандай эле, тиги кишилер да туура окууларга каршы чыгып жатышат. Алардын ой жүгүртүүсү толугу менен бурмаланган. Ишенген нерселерибиз боюнча жашабагандыктан ал кишилер Кудайга жакпайт. 9  Алардын ою оңунан чыкпайт, себеби Жанес менен Жамбрестин акылсыздыгы баарына айкын болуп калгандай эле, алардын да акылсыздыгы бардыгына айкын болот.+ 10  Сен болсо мен окуткан нерселерге так кармандың, мен жашагандай жашап,+ меникиндей максатты көздөдүң, ишенимимди, чыдамкайлыгымды, сүйүүмдү, туруктуулугумду үлгү туттуң. 11  Антиохияда,+ Иконияда+ жана Листрада+ кандай куугунтуктарга, кыйынчылыктарга кабылганымды да билесиң. Ошол куугунтуктарга чыдадым, Мырзабыз* мени алардын баарынан куткарды.+ 12  Негизи, Машаяк Исанын Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келген жолдоочуларынын баары куугунтукталат.+ 13  Ал эми кара өзгөй, алдамчы адамдар башкаларды адаштырып, өздөрү да адашып, барган сайын бузула беришет.+ 14  Сен болсо эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, мындан ары да ошого бек карман,+ анткени ошол нерселерди үйрөткөндөрдүн кандай кишилер экенин жакшы билесиң. 15  Ошондой эле сени акылман кыла ала турган ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен+ билесиң.+ Андай акылмандык Иса Машаякка ишенгениңдин аркасында куткарылышыңа шарт түзөт.+ 16  Ыйык Жазманын баары Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган+ жана пайдалуу: ал окутуп-үйрөтөт,+ ашкерелейт, оңдоп-түзөйт, Кудайдын адил талаптарына ылайык тарбиялайт*.+ 17  Ошонун аркасында Кудайдын кишиси бардык ишке толугу менен жарактуу болуп, ар кандай жакшы иштерге толук даяр болот.

Шилтемелер

Же: «Теңирибиз». Грекче Кириос.
Же: «адил иш кылганга үйрөтөт».