Хабакук 1:1—17

  • Пайгамбар Кудайдан жардам сурап жалбарат (1—4)

    • «Оо, Жахаба, качанкыга чейин?» (2)

    • «Эмнеге башкаларды эзгендерди чыдап карап турасың?» (3)

  • Кудай каздимдиктерди өкүмүн ишке ашырганга колдонот (5—11)

  • Пайгамбар Жахабага жалбарат (12—17)

    • «Кудайым, сен эч качан жок болбойсуң» (12)

    • «Сен ушунчалык аруусуң, ошон үчүн көзүң жамандыкты карап тура албайт» (13)

1  Мен, Хабакук* пайгамбар, аян аркылуу алган кабар. Мен мындай дедим:  2  «Оо, Жахаба*, качанкыга чейин жардам сурап кыйкыра берем? Үнүмө качан кулак саласың?+ Качанкыга чейин зордук-зомбулуктун айынан жардам сурап зар какшай берем? Качан куткарасың*?+  3  Эмнеге мага кыянат иштерди көрсөтүп жатасың? Эмнеге башкаларды эзгендерди чыдап карап турасың? Эмнеге талап-тоноочулук, зордук-зомбулук болуп жатат? Эмнеге чыр-чатак, уруш-талаштар болуп жатат?  4  Ушундан улам мыйзам күчүн жоготту,Адилеттик деген жок. Ыймансыз адам адил адамга үстөмдүк кылгандыктан,Адилеттик бурмаланып жатат».+  5  * «Элдерди карагыла, аларга байкоо салгыла! Таң кала карап, аң-таң болгула. Себеби силердин күндөрүңөрдө бир нерсе болот,Ал жөнүндө айтып беришсе да, ишенбейсиңер.+  6  Мен каздимдиктерди*,+Ырайымсыз, мыкаачы элди алып келем. Алар башкалардын үйлөрүн басып алыш үчүнЖердин учу-кыйырын кыдырып, чымын-куюн болуп жүрүшөт.+  7  Алар — жүрөктүн үшүн алган, үрөй учурган эл. Алардын өз мыйзамы, өз бийлиги* бар.+  8  Аттары кабыландан да күлүк,Өздөрү түндө жортуп жүргөн карышкырлардан да жаалдуу.+ Согушка минген аттары туяктары жерге тийип-тийбей,Тээ алыстан келишет. Жемине шукшурулган бүркүттөй болуп учуп келишет.+  9  Алардын баары кан төккөнгө ашыгат.+ Баары чогулуп, чыгыштан соккон шамалдай алдыга багыт алышат,+Кумдай көп адамдарды туткундап кетишет. 10  Падышаларды шылдыңдап,Ак сарай кызматчыларын келекелешет.+ Чептүү жерлерди көрүп мазактап күлүшөт,+Дөбө кылып топурак үйүп, аларды басып алышат. 11  Алар шамалдай болуп алдыга жүткүнүп, бул жерди аралап чыгышат,Бирок: „Бизге күчтү кудайыбыз берип жатат”,— дешкендиктен*,+Айыптуу болушат».+ 12  Оо, Жахаба, сен түбөлүк жашаган Кудай эмессиңби?+ Оо, ыйык Кудайым, сен эч качан жок болбойсуң*.+ Жахаба, аларды сот өкүмүңдү аткарыш үчүн дайындадың. Оо, Аска-зоом,+ аларды бизди жазалаш үчүн* тандадың.+ 13  Сен ушунчалык аруусуң, ошон үчүн көзүң жамандыкты карап тура албайт,Ыймансыздыкка көз жумуп коё албайсың.+ Анда эмнеге чыккынчылык кылгандарды чыдап карап турасың?+ Ыймансыз киши өзүнөн алда канча адил кишини жеп-жутуп жатса, эмнеге унчукпайсың?+ 14  Эмнеге адам баласына деңиздеги балыктардай,Башчысы жок сойлоп жүрүүчүлөрдөй мамиле кылынышына жол берип жатасың? 15  Душмандар* аларды кайырмак менен тартып чыгарып жатышат,Тор салып кармап жатышат. Баарын балык кармаган торуна чогултуп жатышат. Ошонусуна кубанып-шаттанып жатышат.+ 16  Алар ошон үчүн өздөрүнүн торуна арнап курмандык чалып,Балык кармаган торуна арнап жыпарзат түтөтүп жатышат,Себеби ошолордун аркасы менен тамактын майлуусун,Эң жакшысын жеп жатышат. 17  Эмнеге аларга кайра-кайра тор жайганга* жол берип жатасың? Алар ушинтип элдерди аёосуз өлтүрө беришеби?+

Шилтемелер

Сыягы, «бек кучактоо» дегенди билдирет.
Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же: «кийлигишесиң».
Сыягы, төмөнкү сөздөрдү Кудай айткан.
Же: «кадыр-баркы».
Же балким: «алардын күчү кудайы болгондуктан».
Же балким: «биз өлбөйбүз».
Же: «ашкерелеш үчүн».
Б. а. каздимдиктер.
Же балким: «кылычын кынынан сууруганга».