Шемуелдин 1-китеби 13:1—23

  • Шабул аскер топтойт (1—4)

  • Шабул өзүм билемдик кылат (5—9)

  • Шемуел Шабулду ашкерелейт (10—14)

  • Ысрайыл эли согушканы курал-жарагы жок чыгат (15—23)

13  Шабул...* жашында падыша болду.+ Ысрайылга бийлик кылганына эки жыл болгондо, 2  ал элинин арасынан 3 000 киши тандап алды: алардын 2 000и Михмашта, Бейтелдеги тоолуу аймакта Шабул менен, ал эми 1 000и Бенжемин уруусуна таандык Гибада+ Жонатан+ менен болду. Калган элди болсо үйлөрүнө коё берди. 3  Жонатан пелиштиликтердин+ Гебада+ жайгашкан күзөтчүлөр тобуна кол салып, катуу сокку урду. Муну пелиштиликтер укту. Шабул болсо: «Еврейлер уксун!» — деп, бүт өлкө боюнча сурнай тартканга+ буйрук берди. 4  Бүт Ысрайылга: «Шабул пелиштиликтердин күзөтчүлөрүнүн тобуна катуу сокку уруптур. Эми ысрайылдыктар пелиштиликтерге жек көрүндү болуп калышты»,— деген кеп тарай баштады. Эл Шабулдун артынан жүрүш үчүн Гилгалга+ чогултулду. 5  Пелиштиликтер да ысрайылдыктар менен согушканы чогулушту. Алардын 30 000 согуш арабасы, 6 000 атчан аскери бар болчу. Жоокерлери болсо деңиз жээгиндеги кумдай көп эле.+ Алар Бет-Абендин+ чыгышындагы Михмашка барып жайгашышты. 6  Ысрайылдыктар өздөрүнүн кысымга алынып, кыйын-кысталышта калганын көргөндө үңкүрлөргө,+ аскалардын жаракаларына, аска-таштардын арасына, жер төлөлөргө, суу сакталчу чуңкурларга жашына башташты. 7  Еврейлердин айрымдары атүгүл Иордандын аркы өйүзүндөгү Гат жана Гилат жерлерине+ чейин качып кетишти. Шабул болсо Гилгалда калды. Анын жанындагылардын баары коркконунан калтырап жатышты. 8  Шабул 7 күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү. Бирок Шемуел Гилгалга келген жок. Ошондуктан Шабулдун кишилери аны таштап, туш-тушка кете башташты. 9  Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлчү курмандык менен тынчтык курмандыктарын бери алып келгиле»,— деди. Анан бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты чалды.+ 10  Ал бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты чалып бүтөрү менен, Шемуел келип калды. Шабул аны менен учурашыш үчүн алдынан тосуп чыкты. 11  Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» — деди. Шабул: «Кишилерим мени таштап, туш-тушка кете башташты,+ сиз болсо белгиленген убакта келген жоксуз. Анын үстүнө, пелиштиликтер да Михмашка чогулуп калышты.+ 12  Ошон үчүн: „Эми пелиштиликтер Гилгалга түшүп келип, мага кол салышат. Мен болсо Жахабадан бизди колдошун али сурай элекмин“ — деп ойлоп, бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты чалганга аргасыз болдум»,— деди. 13  Ошондо Шемуел Шабулга: «Сен акылсыз иш кылдың. Жахаба Кудайыңдын буйругуна баш ийбей койдуң.+ Эгер баш ийсең, Жахаба Ысрайылдын үстүнөн болгон падышалык бийлигиңди түбөлүккө бекемдемек. 14  Эми болсо падышалык бийлигиңен айрыласың.+ Жахаба жүрөгүнө жаккан башка адамды табат.+ Жахаба аны өзүнүн элине жол башчы кылып дайындайт,+ анткени сен Жахабанын буйругуна баш ийбей койдуң»,+— деди. 15  Анан Шемуел Гилгалдан чыгып, Бенжемин уруусуна таандык Гибага барды. Шабул болсо жанында калгандарды санап чыкты. Алардын саны 600дөй болду.+ 16  Шабул менен уулу Жонатан жана алардын жанындагы кишилер Бенжемин уруусуна таандык Гебада+ калышты. Пелиштиликтердин кошууну болсо Михмашта+ эле. 17  Пелиштилик аскерлердин үч тобу жортуулга чыгып турчу. Алардын бири Опрага, Шуал жерине кеткен жол менен, 18  экинчиси Бет-Оронго+ кеткен жол менен, ал эми үчүнчүсү чөлдүн, Себоим өрөөнүнүн жанындагы чек арага кеткен жол менен барчу. 19  Пелиштиликтер: «Еврейлер өздөрүнө кылыч же найза жасап алышпасын» — деп, тыюу салып коюшкандыктан, бүт Ысрайыл боюнча бир да темир уста жок эле. 20  Соконун тишин, кетмен, балта же орок курчутуш керек болгондо ысрайылдыктар пелиштиликтерге барышчу. 21  Анан соконун тишин, кетмен, айры же балта курчутканы үчүн же мал айдаган учтуу таяктын учун оңдоп бергени үчүн аларга бир пим* төлөшчү. 22  Ошондуктан согушка Шабул менен анын уулу Жонатан гана курал-жаракчан барчу, ал эми алардын жанындагы кишилердин эч кимисинин кылычы да, найзасы да болгон эмес.+ 23  Пелиштиликтердин күзөтчүлөрүнүн тобу Михмаштагы+ өрөөндөгү ашууга барды.

Шилтемелер

Еврей тилиндеги текстте жашы жок.
Байыркы убактагы салмак бирдиги; болжол менен 8 г күмүшкө барабар.