Чыгуу 37:1—29
37 Анан Безелел+ акация жыгачынан узундугу 110 сантиметр, туурасы 67 сантиметр, бийиктиги 67 сантиметр*+ болгон сандык+ жасады.
2 Ичи-тышын таза алтын менен каптап, жогору жагын тегерете алтын менен кооздоп жээктеп койду.+
3 Ал сандык үчүн алтындан төрт шакек куюп, төрт бутунун жогору жагына: экөөнү бир капталына, экөөнү экинчи капталына бекитти.
4 Анан акация жыгачынан шыргыйларды жасап, алтын менен каптады.+
5 Сандыкты көтөрүп жүрүш үчүн,+ шыргыйларды эки капталындагы шакектерге киргизип койду.
6 Сандык үчүн таза алтындан+ узундугу 110, туурасы 67 сантиметр+ болгон капкак жасады.
7 Капкактын эки четине орнотуш үчүн эки керуп+ жасады. Аларды алтындан согуп жасады.+
8 Бирин капкактын бир четине, экинчисин экинчи четине орнотту. Аларды капкактын эки четине орнотту.
9 Керуптардын канаттары өйдө көтөрүлүп, капкакты жаап турду.+ Алар маңдай-тескей орнотулуп, жүздөрү капкакты карап турду.+
10 Анан акация жыгачынан+ узундугу 90, туурасы 45, бийиктиги 67 сантиметр*+ болгон үстөл жасады.
11 Аны таза алтын менен каптап, тегерете алтын менен кооздоп жээктеп койду.
12 Капталдарына эни алакандын эниндей* болгон жээк жасап, аны тегерете алтын менен кооздоп койду.
13 Үстөл үчүн алтындан төрт шакек куюп, аларды үстөлдүн буттары үстү менен бириккен төрт бурчуна бекитти.
14 Шакектерди үстөлдү айландыра жасалган жээкке жакын бекитти: аларга үстөлдү көтөрүп жүрүш үчүн шыргыйлар киргизилмек.
15 Үстөлдү көтөрүп жүрүш үчүн акация жыгачынан шыргыйларды жасап, алтын менен каптады.
16 Андан кийин таза алтындан үстөлгө коюлчу нерселерди: идиштерди, чөйчөктөрдү, суюк тартууларды куя турган кумаралар менен табактарды жасады.+
17 Анан таза алтындан чыракпая+ жасады. Аны бир бүтүн алтындан согуп жасады. Сөңгөгүнөн бутактарды, чөйчөкчөлөрдү, бүчүрлөр менен гүлдөрдү чыгарды.+
18 Чыракпаянын сөңгөгүнөн алты бутак: үчөө бир жагынан, үчөө экинчи жагынан чыгып турду.
19 Эки жагындагы тең бутактардын ар бирине бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө жана алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр жасалды. Чыракпаянын сөңгөгүнөн чыккан алты бутактын баары ушундай жасалды.
20 Ал эми сөңгөгүнүн өзүнө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө жана алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр жасалды.
21 Чыракпаянын сөңгөгүнөн чыккан биринчи эки бутактын алдына да, экинчи эки бутактын алдына да, үчүнчү эки бутактын алдына да бүчүр жасалды: алты бутактын тең алдына бүчүр жасалды.
22 Бүчүрлөрү, бутактары, чыракпаянын өзү толугу менен бир бүтүн таза алтындан согулуп жасалды.
23 Андан кийин таза алтындан жети чырак,+ биликтин күйүгүн ала турган кычкачтарды, биликтин күйүгү салынчу идиштерди жасады.
24 Чыракпая менен ага тиешелүү нерселердин баарын 34 килограмм* таза алтындан жасады.
25 Жыпарзат түтөтүш үчүн акация жыгачынан төрт бурчтуу жыпарзат түтөткүч+ жасады. Анын узундугу 45, туурасы 45, бийиктиги 90 сантиметр* болду. Ал мүйүздөрү менен чогуу бир бүтүн жыгачтан жасалды.+
26 Жыпарзат түтөткүчтү: үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, өзүн тегерете алтын менен кооздоп жээктеп койду.
27 Карама-каршы турган эки капталына, тегерете жасалган жээгинин астына экиден алтын шакек жасады. Аларга аны көтөрүп жүрүш үчүн шыргыйлар киргизилмек.
28 Андан кийин акация жыгачынан шыргыйларды жасап, алтын менен каптады.
29 Булардан сырткары, ыйык май+ менен таза жыпарзат+ жасады. Аларды жыпар жыттуу аралашма жасагандай чебердик менен жасады.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 2 жарым, туурасы 1 жарым, бийиктиги 1 жарым чыканак». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 2, туурасы 2, бийиктиги 1 жарым чыканак».
^ Болжол менен 7,4 см.
^ Сөзмө-сөз: «бир талант». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 1, туурасы 1, бийиктиги 2 чыканак».