Чыгуу 23:1—33

  • Ысрайыл элине берилген мыйзамдар (1—19)

    • Чынчылдык, адилеттик (1—9)

    • Дем алыш күн, майрамдар (10—19)

  • Периште ысрайыл элин жетектеп жүрөт (20—26)

  • Жерди ээлөө, чек аралар (27—33)

23  Ушак таратпагыла.+ Бирөөгө кыянаттык каалаган күбө болуп, ыймансызга шерик болбогула.+ 2  Көпчүлүктү ээрчип жаман ишке барбагыла, талаш-тартышта күбө болгондо көпчүлүккө карап чындыкты бурмалабагыла. 3  Жакырдын ишин карап жатканда адилетсиздик кылбагыла.+ 4  Душманыңардын адашып калган букасын же эшегин көрсөңөр, ээсине алып барып бергиле.+ 5  Силерди жек көргөн кишинин эшеги жүгү менен жыгылып калганын көрсөңөр, кетип калбай, ээсине жүгүн чечкенге жардамдашкыла.+ 6  Жакырдын ишин карап жатканда чындыкты бурмалап, адилетсиз чечим чыгарбагыла.+ 7  Жалган айыптан* алыс болгула. Күнөөсүз адамды, адил адамды өлүмгө кыйбагыла, анткени мен мындай жаман ишке барган кишини актабайм.+ 8  Пара албагыла, себеби пара ак-караны ажырата билген акылдууларды да сокур кылып коёт, адил адамдарды чечимин өзгөрткөнгө түртөт.+ 9  Келгинге кысым көрсөтпөгүлө, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгондуктан,+ келгин болгон кандай экенин жакшы билесиңер. 10  Жериңерди алты жыл иштетип, түшүмүн жыйнагыла.+ 11  Ал эми жетинчи жылы жериңерди айдабагыла, иштетпегиле. Өзү өсүп чыккан нерселерди араңардагы жакырлар жесин, алардан калганын талаа жаныбарлары жесин. Жүзүмзарыңар менен зайтун дарактарыңарды да ушундай кылгыла. 12  Алты күн иштеп, жетинчи күнү эч кандай жумуш кылбагыла. Ошондо букаңар менен эшегиңер эс алып, күңүңөрдүн уулу менен араңарда жашаган бөтөн жерлик күч топтоп алат.+ 13  Мен айткандын баарын аткаргыла,+ башка кудайлардын атын айтпагыла*. Атүгүл аларды оозго да албагыла.+ 14  Жылына үч жолу мага арнап майрам өткөргүлө.+ 15  Калама майрамын белгилегиле.+ Силерге буйрук кылганымдай, абиб айынын белгиленген убагында жети күн калама жегиле,+ анткени Мисирден ошол убакта чыккансыңар. Эч ким менин алдыма куру кол келбесин.+ 16  Андан сырткары, талааңарга сээп, өз эмгегиңер менен өстүргөн нерселериңердин биринчи түшүмүн жыйнаганда Алгачкы түшүм майрамын* өткөргүлө.+ Ошондой эле жылдын аягында мээнет кылып өстүргөндөрүңөрдү жыйнаганда Акыркы түшүм майрамын* өткөргүлө.+ 17  Эркектериңердин баары жылына үч жолу чыныгы Теңир Жахабанын алдына келсин.+ 18  Мага арнап алып келген курмандыктын канын ачыткы кошулган нерсе менен бирге тартуу кылбагыла. Мага арналган майрам учурунда курмандыкка алынып келген май эртең мененкиге калбасын. 19  Жериңерден алган биринчи түшүмүңөрдүн эң жакшысын Жахаба Кудайыңардын үйүнө алып келгиле.+ Улакты энесинин сүтүнө бышырбагыла.+ 20  Мен алдыңарда жүрө турган периштени жиберип жатам.+ Ал силерди жолдо коргоп, мен даярдап койгон жерге алып барат.+ 21  Аны угуп, баш ийгиле. Ага каршы чыкпагыла, анткени ал аныңарды кечирбейт,+ ал менин атымдан иш кылат. 22  Эгер ага толугу менен баш ийип, мен айткандын баарын аткарсаңар, душмандарыңарга душман болуп, силерге каршы чыккандарга каршы чыгам. 23  Менин периштем алдыңарга түшүп, силерди аморлуктардын, Хеттин тукумдарынын, периздердин, канаандыктардын, хибилердин, жебустуктардын жерине алып барат. Мен аларды кырып жок кылам.+ 24  Алардын кудайларына таазим кылбагыла, сыйынганга азгырылбагыла. Ал элдердин кылып жүргөн нерселерин кылбагыла.+ Буркандарын* талкалап, ыйык туткан устундарын кыйраткыла.+ 25  Мага, Жахаба Кудайыңарга, кызмат кылгыла,+ ошондо силерге нан менен сууну мол берем.+ Силерди оору-сыркоодон арылтам.+ 26  Жериңерде боюнан түшкөндөр же төрөбөгөндөр болбойт.+ Өмүрүңөрдү узун кылам. 27  Силерди көргөнгө чейин эле, ал жактагы элдер мен жөнүндө угуп титирешет.+ Жолуңардан кезиге турган элдердин баарын дүрбөлөңгө түшүрөм, душмандарыңардын баары жеңилип, силерден качат.+ 28  Ал жакка барганыңарча эле, алардын ындынын өчүрүп коём*.+ Хибилер, канаандыктар, Хеттин тукумдары силерден качат.+ 29  Ал элдерди бир жылдын ичинде кууп чыгарбайм. Болбосо жер ээн калып, жапайы жаныбарлар көбөйүп кетип, силерге зыян келтирет.+ 30  Укум-тукумуңар көбөйүп, ал жерди ээлегенге чейин, аларды акырындык менен кууп чыгам.+ 31  Чек араңарды Кызыл деңизден пелиштиликтердин деңизине чейин, чөлдөн Эфрат* дарыясына+ чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын колуңарга салып берем, аларды кууп чыгасыңар.+ 32  Алар менен келишим түзбөгүлө, сыйынабыз деп кудайларына да убада бербегиле.+ 33  Алар силердин жериңерде жашабашы керек. Болбосо силерди мага каршы күнөө кылганга түртүшөт. Эгер алардын кудайларына сыйынсаңар, торго түшөсүңөр».+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сөздөн».
Сыягы, бул алардын атын сыйыныш үчүн атабашы керектигин билдирет.
Б. а. түшүм жыйналган мезгилдин башында белгиленчү майрам. Жумалар майрамы же Элүүнчү күн майрамы деп да аталат. Сөздүктү кара.
Б. а. түшүм жыйналган мезгилдин аягында белгиленчү майрам. Алачык майрамы деп да аталат. Сөздүктү кара.
Же балким: «аларды коркутуп-титиретип коём».
Евфрат.