Чыгуу 38:1—31

  • Курмандык жайы (1—7)

  • Чоң жез казан (8)

  • Короо (9—20)

  • Ыйык чатыр үчүн керектелген нерселердин тизмеси (21—31)

38  Анан Безелел акация жыгачынан бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалына турган курмандык жайын жасады. Аны узундугу 2 жарым, туурасы 2 жарым, бийиктиги 1 жарым метр* кылып, төрт бурчтуу кылып жасады.+ 2  Төрт бурчунан 4 мүйүз чыгарды. Аны мүйүздөрү менен чогуу бир бүтүн жыгачтан жасады. Анан жез менен каптады.+ 3  Андан кийин ага тиешелүү нерселерди: күл чыгарган чакаларды, калактарды, чараларды, айрыларды, чок салгычтарды жасады. Курмандык жайына тиешелүү нерселердин баарын жезден жасады. 4  Жезден тор да жасап, аны курмандык жайынын жээктелген жеринин асты жагына, орто ченине, жайгаштырды. 5  Төрт шакек куюп, аларды курмандык жайынын төрт бурчуна, жез тордун жанына бекитти. Аларга шыргыйлар киргизилет. 6  Анан акация жыгачынан шыргыйларды жасап, жез менен каптады. 7  Курмандык жайын көтөрүп жүрүш үчүн, шыргыйларды анын эки капталындагы шакектерге киргизди. Курмандык жайын жыгачтан ичин көңдөй кылып жасады. 8  Андан кийин жезден чоң казан+ менен түпкүчүн жасады. Аларды жолугушуу чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдардын күзгүлөрүнөн* жасады. 9  Анан жолугушуу чатыры үчүн короо жасады.+ Анын түштүккө караган тарабын тосуш үчүн чыйратылган сапаттуу зыгыр жиптен узундугу 45 метр* болгон кездеме токуду.+ 10  Аны тартыш үчүн жезден 20 мамы, алардын астына оюгу бар 20 жез таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен бириктиргичтери* күмүштөн жасалды. 11  Түндүк тарабы үчүн да узундугу 45 метр болгон кездеме токуду. Аны тартыш үчүн жезден 20 мамы, алардын астына оюгу бар 20 жез таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен бириктиргичтери күмүштөн жасалды. 12  Короонун батыш тарабы үчүн узундугу 22 метр* болгон кездеме токуп, аны тартыш үчүн 10 мамы жана алардын астына оюгу бар 10 таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен бириктиргичтери күмүштөн жасалды. 13  Короонун күн чыгыш тараптагы туурасы да 22 метр болду. 14  Короонун кире беришинин оң тарабындагы кездеменин узундугу 7 метр* болду. Аны тартыш үчүн 3 мамы, алардын астына оюгу бар 3 таканыч жасалды. 15  Сол тарабындагы кездеменин узундугу да 7 метр болду. Аны тартыш үчүн 3 мамы, алардын астына оюгу бар 3 таканыч жасалды. 16  Короонун кездемелеринин баары чыйратылган сапаттуу зыгыр жиптен токулду. 17  Мамылардын астына коюлчу оюгу бар таканычтар жезден, ал эми илгичтери менен бириктиргичтери күмүштөн жасалды. Мамылардын үстү жагы күмүш менен капталды. Короонун бардык мамыларынын карматкычтары күмүштөн жасалды.+ 18  Короонун кире беришин тоскон көшөгө көк, кызгылт көк, ачык кызыл жиптерден, чыйратылган сапаттуу зыгыр жиптен токулду. Анын узундугу 9 метр*, ал эми бийиктиги короонун кездемесинин бийиктигиндей эле 2 жарым метр* болду.+ 19  Ал үчүн жезден 4 мамы, алардын астына оюгу бар 4 жез таканыч жасалды. Мамылардын илгичтери менен бириктиргичтери күмүштөн жасалды. Мамылардын үстү жагы күмүш менен капталды. 20  Ыйык чатыр менен короонун бардык казыктары жезден жасалды.+ 21  Мусанын буйругу боюнча, келишим сандыгы+ турган ыйык чатыр үчүн керектелген нерселердин тизмеси түзүлдү. Аны түзгөнгө дин кызматчы Арундун уулу Итамар+ жетектеген лебилер+ жооптуу болду. 22  Жахаба Мусага эмнелерди буйруса, Жүйүт уруусундагы Хурдун небереси, Уринин уулу Безелел+ ошонун баарын жасады. 23  Аны менен чогуу Дан уруусундагы Акисамактын уулу Олиап+ иштеди. Ал чебер уста, саймачы жана көк, кызгылт көк, ачык кызыл жиптерден, сапаттуу зыгыр жиптен ар кандай нерселерди токуган токуучу эле. 24  Ыйык жайдагы бардык жумушка сарпталган алтындын салмагы ыйык жайдын чен-өлчөмү менен 1 тонна* болду. Чайпалта турган тартуу+ катары ушунча алтын алынып келген болчу. 25  Жамааттын арасындагы каттоодон өткөндөр алып келген күмүштүн салмагы ыйык жайдын чен-өлчөмү менен 3 тонна 440 килограмм* болду. 26  Киши башына 6 граммдан алынды. 20 жаштагылардан тартып+ каттоодон өткөндөрдүн — 603 550 кишинин+ — ар бири ыйык жайдын чен-өлчөмү менен 6 граммдан* алып келди. 27  Ыйык жайдын оюгу бар таканычтары менен көшөгөнүн жанындагы оюгу бар таканычтар үчүн 3 тонна 420 килограмм* күмүш жумшалды. Оюгу бар 100 таканычка 3 тонна 420 килограмм: оюгу бар таканычтардын ар бирине 34 килограмм 200 грамм* кетти.+ 28  Мамылардын илгичтерин жасаганга, мамылардын үстү жагын каптап, бири-бири менен бириктиргенге 20 килограмм* күмүш кетти. 29  Тартуу* катары алынып келген жездин салмагы 2 тонна 420 килограмм* болду. 30  Ал жезден жолугушуу чатырынын кире бериши үчүн оюгу бар таканычтар, курмандык жайы, анын тору, курмандык жайына тиешелүү нерселердин баары, 31  короонун оюгу бар таканычтары, короонун кире беришинин оюгу бар таканычтары, ыйык чатырдын казыктары менен короонун бардык казыктары+ жасалды.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «узундугу 5, туурасы 5, бийиктиги 3 чыканак». Б14 тиркемесин кара.
Жалтырата жылмаланган металл күзгүлөр.
Сөзмө-сөз: «100 чыканак».
Же: «шакектери; илгичтери».
Сөзмө-сөз: «50 чыканак».
Сөзмө-сөз: «15 чыканак».
Сөзмө-сөз: «20 чыканак».
Сөзмө-сөз: «5 чыканак».
Сөзмө-сөз: «29 талант 730 шекел». 1 талант = 34,2 кг. 1 шекел = 11,4 г. Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «100 талант 1 775 шекел».
Сөзмө-сөз: «жарым шекелден».
Сөзмө-сөз: «100 талант».
Сөзмө-сөз: «1 талант».
Сөзмө-сөз: «1 775 шекел».
Же: «Чайпалта турган тартуу».
Сөзмө-сөз: «70 талант 2 400 шекел».