Чыгуу 31:1—18

  • Чеберлерге Кудайдын руху берилет (1—11)

  • Дем алыш күн — Кудай менен ысрайыл элинин ортосундагы белги (12—17)

  • Эки таш лоок (18)

31  Жахаба Мусага дагы мындай деп айтты: 2  «Мен Жүйүт уруусундагы+ Хурдун небереси, Уринин уулу Безелелди+ тандап алдым. 3  Ага ыйык рухумду* берем. Ошондо анын акылмандыгы, түшүнүгү, билими тереңдеп, бардык иштин көзүн билип калат, 4  чыгармачылыгы артып, алтындан, күмүштөн, жезден буюмдарды жасаганга, 5  таш кесип,+ алкакка салганга, жыгач сомдоп, ар кандай буюмдарды жасаганга жөндөмдүү болот.+ 6  Андан сырткары, Дан уруусундагы Акисамактын уулу Олиапты+ ага жардамчы кылып дайындадым. Мен сага буйруган нерселердин бардыгын жасашы үчүн, колу жөндүү чеберлердин баарына акыл берем.+ 7  Алар жолугушуу чатырын,+ келишим сандыгы+ менен үстүндөгү капкагын,+ чатырга тиешелүү бардык нерселерди, 8  үстөл+ менен ага тиешелүү нерселерди, таза алтындан жасала турган чыракпая менен ага тиешелүү бардык нерселерди,+ жыпарзат түтөткүчтү,+ 9  бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалына турган курмандык жайы+ менен ага тиешелүү бардык нерселерди, чоң казан менен түпкүчүн,+ 10  өзгөчө чебердик менен токулчу кийимдерди, дин кызматчы Арун кие турган ыйык кийимди жана анын уулдары дин кызматчы болуп кызмат кылганда кие турган кийимдерди,+ 11  ыйык майды жана ыйык жай үчүн жыпарзат жасашат.+ Алар мен сага буйругандардын баарын жасашат». 12  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 13  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамымды аткаргыла,+ себеби менин силерди ыйыктап, тандап алган Жахаба экенимди билишиңер үчүн, ошол күн мени менен силердин ортоңордо укумдан-тукумга белги болот. 14  Дем алыш күн силер үчүн ыйык болгондуктан, ал жөнүндөгү мыйзамды аткаргыла.+ Ким аны бузса, өлүм жазасына тартылат. Ал күнү иштеген адам элдин арасынан жок кылынат.+ 15  Алты күн иш кылса болот, ал эми жетинчи күн — дем алыш, толугу менен эс ала турган күн.+ Ал Жахаба үчүн ыйык. Ким дем алыш күнү иш кылса, өлүм жазасына тартылсын. 16  Ысрайыл эли дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамды укумдан-тукумга аткарсын. Ал — түбөлүккө түзүлгөн келишим. 17  Дем алыш күн мени менен ысрайыл элинин ортосундагы түбөлүктүү белги болот.+ Анткени мен, Жахаба, алты күндүн ичинде асман менен жерди жараткам. Жетинчи күнү болсо эс алып, кылган иштеримди көрүп канааттангам“».+ 18  Кудай Синай тоосунда Муса менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин ага келишим жазылган эки таш лоокту берди.+ Аларга Кудай өз колу* менен жазган болчу.+

Шилтемелер

Б. а. Кудайдын ыйык күчү.
Сөзмө-сөз: «манжасы».