Чыгуу 13:1—22
13 Жахаба Мусага:
2 «Ысрайыл элинин ар бир тунун мага арна*. Адамдын тун уулу да, малдын биринчи эркек төлү да меники»,+— деди.
3 Муса элге мындай деди: «Өзүңөр кул болуп жүргөн* Мисир жеринен чыккан ушул күндү эскерип тургула,+ анткени Жахаба силерди бул жактан кубаттуу күчү менен алып чыкты.+ Ачыткы кошулган эч нерсе жебегиле.
4 Силер бул жерден бүгүн, абиб* айында чыгып жатасыңар.+
5 Жахаба силерди канаандыктардын, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, хибилердин, жебустуктардын+ жерине, силерге берем деп ата-бабаларыңарга убада кылган,+ сүт менен бал аккан жерге, алып барат.+ Ал жакка баргандан кийин ушул айда мындай кылгыла:
6 жети күн калама жегиле,+ жетинчи күнү Жахабага арналган майрам болот.
7 Жети күн калама жегиле.+ Силерде ачыткы кошулган эч нерсе болбошу керек.+ Жашаган бүт аймагыңарда ачыткы болбошу керек.
8 Ошол күнү балдарыңарга: „Бул майрамды Мисир жеринен чыкканда Жахабанын бизге кылган жакшылыктарын эскериш үчүн белгилеп жатабыз“,— деп айткыла.+
9 Бул майрам колуңар менен чекеңерге жазылган белги сыяктуу ошол окуяны эсиңерге салып турат.+ Жахабанын мыйзамы оозуңардан түшпөшү керектигин, Жахабанын силерди Мисирден кудуреттүү күчү менен алып чыкканын да эстетип турат.
10 Жыл сайын белгиленген убакта ушул майрамды өткөрүп, ушунун баарын аткаргыла.+
11 Жахаба, өзү силерге жана ата-бабаларыңарга убада кылгандай, силерди канаандыктардын жерине алып барып, аны силерге берет.+
12 Ошондо тун уулдарыңарды, малыңардын биринчи эркек төлүн Жахабага арнагыла. Алар Жахабага таандык.+
13 Эшегиңердин биринчи төлүн кун төлөп сатып алгыла, кунуна кой бергиле. Эгер андай кыла албасаңар, мойнун сындыра чапкыла. Ар бир тун уулуңарды да кун төлөп сатып алгыла.+
14 Кийин балдарыңар: „Бул эмнени билдирет?“ — деп сураса, аларга: „Жахаба бизди Мисирден, кул болуп жүргөн жерден, кудуреттүү күчү менен алып чыккан.+
15 Фараон өжөрлөнүп, бизди коё бербей жатканда,+ Жахаба Мисир жериндеги бардык тун уулдарды өлтүрүп, малдын биринчи төлүнүн баарын кырып таштаган.+ Ошондуктан малыбыздын биринчи төлүнүн эркектерин Жахабага курмандыкка чалып, тун уулдарыбыздын баарын кун төлөп сатып алабыз“,— деп айткыла.
16 Бул майрам колуңардагы белги, чекеңердеги таңуу сыяктуу+ Жахабанын силерди Мисирден кубаттуу күчү менен алып чыкканын эсиңерге салып турсун».
17 Фараон ысрайыл элин коё бергенде, Кудай аларды пелиштиликтердин жерине алып барчу кыска жолго салган жок. Анткени ал: «Согушуш керек болуп калса, эл айнып, кайра Мисирге кетип калышы мүмкүн»,— деди.
18 Ошондуктан аларды Кызыл деңиздин жанындагы чөлгө алып бара турган айланып өтчү жолго салды.+ Ысрайылдыктар Мисир жеринен аскер кошуунундай болуп уюшкандыкта чыгышты.
19 Муса Жусуптун сөөгүн кошо ала чыкты, себеби Жусуп: «Кудай силерге сөзсүз назарын салат, ошондо сөөгүмдү бул жактан ала чыккыла» — деп айтып, Ысрайылдын уулдарына ант бердирткен эле.+
20 Алар Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги Этамга чатырларын тигишти.
21 Жахаба күндүз жол көрсөтүш үчүн булут мамы аркылуу,+ ал эми түнкүсүн жарык берип туруш үчүн от мамы аркылуу жетектеп, алардын алдында баратты. Ошентип, алар күндүз да, түнкүсүн да жол жүрүп отурушту.+
22 Күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жок.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «кулдардын үйүнөн».
^ Жүйүттөр Бабыл кулчулугунан бошотулгандан кийин, бул ай нисан деп аталып калган. Б15 тиркемесин кара.