Шемуелдин 1-китеби 12:1—25
12 Шемуел бүт ысрайыл элине: «Мен силер сурагандын баарын аткардым, силерди башкарышы үчүн падыша дайындадым.+
2 Эми силерди жетектей турган падышаңар бар!+ Мен болсо карып калдым, чачымды ак басты. Уулдарым болсо араңарда жүрөт.+ Мен силерди жаш чагымдан тартып ушул күнгө чейин жетектеп келдим.+
3 Мына, эми алдыңарда турам. Эгер кандайдыр бир нааразылыгыңар бар болсо, Жахаба менен ал тандаган падышанын*+ алдында айткыла: кимиңердин букаңарды же эшегиңерди алдым?+ Кимиңерди алдадым, кимиңерди кысымга алдым? Кимиңерден пара алып, адилетсиздик кылдым эле?+ Айткыла, баарын кайтарып берем»,+— деди.
4 Ошондо эл: «Жок, сен эч кимибизди алдаган эмессиң, кысымга да алган эмессиң, эч кимибизден эч нерсе да алган эмессиң»,— деди.
5 Шемуел аларга: «Менден эч кандай айып таппаганыңарга бүгүн Жахаба менен ал тандаган падыша* күбө»,— деди. Алар: «Ооба, ал* күбө»,— дешти.
6 Шемуел элге мындай деди: «Муса менен Арунду дайындап, ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыккан+ Жахаба өзү күбө.
7 Эми туруп тургула, мен Жахабанын алдында силерге каршы күбөгө өтүп, Жахабанын силерге, ата-бабаларыңарга жасаган бардык адил иштерин айтып берейин.
8 Жакып Мисирге баргандан кийин,+ ата-бабаларыңар Жахабага жардам сурап жалбарышканда,+ аларды Мисирден алып чыгып, ушул жерге алып келип жашатыш үчүн,+ Жахаба Муса+ менен Арунду жиберген.
9 Бирок ата-бабаларыңар Жахаба Кудайын унутуп коюшкандыктан, ал аларды хазорлуктардын аскер башчысы Сисеранын,+ пелиштиликтердин,+ Маап падышасынын+ колуна салып берген.+ Алар ата-бабаларыңар менен согушкан.
10 Ошондо ата-бабаларыңар Жахабага кайрылып: „Жахаба, биз күнөөгө баттык,+ сени таштап, Баал+ менен Астартанын+ сөлөкөттөрүнө сыйынып кеттик. Эми бизди душмандарыбыздын колунан куткара көр, биз сага кызмат кылабыз“,— деп жардам сурашкан.+
11 Анан Жахаба Жерубаалды,+ Беданды*, Иптахты,+ мени*+ дайындап, коопсуз жашашыңар үчүн, силерди тегерегиңердеги душмандарыңардын колунан куткарган.+
12 Бирок Амондун тукумдарынын падышасы Нахаштын+ силерге каршы чыкканын көргөнүңөрдө, Жахаба Кудайыңар өзү падышаңар болсо да,+ силер мага: „Жок, бизди падыша башкарсын!“ — деп туруп алдыңар.+
13 Мына, өзүңөр тандап, өзүңөр сурап алган падышаңар алдыңарда турат. Жахаба силерге падыша дайындап берди.+
14 Эгер Жахабадан коркуп,+ ага кызмат кылсаңар,+ тилин алсаңар,+ Жахабанын буйруктарына каршы чыкпасаңар, өзүңөр да, силерди башкарган падышаңар да Жахаба Кудайыңарга болгон берилгендигиңерден жазбасаңар, анда жакшы болот.
15 Ал эми Жахабанын тилин албай, Жахабанын буйруктарына каршы чыга турган болсоңор, Жахаба силерди да, аталарыңарды да жазалайт.+
16 Эми Жахабанын көз алдыңарда кандай керемет кыларын карап тургула.
17 Азыр буудай орула турган маал эмеспи? Бирок күн күркүрөтүп, жаан жаадырышы үчүн, азыр Жахабага кайрылам. Ошондо падыша сурап, Жахабанын алдында кандай жаман иш кылганыңарды түшүнөсүңөр».+
18 Анан Шемуел Жахабага кайрылып тиленгенде, Жахаба ошол эле күнү күн күркүрөтүп, жамгыр жаадырды. Муну көргөн элдин баары Жахаба менен Шемуелден абдан коркуп калды.
19 Алар Шемуелге: «Биздин өлгүбүз келбейт, кулдарың үчүн Жахаба Кудайыңан тиленчи.+ Анткени өзүбүзгө падыша сурап, күнөөлөрүбүзгө күнөө кошуп алдык»,— дешти.
20 Шемуел элге: «Коркпогула. Күнөө кылганыңар чын, бирок эми Жахабадан четтей көрбөгүлө,+ Жахабага бүт жүрөгүңөр менен кызмат кылгыла.+
21 Аны таштап, эч кандай пайда-батасы жок,+ куткара албаган жалган кудайларга* сыйынып кетпегиле.+ Алар — эч нерсеге жарабаган буркандар.
22 Жахаба силерди өз эли кылыш үчүн тандап алган.+ Жахаба өзүнүн улуу ысмы үчүн+ элин таштабайт.+
23 Өзүм жөнүндө айта турган болсом, силер үчүн тиленгенимди токтотпойм. Антип Жахабанын алдында күнөөгө батуу оюма да келбейт. Мен силерди мындан ары да туура, жакшы жолго багыттап турам.
24 Болгону, Жахабадан коркуп,+ ага бүт жүрөгүңөр менен берилип* кызмат кылгыла. Анын силер үчүн жасаган улуу иштерин унутпагыла.+
25 Ал эми өжөрлөнүп, жамандык кылганыңарды токтотпосоңор, анда өзүңөр да, падышаңар да өлүп жок болосуңар»,+— деди.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «анын майланганынын».
^ Сөзмө-сөз: «анын майланганы».
^ Бул Жахабаны же ал тандаган падышаны билдириши мүмкүн.
^ Сөзмө-сөз: «Шемуелди».
^ Сыягы, Баракты.
^ Же: «жок нерселерге».
^ Же: «чындап».