Чыгуу 6:1—30

  • Кудай ысрайылдыктарды бошотом деген убадасын дагы бир жолу кайталайт (1—13)

    • Жахаба деген ысымдын мааниси толук ачыла элек болчу (2, 3)

  • Муса менен Арундун санжырасы (14—27)

  • Муса фараонго дагы барат (28—30)

6  Ошондо Жахаба Мусага: «Эми фараонго эмне кыларымды көрөсүң.+ Ага күчүмдү көрсөтүп, элимди коё бергенге, атүгүл Мисир жеринен кууп чыкканга аргасыз кылам»,— деди.+ 2  Кудай Мусага дагы мындай деди: «Мен Жахабамын. 3  Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка Кудурети Чексиз Кудай+ катары көрүнгөм, бирок Жахаба+ деген ысмымдын маанисин толук ачып берген эмесмин.+ 4  Аларга өздөрү келгин болуп жашаган Канаан жерин берем деп убада кылып, келишим түзгөм.+ 5  Ал келишимим эсимде,+ мен мисирликтер кул кылып алган ысрайылдыктардын зарлаган үнүн угуп жатам. 6  Ошондуктан ысрайылдыктарга мындай деп айт: „Мен Жахабамын. Силерди мисирликтердин эзүүсүнөн, кулчулугунан бошотом.+ Ал жерге оор жазаларды жиберип, силерди кудуреттүү күчүм* менен куткарып алам.+ 7  Силерди өзүмө эл кылам, силердин Кудайыңар болом.+ Ошондо силерди Мисирден алып чыгып, анын эзүүсүнөн бошоткон Жахаба Кудайыңар экенимди билесиңер. 8  Силерди Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп ант берген жерге алып барам да, аны силерге берем.+ Мен Жахабамын,+ муну мен айттым“». 9  Муса ушулардын баарын ысрайылдыктарга айтты, бирок алар укпай коюшту, анткени кулчулуктун айынан кыйналып, ындыны өчүп калган эле.+ 10  Ошондо Жахаба Мусага: 11  «Мисирдин падышасына, фараонго, барып айт, ысрайылдыктарды коё берсин»,— деди. 12  Бирок Муса Жахабага: «Мени ысрайыл эли укпай жатса,+ фараон укмак беле? Мен жакшы сүйлөй албайм да»,— деди.+ 13  Бирок ысрайылдыктарды Мисир жеринен алып чыгышы үчүн, Жахаба Муса менен Арунга ысрайылдыктар менен фараонго эмне деп айтыш керектигин дагы бир жолу айтты. 14  Ысрайылдыктардын урук башчылары булар: Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин+ уулдары: Ханох, Палу, Кесрон, Карми.+ Булар — Рубейиндин тукумдары. 15  Шымондун уулдары: Жемуел, Жамин, Охат, Жахин, Зохар жана канаандык аялы төрөп берген Шабул.+ Булар — Шымондун тукумдары. 16  Лебинин+ уулдарынын аттары: Гершон, Каат, Мерари.+ Алардан урук-тукуму тараган. Леби 137 жыл жашаган. 17  Гершондун уулдары: Либни менен Шимей. Алардан урук-тукуму тараган.+ 18  Кааттын уулдары: Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел.+ Каат 133 жыл жашаган. 19  Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Бул — Лебинин уулдарынан тарагандардын санжырасы.+ 20  Амрам атасынын карындаштарынан болгон Жохебетти аялдыкка алган.+ Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген.+ Амрам 137 жыл жашаган. 21  Итсардын уулдары: Корак,+ Непек, Зихри. 22  Узиелдин уулдары: Мишаел, Элисапан,+ Ситри. 23  Арун Аминадаптын кызы, Нахшондун+ бир тууганы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надапты, Абыйды, Элазарды, Итамарды+ төрөп берген. 24  Корактын уулдары: Асир, Элкана, Абиасап.+ Булар — Корактан тарагандар.+ 25  Арундун уулу Элазар+ Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты+ төрөп берген. Булар — Лебинин уулдарынан тараган урук башчылары.+ 26  Арун менен Муса — ушулардын тукумдары. Жахаба ал экөөнө: «Ысрайыл элин Мисир жеринен топ-тобу менен* алып чыккыла»,— деп айткан.+ 27  Ошол Муса менен Арун+ ысрайыл элин Мисирден алып чыгыш үчүн Мисир падышасы менен сүйлөшкөн. 28  Жахаба Мисир жеринде Муса менен сүйлөшкөн күнү 29  Жахаба ага: «Мен Жахабамын. Мен айткандардын баарын Мисир падышасына, фараонго, айт»,— деген. 30  Бирок Муса Жахабага: «Мен жакшы сүйлөй албайм да. Фараон мени укмак беле?» — деген.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сунулган колум».
Же: «аскер кошуундарындай кылып».