Чыгуу 1:1—22
1 Жакып, тактап айтканда, Ысрайыл Мисир* жерине барганда, уулдарынын баары өз үй-бүлөсүн алып, аны менен кошо барган. Анын уулдарынын аттары булар:+
2 Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт,+
3 Исахар, Забулун, Бенжемин,
4 Дан, Напталы, Гат, Ашыр.+
5 Жакыптан тарагандардын бардыгы биригип 70 киши эле. Жусуп Мисирде болчу.+
6 Арадан убакыт өтүп, Жусуп да, анын бир туугандары менен замандаштары да көз жумду.+
7 Ысрайылдыктар укумдап-тукумдап, аябай көбөйүштү. Алардын саны тез өсүп, барган сайын күчтүү боло беришти. Ошентип, ал жерге толуп кетишти.+
8 Бир канча убакыттан кийин Мисирде Жусупту тааныбаган жаңы падыша такка келди.
9 Ал өз элине: «Ысрайыл эли бизге караганда алда канча көп, күчтүү болуп кетти.+
10 Булар мындан да көбөйүп кетпеши үчүн, бир амал ойлоп табалы. Болбосо согуш чыгып кетсе, душмандарыбызга кошулуп, бизге каршы согушуп, жерибизден кетип калышат»,— деди.
11 Ошентип, ысрайылдыктарды оор жумушка салып кыйнаш үчүн, аларга башчыларды коюшту.+ Ысрайылдыктар фараондун кампалары бар Питом жана Раамсес+ деген шаарларын курушту.
12 Бирок канчалык кыйнаган сайын, ысрайылдыктар ошончолук көбөйүп, жер жайнап кетишти.+ Мисирликтер алардан аябай корко башташты.
13 Ошон үчүн аларды кулга айлантып,+ эзе башташты.
14 Аларды ылай менен кышка салып, талаада кулдар кылчу ар кандай оор жумуштарды кылганга мажбурлап, жашоосун азаптуу кылып жиберишти.+
15 Бир күнү Мисир падышасы аялдарды төрөткөн Шипра менен Пуя деген эки еврей аялга:
16 «Еврей аялдарды төрөтүп жатканда+ мындай кылгыла: эгер эркек бала төрөлсө, өлтүрүп салгыла, кыз болсо, тирүү калтыргыла»,— деп буйрук берди.
17 Бирок ал экөө чыныгы Кудайдан корккондуктан, Мисир падышасынын айтканын аткарбай, эркек балдарды тирүү калтырып жатышты.+
18 Бир канча убакыттан кийин Мисир падышасы ал экөөнү чакырып: «Эмнеге эркек балдарды өлтүрбөй, тирүү калтырып жатасыңар?» — деп сурады.
19 Алар: «Еврей аялдар мисирлик аялдардай эмес экен. Алдуу-күчтүү болгондуктан төрөткөн аялдар келгиче эле төрөп коюшат экен»,— деп жооп беришти.
20 Бул үчүн Кудай аларга жакшылык кылды. Ысрайылдыктар көбөйгөндөн көбөйүп, күчтүү боло берди.
21 Аялдарды төрөткөн ал эки аял чыныгы Кудайдан корккондуктан, Кудай кийинчерээк аларды бала-чакалуу кылды.
22 Акыры, фараон элине: «Еврейлердин жаңы төрөлгөн ар бир эркек баласын Нил дарыясына ыргыткыла, кыздарын тирүү калтыргыла»,— деп буйрук берди.+
Шилтемелер
^ Египет.