Чыгуу 33:1—23
33 Жахаба Мусага: «Өзүң Мисирден алып чыккан эл менен бирге бул жерден чыгып, мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: „Сенин тукумуңа берем“,+— деп убада кылган жерге бар.
2 Силерден мурун периштени жиберип,+ ал жерден канаандыктарды, аморлуктарды, Хеттин тукумдарын, периздерди, хибилерди, жебустуктарды кууп чыгам.+
3 Бал менен сүт аккан ошол жерге баргыла.+ Мен болсо силер менен барбайм. Болбосо жолдон силерди жок кылып салышым мүмкүн,+ анткени силер тоң моюн элсиңер»,+— деди.
4 Бул жаман кабарды укканда эл кайгыга батты. Эч кимиси жасалгаларын тагынган жок.
5 Жахаба Мусага: «Ысрайыл элине: „Силер тоң моюн элсиңер.+ Конушуңарды бир заматта аралап чыгып, силерди жок кылып коё алмакмын.+ Эми жасалгаларыңарды тагынбай тургула, силерди эмне кылышты ойлонуп көрөйүн“,— деп айт»,— деди.
6 Ысрайылдыктар Хореп тоосунун жанындагы ошол окуядан кийин жасалгаларын тагынышкан жок.
7 Муса чатырын алып, конуштун сыртына, андан арыраак жерге тикти да, аны жолугушуу чатыры* деп атады. Жахабадан бир нерсе жөнүндө сурагысы келгендердин баары+ конуштун сыртындагы ошол чатырга барышчу.
8 Муса ал чатырга баратканда, элдин баары ордунан туруп, ал ичкери кирип кеткенге чейин, өз чатырынын кире беришинде аны карап турушчу.
9 Муса чатырга киргенде, булут мамы+ ылдый түшүп, Кудай Муса менен сүйлөшүп жатканда, чатырдын кире беришинде турчу.+
10 Чатырдын кире беришинде турган булут мамыны көргөндө баары ордунан туруп, ар кимиси өз чатырынын кире беришинде таазим кылчу.
11 Жахаба Муса менен, адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндөй, бетме-бет сүйлөшчү.+ Муса конушка кайтып барганда, анын кызматчысы жана жардамчысы+ Нундун уулу Жашыя+ ал чатырдын жанынан кетчү эмес.
12 Муса Жахабага: «Сен мага: „Бул элди баштап бар“,— деп жатасың, бирок мени менен кимди жиберериңди айткан жоксуң. Анын үстүнө, мага: „Мен сени жакшы билем*, сен көңүлүмө жаккан адамсың“,— дебедиң беле.
13 Эгер көңүлүңө жаккан болсом, анда суранам, сени таанып-билишим үчүн, мындан ары да сага жаккан адам болушум үчүн, мага кандай иш кыларыңды* ачып берчи.+ Бул эл сенин элиң экенин да унута көрбө»,+— деди.
14 Кудай ага: «Сени менен өзүм барам,+ сага бейпилдик берем»,— деди.+
15 Муса ага: «Эгер биз менен өзүң барбасаң, анда бизди ушул жерге эле калтыр.
16 Мен да, элиң да сага жагарыбызды кантип билебиз? Биз менен чогуу барганыңдан билебиз да.+ Мен да, элиң да жер жүзүндөгү башка элдердин баарынан ушунубуз менен айырмаланат эмеспизби»,+— деди.
17 Жахаба Мусага: «Азыр айткандарыңды да аткарам, анткени сен көңүлүмө жаккан адамсың, мен сени жакшы билем»,— деди.
18 Ошондо Муса: «Мага улуулугуңду көрсөтчү»,— деп суранды.
19 Кудай ага: «Мен сенин алдыңан өтүп, сага канчалык жакшы экенимди көрсөтөм, Жахаба деген ысмымды жарыя кылам.+ Кайрымдуулук кылгым келгенге кайрымдуулук кылам, ырайым кылгым келгенге ырайым кылам»,— деди.+
20 Анан: «Менин жүзүмдү көрө албайсың, анткени менин жүзүмдү көргөн бир да киши тирүү калбайт»,— деп айтты.
21 Жахаба дагы мындай деди: «Менин жанымда бир жер бар. Ошол жердеги аскада туруп тур.
22 Мен сага улуулугумду көрсөтүп өтүп баратканда, сени асканын жаракасына коюп, өзүм өтүп кеткенге чейин, колум менен калкалап турам.
23 Анан колумду алганда, мени артымдан көрөсүң, бирок жүзүмдү көрө албайсың».+