Чыгуу 19:1—25
19 Мисир жеринен чыккандан кийин үчүнчү айда ысрайыл эли Синай чөлүнө келди.
2 Ооба, алар Репидимден+ чыккан ошол эле күнү Синай чөлүнө келишти да, ошол жердеги тоонун бет маңдайына чатырларын тигишти.+
3 Муса чыныгы Кудайга, тоого чыкты.+ Ал жактан Жахаба ага мындай деди: «Жакыптын урпактарына, ысрайыл элине:
4 „Кудай: “Силерди бүркүт сыяктуу канатыма көтөрүп,+ бул жакка алып келиш үчүн мисирликтерди эмне кылганымды билесиңер.+
5 Эгерде мага толугу менен баш ийип, силер менен түзө турган келишимимди сактасаңар, башка элдердин арасынан өзгөчө элим* болосуңар,+ анткени бүт жер жүзү меники.+
6 Силер мага таандык ыйык эл жана падышалык кылган дин кызматчылар* болосуңар”,+— деп айтты“,— де. Ысрайыл элине ушуларды айтып бар».
7 Муса келип, эл аксакалдарын чогултуп, Жахаба айт деп буйрук кылган сөздөрдүн баарын айтып берди.+
8 Ошондо бүт эл бир добуштан: «Жахаба айткандын баарын аткарабыз»,— дешти.+ Муса элдин эмне дегенин ошол замат Жахабага айтты.
9 Жахаба Мусага: «Эл сени менен сүйлөшкөнүмдү угуп, сага дайыма ишениши үчүн, төмөн түшүп келип, сага кара булуттун ичинен сүйлөйм»,— деди. Муса элдин эмне дегенин Жахабага айтты.
10 Жахаба Мусага мындай деди: «Элге барып, аларды мени менен жолукканга бүгүн да, эртең да даярда, кийимдерин жуусун.
11 Алар үчүнчү күнгө даяр болуп турушу керек, анткени үчүнчү күнү мен, Жахаба, баарынын көзүнчө Синай тоосуна түшүп келем.
12 Тоону айланта чек коюп, элге: „Сак болгула! Тоого чыкпагыла, коюлган чектен ары өтпөгүлө. Тоого чыга баштаган ар бир киши өлтүрүлөт.
13 Ал кишиге эч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алып же сайып* өлтүрүш керек. Жаныбар болобу, адам болобу, тирүү калбашы керек“,+— деп айт. Эл кочкордун мүйүзүнөн жасалган сурнайдын үнүн+ укканда гана тоого жакындасын».
14 Андан кийин Муса тоодон түшүп келип, элди Кудай менен жолукканга даярдады. Алар кийимдерин жуушту.+
15 Анан элге: «Үчүнчү күнгө даяр болуп тургула. Эркектер аялдары менен жатпасын»,— деди.
16 Үчүнчү күнү эртең менен күн күркүрөп, чагылган чартылдай баштады. Тоонун башында калың булут+ пайда болуп, мүйүз сурнайдын үнү катуу жаңырды. Ошондо конуштагы элдин баарын коркунуч басты.+
17 Муса элди чыныгы Кудай менен жолуктуруш үчүн конуштан алып чыкты. Алар тоонун этегине барып турушту.
18 Жахаба от+ ичинде Синай тоосуна түшүп келгендиктен, ал тоо бүт бойдон түтөп чыкты. Андан мештин түтүнүндөй болгон түтүн чыгып жатты. Тоо катуу солкулдап турду.+
19 Сурнайдын үнү барган сайын катуулай берди. Ошондо Муса сүйлөп, чыныгы Кудай болсо ага жооп берип жатты.
20 Ошентип, Жахаба Синай тоосунун чокусуна түшүп келди. Анан Жахаба ал жакка Мусаны чакырды. Ал тоонун чокусуна чыкты.+
21 Жахаба ага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Жахабаны көрөм деп тоого жакындаганга аракет кылбасын, болбосо көптөрү өлүп калат.
22 Мага, Жахабага, дин кызматчы болуп дайыма кызмат кылган эркектер да мени менен жолугушканга даярданышсын. Болбосо мен, Жахаба, аларды жазалайм»,+— деп айтты.
23 Муса Жахабага: «Эл Синай тоосуна чыга албайт, анткени өзүң: „Тоону айланта чек коюп, аны ыйык деп эсептегиле“,— деп эскерткенсиң»,— деди.+
24 Жахаба ага: «Ылдый түш, анан кайра бул жакка Арун менен чык. Дин кызматчылар менен эл болсо Жахабага барабыз деп аракет кылбасын. Болбосо аларды жазалайм»,— деп айтты.+
25 Муса тоодон түшүп, элге ушулардын баарын айтты.
Шилтемелер
^ Же: «кымбат баалуу менчигим».
^ Сөзмө-сөз: «дин кызматчылардын падышалыгы».
^ Же: «жебе менен атып».