Чыгуу 10:1—29
10 Жахаба Мусага: «Фараонго бар, мен анын да, кызматчыларынын да тоң моюн болушуна жол бердим.+ Муну анын көз алдында ушул кереметтерди көрсөтүшүм үчүн,+
2 Мисирди канчалык катуу жазалаганымды, бул жерде кандай кереметтерди көрсөткөнүмдү балдарың менен неберелериңе айтып беришиң үчүн кылдым.+ Ошентип, менин Жахаба экенимди билесиңер»,— деди.
3 Муса менен Арун фараонго барып: «Ысрайыл элинин* Кудайы Жахаба мындай дейт: „Качанкыга чейин мага баш ийбейсиң?+ Элимди коё бер, мага сыйынышсын.
4 Эгерде дагы коё бербей койсоң, эртең жериңе чегиртке каптатам.
5 Ал жер бетин көрүнгүс кылып каптап, мөндүрдөн калгандын баарын, талаадагы бүт бак-дарактарды жеп салат.+
6 Үйлөрүңө, бардык кызматчыларыңдын үйлөрүнө, бүт Мисир жериндеги үйлөргө чегиртке толот. Анчалык көп чегирткени аталарың да, ата-бабаларың да эзели көргөн эмес“»,+— дешти. Ушуларды айткандан кийин Муса бурулуп, чыгып кетти.
7 Кызматчылары фараонго: «Бул киши бизди качанкыга чейин кыйнайт?* Бул элди коё бериңиз, Жахаба Кудайына сыйына беришсин. Мисирдин кыйрап калганын дагы эле көрбөй турасызбы?!» — дешти.
8 Ошондо Муса менен Арунду фараонго кайра алып келишти. Фараон аларга: «Баргыла, Жахаба Кудайыңарга сыйына бергиле»,— деди да: «Кимдер барат?» — деп сурады.
9 Муса: «Жаштарыбыз, кары-картаңдарыбыз, уул-кыздарыбыз менен барабыз, койлорубуз менен бодо малыбызды да ала кетебиз.+ Анткени Жахабага арнап майрам өткөрөбүз»,— деп жооп берди.+
10 Фараон: «Эмне, силерди бала-чакаңар менен кошо коё берет деп жатасыңарбы?! Жахабаңар силерди колдойт деп ойлоп жатасыңарбы?!+ Арам оюңар бар экени көрүнүп эле турбайбы!
11 Жок, Жахабага сыйынгыңар келип жатса, анда эркектериңер эле барсын»,— деди. Анан Муса менен Арунду фараондун алдынан кууп чыгышты.
12 Жахаба Мусага: «Колуңду Мисир жерине сун. Ошондо аны чегиртке каптап, бүт өсүмдүктөрдү, мөндүрдөн калгандын баарын, жейт»,— деди.
13 Муса таягын Мисирди көздөй сунганда, Жахаба чыгыштан шамал соктурду. Шамал бир күн, бир түн тынбай согуп, эртеси эртең менен чегирткелерди айдап келди.
14 Чегирткелер учуп келип, Мисир жерин бүт каптап калды.+ Мунун айынан эл аябай кыйналды.+ Буга чейин мынчалык көп чегиртке болгон эмес, кийин да болбойт.
15 Чегирткелер бүт жер бетин каптагандыктан, бүт айлана караңгы болуп калды*. Алар ошол жердеги өсүмдүктөрдү, бак-дарактардын мөндүрдөн калган мөмөлөрүнүн баарын жеп салды. Ошентип, бүт Мисир боюнча бак-дарактарда бир да жалбырак, талаада бир да өсүмдүк калбай калды.
16 Фараон Муса менен Арунду тезинен чакыртып: «Мен Жахаба Кудайыңардын да, силердин да алдыңарда күнөөлүүмүн.
17 Мени дагы бир эле жолу кечирип койгулачы. Жахаба Кудайыңардан тиленгилечи, мени бул балээден арылтсын»,— деди.
18 Муса фараондон чыгып, Жахабадан тиленди.+
19 Ошондо Жахаба шамалдын багытын өзгөртүп, батыштан катуу шамал соктурду. Ал чегирткелерди учуруп, Кызыл деңизге алып барып таштады. Ошентип, Мисир жеринде бир да чегиртке калган жок.
20 Бирок Жахаба фараондун тоң моюн болушуна жол берип койду,+ ошондуктан ал ысрайыл элин коё бербей койду.
21 Жахаба Мусага: «Колуңду асманды көздөй сун. Ошондо Мисир жерин караңгылык, коюу караңгылык, каптайт»,— деди.
22 Муса ошол замат колун асманды көздөй сунду. Ошондо бүт Мисир жерин көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап, 3 күн бою ошентип турду.+
23 Адамдар бири-бирин көрбөй, 3 күн бою эч ким эч жакка жыла албай калды. Ал эми ысрайыл эли жашаган жер жарык болуп турду.+
24 Ошондо фараон Мусаны чакыртып: «Баргыла, Жахабага сыйына бергиле.+ Бирок койлоруңар менен бодо малыңар бул жерде калсын. Бала-чакаңар болсо силер менен бара берсин»,— деди.
25 Бирок Муса: «Бизге курмандыкка чала турган малыбызды да беришиң керек. Аларды Жахаба Кудайыбызга арнап курмандыкка чалышыбыз керек.+
26 Ошон үчүн малыбызды да ала кетебиз. Бир да туяк калбайт, анткени Жахаба Кудайыбызга сыйынганда ошолордун арасынан алып курмандык чалабыз. Жахабага сыйынганда эмнени курмандыкка чаларыбызды ал жакка бармайынча билбейбиз»,— деди.
27 Жахаба фараондун тоң моюн болушуна жол берди. Ал элди коё бербей койду.+
28 Ошондо фараон Мусага: «Жогол бул жерден! Экинчи көзүмө көрүнбө, көрүнө турган болсоң, айтып коёюн, ошол күнү өлөсүң!» — деди.
29 Муса: «Болуптур, сен айткандай болсун. Экинчи көзүңө көрүнбөйм»,— деди.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Еврейлердин».
^ Сөзмө-сөз: «качанкыга чейин бизге тузак болот?»
^ Же: «жер карарып калды».