Титке 2:1—15
2 Сен болсо мындан ары да туура* окууларга ылайык келген нерселерди айт.+
2 Улгайган кишилер бардык нерсенин чегин билген, салабаттуу, акыл-эстүү, ишеними менен сүйүүсү күчтүү, кыйынчылык учурунда туруктуу адамдардан болушсун.
3 Ошо сыяктуу эле, улгайган аялдар өздөрүн Кудайды даңктагыдай алып жүрүшсүн, ушакташпасын, шараптын кулу болушпасын, башкаларды жакшылыкка үйрөтүшсүн.
4 Келиндерге акыл-насаат айтып, күйөөсүн, балдарын сүйгөнгө,
5 акыл-эстүү, адеп-ахлактуу болгонго, үйүндөгү милдеттерин жакшы аткарганга, жакшылык кылганга, күйөөсүнө баш ийгенге үйрөтүшсүн.+ Кудайдын окуусуна сөз тийбеши үчүн ошентишсин.
6 Жигиттерди да акыл-эстүү болгонго үндө.+
7 Аларга жакшы иштериң менен бардык жагынан үлгү бол. Туура нерселерди* жан-дилиңден окут*,+
8 айткан сөздөрүң эч ким сындай албагыдай туура* болсун.+ Ошентип, каршы чыккандар биз жөнүндө жаман сөз айтканга себеп таба албай, уят болушсун.+
9 Кулдар өз кожоюндарына бардык жагынан баш ийип,+ аларга жакканга аракет кылышсын, каяша айтышпасын,
10 алардын эч нерсесин уурдашпасын,+ толук ишенсе боло турган адамдардан болушсун. Ушинтип Куткаруучу Кудайыбыздын окуусун бардык жагынан көркүнө чыгарышсын.+
11 Анткени Кудай ар кандай адамдардын куткарылышына жол ачып, өзүнүн ырайымын айкын көрсөттү.+
12 Ошол ырайымдын аркасында биз ыймансыздыкты, бул дүйнөдөгүлөргө мүнөздүү жаман каалоолорду+ четке какканды, азыркы ушул дүйнөдө* акыл-эстүү, адил болуп, Кудайга болгон берилгендигибизди сактап жашаганды үйрөнүп жатабыз.+
13 Ошол эле учурда кереметтүү үмүтүбүз+ ишке аша турган, улуу Кудай менен Куткаруучубуз Иса Машаяк өздөрүнүн даңкын айкын көрсөтө турган учурду күтүп жатабыз.
14 Машаяк бизди ыймансыздыкка* жаткан иштердин баарынан арылтып,+ тазалап, жакшы иштерди кылганга ынталуу эли кылыш үчүн,+ өзгөчө энчиси кылыш үчүн, өз өмүрүн берген.+
15 Өзүңө берилген укукту толук пайдаланып, ушуларды айтып, үндөп, ашкерелей бер.+ Башкалардын сени тоготпой коюшуна жол бербе.
Шилтемелер
^ Же: «пайдалуу».
^ Же балким: «Таза ниет менен».
^ Же: «окутканга олуттуу кара».
^ Же: «пайдалуу».
^ Же: «мыйзамсыздыкка».