Чыгуу 5:1—23
5 Андан кийин Муса менен Арун фараонго барып: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба: „Элимди коё бер. Алар чөлдө мага арнап майрам өткөрүшсүн“,— деп айтып жатат»,— дешти.
2 Бирок фараон: «Мен анын айтканын угуп, ысрайылдыктарды коё бергидей,+ Жахаба ким экен?+ Мен Жахабаңды билбейм, ысрайылдыктарды да коё бербейм»,— деди.+
3 Алар: «Биз менен ысрайылдыктардын* Кудайы сүйлөштү. Чөлгө үч күнгө* барып, Жахаба Кудайыбызга курмандык чалып келгенге уруксат эт.+ Болбосо ал бизди катуу оору же кылыч менен жазалайт»,— дешти.
4 Бирок Мисирдин падышасы аларга: «Муса, Арун, эмнеге элди жумуштан алаксытып жатасыңар? Баргыла, иштегиле!» — деди.+
5 Анан дагы: «Бул жерде силердин элиңер көп. Эмне, алардын баары жумушун таштап, силер менен барсын деп турасыңарбы?» — деди.
6 Ошол күнү фараон ысрайыл элин жумушка салгандар менен алардын ысрайылдык жардамчыларына:
7 «Мындан ары бул элге кыш куюш үчүн саман чогултуп бербегиле,+ өзүлөрү чогултушсун.
8 Бирок мурун канча кыш куюшса, ошончону куйгула деп талап кылгыла, санын азайтпагыла. Булар жалкоо, ошон үчүн: „Барып, Кудайыбызга курмандык чалабыз!“ — деп кыйкырып жатышат да.
9 Көбүрөөк жумуш бергиле, куру сөздөргө көп алаксыбай, иштешсин»,— деди.
10 Ошондо ысрайыл элин жумушка салгандар+ менен алардын ысрайылдык жардамчылары элге барып: «Фараон: „Силерге мындан ары саман берилбейт.
11 Баргыла да, каалаган жериңерден саман таап алгыла. Бирок жумушуңар азайбайт“,— деп айтты»,— дешти.
12 Ошентип, эл самандын ордуна колдонуш үчүн эгиндин кургак сабактарын издеп, бүт Мисир жерине чачырап кетти.
13 Ысрайыл элин жумушка салгандар болсо: «Иштегиле, саман бар убакта канча кыш куйсаңар, ар бириңер күн сайын ошончодон куйгула»,— деп аларды кыйнап жатышты.
14 Анысы аз келгенсип: «Эмнеге кечээ да, бүгүн да кышты демейдегиден аз куйдуңар?» — деп, өздөрү дайындаган ысрайылдык жардамчыларын сабашты.+
15 Ошондо тигилер фараонго барып: «Эмнеге кулдарыңызды мынча кыйнап жатасыз?
16 Кулдарыңызга саман бербей туруп: „Кыш куйгула!“ — деп талап кылып жатышат. Ал аз келгенсип, сиздин элиңиз күнөөлүү болсо да, бизди сабап жатышат»,— деп арызданышты.
17 Фараон болсо: «Силер жалкоо болуп кеттиңер, жумуштан качып жатасыңар!+ Ошон үчүн: „Барып, Жахабага курмандык чалабыз“,— деп жатасыңар да.+
18 Баргыла, иштегиле! Силерге саман берилбейт, бирок мурун канча кыш куйсаңар, мындан ары да ошончо куясыңар»,— деп айтты.
19 «Күн сайын канча кыш куюшуңар керек болсо, ошончо куясыңар»,— деген сөздөрдү укканда ысрайыл элинен тандалган жардамчылар башына мүшкүл түшкөнүн түшүнүштү.
20 Фараондон чыкканда аларды күтүп турган Муса менен Арунду көрүп,
21 экөөнө: «Силердин айыңардан фараон да, анын кызматчылары да бизди жек көрүп калышты. Бизди өлтүрүшү үчүн, алардын колдоруна кылыч карматтыңар. Силерди Жахаба өзү жазаласын»,— дешти.+
22 Ошондо Муса Жахабага кайрылып: «Жахаба, эмнеге бул элди азапка салдың? Мени эмнеге жибердиң?
23 Мен фараонго барып, сенин атыңдан+ сүйлөй баштагандан тартып, ал бул элди ого бетер эзе баштады.+ Сен болсо элиңди куткарган жоксуң»,— деди.+