Чыгуу 26:1—37
26 Ыйык чатырга+ чыйратылган сапаттуу зыгыр жиптен, көк, кызгылт көк, ачык кызыл жиптерден 10 жабуу току. Аларга керуптардын+ сүрөтүн саймалап түшүр.+
2 Ар бир жабуунун узундугу 12 метр, туурасы 2 метр* болсун. Баарынын көлөмү бирдей болсун.+
3 Беш жабууну бириктирип, бир чоң жабуу жаса, калган беш жабууну да бириктирип, бир чоң жабуу жаса.
4 Эки чоң жабуунун тең четине, бири-бири менен бириге турган жерине, көк жиптен илмектерди жаса.
5 Биринчи чоң жабууга 50 илмек жаса, экинчи чоң жабуунун биринчи чоң жабуу менен бириге турган жерине да 50 илмек жаса. Илмектерди бири-биринин тушуна жаса.
6 Алтындан 50 илгич жасап, эки чоң жабууну ошол илгичтер менен бириктир. Ошондо ыйык чатырды жаба турган бир бүтүн жабуу болот.+
7 Ыйык чатыр үчүн эчкинин жүнүнөн+ 11 жабуу току.+
8 Ар бир жабуунун узундугу 13 жарым, туурасы 2 метр* болсун. 11 жабуунун баары бирдей болсун.
9 Андан соң 5 жабууну өзүнчө, 6 жабууну өзүнчө бириктир. Анан алтынчы жабууну чатырдын алды жагынан эки кат кылып бүктөп кой.
10 Биринчи чоң жабуунун бир четине 50 илмек жаса, экинчи чоң жабуунун биринчи чоң жабуу менен бириге турган жерине да 50 илмек жаса.
11 Жезден 50 илгич жасап, аларды илмектерге киргиз да, эки чоң жабууну бириктир. Ошондо бир бүтүн жабуу болот.
12 Жабуунун артып калган бөлүгү ыйык чатырдын арт жагынан ашып турсун. Ал зыгырдан жасалган жабуудан 90 сантиметр* ашып турат.
13 Ал эми жабуунун узунунан артып калган бөлүгү, ыйык чатырдын капталдарын жаап турушу үчүн, эки капталынан тең 45 сантиметр* ашып турсун.
14 Ал жабуунун үстүнөн жабыш үчүн кызылга боёлгон кочкордун терисинен жабуу жаса, ал эми анын үстүнөн жабыла турган жабууну түлөндүн терисинен жаса.+
15 Акация жыгачынан тигинен тургузула турган кашектерди жаса,+ алар ыйык чатырдын дубалы болот.+
16 Ар бир кашектин бийиктиги 4 жарым метр, туурасы 67 сантиметр* болсун.
17 Ар бир кашектин түбүндө жанаша жайгашкан эки буту болсун. Ыйык чатырдын кашектеринин баарын ушундай кылып жаса.
18 Анын түштүккө караган капталы үчүн 20 кашек жаса.
19 Ал 20 кашек үчүн оюгу бар 40 күмүш таканыч жаса:+ эки буту бар кашектердин ар биринин алдында оюгу бар экиден таканыч болсун.+
20 Ыйык чатырдын түндүккө караган капталы үчүн да 20 кашек,
21 оюгу бар 40 күмүш таканыч жаса: ар бир кашектин алдында оюгу бар экиден таканыч болсун.
22 Ыйык чатырдын арт жагы, батышка караган жагы, үчүн 6 кашек жаса.+
23 Арт жагындагы бурчтарына тирөөч катары эки кашек жаса.
24 Алар жогору жагынан биринчи шакектин жанынан бириге турган эки бөлүктөн турушу керек. Бурчтан тиреп тура турган эки кашек тең ушундай болушу керек.
25 Баары биригип 8 кашек, оюгу бар 16 күмүш таканыч болсун: ар бир кашектин алдына оюгу бар экиден таканыч болсун.
26 Акация жыгачынан шыргыйларды жаса: ыйык чатырдын бир капталындагы кашектер үчүн 5 шыргый,+
27 экинчи капталындагы кашектер үчүн 5 шыргый, арт жагындагы, батыш тарабындагы, кашектер үчүн 5 шыргый жаса.
28 Ортосунан кеткен шыргый кашектерди биринчисинен тартып акыркысына чейин бириктирип турат.
29 Кашектерди алтын менен каптап,+ аларга шыргый киргизиле турган алтын шакектерди жаса. Шыргыйларды да алтын менен капта.
30 Ыйык чатырды сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса.+
31 Көк, кызгылт көк, ачык кызыл жиптерден, чыйратылган сапаттуу зыгыр жиптен көшөгө току.+ Ага керуптардын сүрөтү саймаланып түшүрүлсүн.
32 Ал көшөгөнү акация жыгачынан жасалып, алтын менен капталган 4 мамыга ил. Илгичтери алтындан жасалсын. Мамылар оюгу бар 4 күмүш таканычка орнотулсун.
33 Көшөгөнү илгичтердин* асты жагына илип, келишим сандыгын анын ич жагына алып кир.+ Көшөгө Ыйык жайды*+ Ыйыктын ыйыгынан*+ бөлүп турсун.
34 Келишим сандыгын капкагын жаап, Ыйыктын ыйыгына коюп кой.
35 Көшөгөнүн сырт жагына үстөлдү, ал эми үстөлдүн тушуна, ыйык чатырдын түштүктү караган тарабына, чыракпаяны кой.+ Үстөлдү түндүк тарапка кой.
36 Ыйык чатырдын кире беришине көк, кызгылт көк, ачык кызыл жиптерден, чыйратылган сапаттуу зыгыр жиптен көшөгө току.+
37 Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан 5 мамы жасап, алтын менен капта. Илгичтери алтындан жасалсын. Мамылар үчүн жезден оюгу бар 5 таканыч куй.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 28, туурасы 4 чыканак». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 30, туурасы 4 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «2 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «1 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «бийиктиги 10, туурасы 1 жарым чыканак».
^ Сыягы, бул көшөгөнүн илгичтерин эмес, жабууларды бириктирип турган илгичтерди билдирет.