Чыгуу 32:1—35
32 Ал ортодо Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканын+ көргөн эл Арунга келип: «Бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер,+ анткени бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусаңдын эмне болгонун билбейбиз»,— дешти.
2 Арун аларга: «Аялдарыңардын, уул-кыздарыңардын кулагынан алтын сөйкөлөрүн+ чыгарып, мага алып келгиле»,— деди.
3 Ошондо баары кулагынан алтын сөйкөлөрүн чыгарып, Арунга алып келе башташты.
4 Арун алардын алтынын алып, кескич менен калыпка келтирип, музоонун айкелин* жасады.+ Ошондо эл: «Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайың — ушул!» — деп кыйкыра баштады.+
5 Муну көргөндө Арун музоонун алдына курмандык жайын куруп: «Эртең Жахабага арналган майрам болот»,— деп жарыялады.
6 Эртеси күнү алар эртең менен эрте туруп, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалышты. Андан кийин эл ичип-жегени отурду. Анан туруп, көңүл ача башташты.+
7 Ошондо Жахаба Мусага: «Ылдый түш, анткени сен Мисир жеринен алып чыккан эл бузулду.+
8 Мен айткан жолдон бат эле чыгып кетишти.+ Музоо жасап алып: „Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайың — ушул!“ — деп ага таазим кылып, курмандыктарды чалып жатышат»,— деди.
9 Анан Жахаба Мусага: «Бул элдин тоң моюн экенин көрүп турам.+
10 Аларга каарым кайнап жатат. Мени токтотпо, аларды жок кылып, сенден улуу эл чыгарам»,— деди.+
11 Ошондо Муса Жахаба Кудайына+ мындай деп жалына баштады: «Оо, Жахаба, элиңди Мисир жеринен кудуреттүү күчүң менен алып чыкпадың беле, эми аларга каарданып, жок кылып салайын деп жатасыңбы?+
12 Мисирликтер: „Ал элин жаман ой менен алып чыккан турбайбы. Тоого алып барып өлтүрүп, жер бетинен жок кылгысы келген турбайбы“,— деп айтышат да.+ Жалындаган каарыңды басып, оюңдан кайта көр, элиңе жамандык кыла көрбө.
13 Кызматчыларың Ыбрайымды, Ыскакты, Ысрайылды эстей көр. Аларга: „Тукумуңарды асмандагы жылдыздардай көбөйтөм.+ Өзүм айткан ушул жердин баарын силердин тукумуңарга берем, алар аны түбөлүккө ээлешет“,+— деп өзүңдү оозанып ант бербедиң беле».
14 Ошондо Жахаба элин жок кылам деген оюнан кайтты.+
15 Муса тоодон түштү. Колунда+ келишим жазылган эки таш лоок+ бар эле. Алардын эки бетине тең жазылган болчу.
16 Ал таш лоокторду Кудай өзү жасап, бетиндеги сөздөрдү да өзү чегип жазган эле.+
17 Жашыя элдин кыйкырып, чуру-чуу болуп жатканын угуп, Мусага: «Конуштан согушкандардын үнү угулуп жатат»,— деди.
18 Бирок Муса:
«Бул жеңгендердин ыры эмес,Жеңилгендердин ыйы да эмес,Мага башкача ыр угулуп жатат»,— деди.
19 Муса конушка жакындап, музоону+ жана бийлеп жаткандарды көрөрү менен ачуусу кайнап, тоонун этегине жеткенде колундагы таш лоокторду жерге чаап, талкалап салды.+
20 Анан эл жасаган музоону өрттөп, майда кылып талкалап,+ сууга чачып жиберди да, ал суудан ысрайылдыктарга ичирди.+
21 Андан кийин Муса Арунга: «Бул элди ушундай чоң күнөөгө батыргыдай, булар сага эмне кылды?» — деди.
22 Арун: «Мырзам, мага ачуулана көрбө. Бул элдин жаман ишке жакын экенин өзүң жакшы билесиң.+
23 Алар мага: „Бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер, анткени бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусаңдын эмне болгонун билбейбиз“,— дешти.+
24 Ошондо мен: „Кимиңердин алтыныңар бар болсо, чечип, мага бергиле“,— дедим. Анан аны алып отко салсам, ошол музоо чыкты»,— деди.
25 Муса элдин ээ-жаа бербей калганын көрдү. Арун аларды тыйбагандыктан, алар душмандарына шылдың боло тургандай иш кылышты.
26 Муса конуштун кире беришине туруп: «Ким Жахаба тарапта болсо, менин жаныма келсин!» — деди.+ Ошондо анын жанына бүт лебилер чогулушту.
27 Муса аларга: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, конушту бир четинен экинчи четине чейин аралап чыккыла да, бир тууганыңар болобу, кошунаңар болобу, досуңар болобу, ушундай күнөө кылгандардын баарын өлтүргүлө“»,— деди.+
28 Лебилер Муса айткандай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен 3 000дей киши өлдү.
29 Муса лебилерге: «Бүгүндөн тартып Жахабага кызмат кылыш үчүн бөлүнгүлө. Анткени ага баш ийип, өз уулдарыңарды, бир туугандарыңарды өлтүрдүңөр.+ Ага ушинтип баш ийгениңер үчүн, ал бүгүн силерге батасын берет»,— деди.+
30 Эртеси күнү Муса элге: «Силер чоң күнөөгө баттыңар. Ошон үчүн Жахабага барайын. Ал күнөөңөрдү кечириши үчүн, балким, бир нерсе кыла алаттырмын»,— деди.+
31 Анан Жахабага барып: «Бул эл алтындан кудай жасап,+ чоң күнөөгө батты.
32 Буларды кечире көр.+ Эгерде кечирбесең, өзүң жазган китебиңден менин атымды өчүрүп ташта»,— деди.+
33 Бирок Жахаба Мусага: «Менин алдымда ким күнөө кылса, китебимден ошонун атын өчүрөм.
34 Эми барып, элди мен айткан жерге алып бар. Менин периштем сенин алдыңа түшүп,+ жетектеп барат. Ал эми элди жасаган күнөөсү үчүн, аларды соттой турган күн келгенде, жазалайм»,— деди.
35 Анан Жахаба элди музоо жасаганы үчүн, Арун жасаган музоо үчүн жазалады.
Шилтемелер
^ Же: «куйма айкелин».