Титке 3:1—15
3 Боордошторубузга мындан ары да буларды эскерте бер: өкмөткө жана бийликтегилерге баш ийип,+ тил алышсын, бардык жакшы иштерге даяр болушсун,
2 эч кимди жамандашпасын, талашып-тартышпасын. Баарына жумшак мамиле кылып,+ эстүү* болушсун.+
3 Себеби биз да бир кездерде акылсыз, тил албас, туура жолдон адашкан, ар кандай каалоо менен кумардын кулу болгон, кара ниеттик, көрө албастык кылган, көңүл иренжиткен, бири-бирин жек көргөн адамдардан болчубуз.
4 Бирок Куткаруучу Кудайыбыз боорукердигин,+ адамзатка болгон сүйүүсүн айкын көрсөттү.
5 Ал бизди адил иштерибизден улам эмес,+ өзүнүн кайрымдуулугунан улам куткарды.+ Өмүр алышыбыз үчүн, бизди тазалады*, ыйык рухун* колдонуп башка адам кылды,+ бизди ошентип куткарды.+
6 Кудай ал рухун бизге Куткаруучубуз Иса Машаяк аркылуу мол берди,+
7 анын ырайымынын негизинде адил деп жарыяланып,+ түбөлүк жашаганга үмүттөнгөн+ мурасчылар болушубуз үчүн берди.+
8 Бул сөздөргө толук ишенсе болот. Ошондуктан Кудайга ишенгендер мындан ары да жакшы иштерди кылганга бүт көңүлүн коюшу үчүн, ушулар жөнүндө дайыма айта беришиңди каалайм. Бул нерселер ары жакшы, ары пайдалуу.
9 Маңызсыз талаштардан, ата-текти сүрүштүргөндөн, чыр-чатактан жана Мыйзам жөнүндө талашып-тартышкандан кач. Анткени мунун баары пайдасыз, маанисиз.+
10 Жалган окууларды тараткан адамга+ акыл айт*. Эгер экинчи жолу акыл айткандан кийин+ да укпай койсо, аны менен мамилелешпе*.+
11 Себеби андай киши туура жолдон чыгып, күнөөгө батып, өзүнө өзү өкүм чыгарып койгон болот.
12 Сага Артемасты же Тихикти+ жибергенимде, Никополго келгенге аракет кыл. Анткени мен ошол жерде кыштайын деп чечтим.
13 Мусанын Мыйзамын жакшы билген Зенас менен Аполосту жолго керектүүнүн баары менен жакшылап камсыз кыл.+
14 Ошонун аркасында биздикилер* да жакшы иштерди кылып, башкаларга зарыл учурда жардам бергенди үйрөнүшсүн.+ Ошондо Кудайга кылган кызматында жемишсиз болуп калышпайт.+
15 Жанымдагылардын бардыгы сага салам айтып жатышат. Бизди жакшы көргөн боордошторубузга менден салам айт.
Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин.
Шилтемелер
^ Же: «макул боло билген; эпке келген».
^ Сөзмө-сөз: «жуунтту».
^ Б. а. ыйык күчүн.
^ Же: «эскерт».
^ Сыягы, бул жыйналыштан чыгарууну билдирет.
^ Криттеги боордоштору жөнүндө айтып жатат.