Чыгуу 7:1—25
7 Ошондо Жахаба Мусага мындай деди: «Мына, мен сага фараондун үстүнөн Кудайдыкындай бийлик бердим. Агаң Арун болсо сенин пайгамбарың болот.+
2 Сен ага мен айткандардын баарын айтып турасың, ал болсо фараонго айтат. Фараон акыр-аягы ысрайыл элин коё берет.
3 Мен анын тоң моюн болушуна жол берип,+ Мисир жеринде көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтөм.+
4 Бирок фараон силерди укпай коёт. Ошондо Мисирге күчүмдү көрсөтөм да, жаза артынан жаза жиберип, бул жерден көп сандаган элимди*, ысрайыл элимди, алып чыгам.+
5 Мен Мисирди жазалап, ысрайылдыктарды бул жерден алып чыкканда, мисирликтер менин Жахаба экенимди билишет».+
6 Муса менен Арун Жахаба айткандай кылышты. Ал кандай айтса, так ошондой кылышты.
7 Фараон менен сүйлөшкөндө Муса 80де, Арун болсо 83тө эле.+
8 Жахаба Муса менен Арунга:
9 «Эгерде фараон силерге: „Керемет көрсөткүлө“,— десе, сен Арунга: „Таягыңды алып, фараондун алдына ташта“,— деп айт. Ошондо таяк чоң жыланга айланат»,— деди.+
10 Муса менен Арун фараонго барып, бардыгын Жахаба айткандай кылышты. Арун таягын фараон менен анын кызматчыларынын алдына таштаганда, ал чоң жыланга айланды.
11 Бирок фараон акылмандары менен көз байлоочуларын чакыртты. Анан мисирликтердин сыйкырчылык кылган дин кызматчылары+ да сыйкырдуу күчүн колдонуп ошондой кылышты.+
12 Ар бири өз таягын таштаганда, алардын таяктары да чоң жыландарга айланып калды. Бирок Арундун жыланы* алардын жыландарын жутуп койду.
13 Анткен менен фараон тоң моюндук кылып,+ Жахаба айткандай, аларды укпай койду.
14 Ошондо Жахаба Мусага мындай деди: «Фараон өжөр.+ Ал элди коё бербей жатат.
15 Ошон үчүн эртең менен фараонго бар. Ал Нил дарыясына барат. Сен ага жолугуш үчүн дарыянын жээгинде тур. Колуңа болсо жыланга айланган таягыңды+ алып ал.
16 Анан ага мындай де: „Ысрайылдыктардын* Кудайы Жахаба мени сага: “Элимди коё бер, алар чөлгө барып, мага сыйынышсын”,— деп айттырыш үчүн жиберди.+ Сен болсо ушул күнгө чейин укпай жатасың.
17 Жахаба мындай дейт: “Менин Жахаба экенимди мындан билесиң:+ мен таягым менен Нил дарыясындагы сууну чапканда, ал канга айланат.
18 Дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасыйт. Мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат”“».
19 Андан кийин Жахаба Мусага: «Арунга: „Суулар канга айланышы үчүн, таягыңды алып, Мисир жериндеги сууларды: анын дарыяларын, чоң арыктарын*, саздарын,+ бардык суу сактагычтарын көздөй сун“,+— деп айт. Ошондо бүт Мисир жериндеги, атүгүл андагы жыгач идиштер менен таш идиштердеги суунун баары канга айланат»,— деди.
20 Муса менен Арун ошол замат Жахаба айткандай кылышты. Арун таягын көтөрүп, фараон менен анын кызматчыларынын көзүнчө Нил дарыясынын суусун чапты. Ошондо дарыядагы суунун баары канга айланды.+
21 Дарыядагы балыктар кырылып,+ дарыя сасый баштады. Мисирликтер андан суу иче албай калышты.+ Мисир жериндеги суунун баары канга айланды.
22 Бирок мисирликтердин сыйкырчылык кылган дин кызматчылары да сыйкырдуу күчүн колдонуп ошондой кылышты.+ Ошондуктан фараон мурдагыдай эле өжөрлөнүп, Жахаба айткандай, Муса менен Арунду укпай койду.+
23 Анан үйүнө кетип калды. Көргөн нерселери ага эч кандай таасир эткен жок.
24 Мисирликтердин баары ичкенге суу издеп, Нил дарыясынын тегерегин каза башташты, анткени дарыядагы суудан иче албай калышкан эле.
25 Жахаба Нил дарыясындагы сууну канга айландыргандан кийин 7 күн өттү.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «аскерлеримди, элимди».
^ Сөзмө-сөз: «таягы».
^ Сөзмө-сөз: «Еврейлердин».
^ Б. а. Нил дарыясынын чоң арыктарын.