Шемуелдин 1-китеби 15:1—35
15 Шемуел Шабулга: «Жахаба мени жиберип, сени өзүнүн ысрайыл элине падыша кылып дайындаган* эле.+ Эми Жахабанын сөзүнө кулак сал.+
2 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ысрайыл эли Мисирден келатканда аларга каршы чыгышканы үчүн Амалыктын тукумдарын жоопко тартам.+
3 Ошондуктан барып, Амалыктын тукумдарын,+ алардын эмнеси болсо, ошонун баарын кырып ташта.+ Аларды аяба, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да, ымыркайларын да, букаларын да, койлорун да, төөлөрүн да, эшектерин да кырып сал“»,+— деди.
4 Ошондо Шабул кишилерин чогултуп, аларды Телаимде санап чыкты. Жүйүт уруусунан 10 000 киши, ал эми Ысрайылдын башка урууларынан 200 000 жөө аскер болду.+
5 Шабул Амалыктын тукумдары жашаган шаарга чейин барып, өрөөндүн* жанына буктурма койду.
6 Анан кейниликтерге:+ «Силерди Амалыктын тукумдары менен кошо кырып салбашым үчүн, алардын арасынан чыгып кеткиле.+ Анткени ысрайыл эли Мисирден келатканда, силер аларга жакшы мамиле кылгансыңар*»,— деди.+ Ошондо кейниликтер Амалыктын тукумдарынын арасынан чыгып кетишти.
7 Анан Шабул Амалыктын тукумдарын+ Хабиладан+ тартып Мисирдин жанындагы Шурга+ чейин кырып салды.
8 Ал алардын падышасы Агакты+ тирүүлөй колго түшүрүп, калгандарын кылычтап өлтүрдү.+
9 Шабул менен анын кишилери Агакты тирүү калтырышты*, ошондой эле майда мал менен бодо малдын жакшыларын, семиздерин, кочкорлорду жана башка баалуу нерселердин баарын алып калышты.+ Өздөрүнө жакпагандарын, эч нерсеге жарабагандарын гана жок кылышты.
10 Ошондо Жахаба Шемуелге:
11 «Шабулду падыша кылганыма өкүнүп жатам*, анткени ал менин жолумдан чыгып, айткандарымды аткарбай койду»,— деди.+ Шемуел буга аябай кайгырып, түнү бою Жахабага жалынып чыкты.+
12 Анан Шабулга жолугуш үчүн эртең менен эрте турду. Бирок ага: «Шабул Кармелге+ барып, өзүнүн урматына эстелик коюп,+ кайра Гилгалга түшүп кетти»,— деп айтышты.
13 Шемуел Шабулга барганда, ал: «Жахаба сизге батасын берсин. Мен Жахабанын айтканын аткардым»,— деди.
14 Бирок Шемуел: «Анда эмнеге кулагыма койлордун маараганы, букалардын мөөрөгөнү угулуп жатат?» — деди.+
15 Шабул: «Аларды Амалыктын тукумдарынан алып келишти. Жахаба Кудайыңызга курмандык чалыш үчүн жоокерлерим майда мал менен бодо малдын жакшыларын калтырып коюшту, калгандарын болсо кырып таштадык»,— деди.
16 Шемуел ага: «Жетишет! Түндө Жахабанын мага эмне дегенин угуп тур»,— деди.+ Шабул: «Айта бериңиз»,— деди.
17 Шемуел ага: «Сен Ысрайыл урууларына башчы болуп дайындалганыңда, Жахаба сени Ысрайылга падыша кылып тандаганда,+ өзүңдү кадыр-баркы жок мындай эле адаммын деп эсептеп жүрчү элең го.+
18 Жахаба сени: „Барып, күнөөкөр Амалыктын тукумдарын кырып жок кыл.+ Алар менен салгылашып, эч кимисин тирүү калтырба“,— деп жөнөтпөдү беле.+
19 Эмнеге Жахабанын тилин алган жоксуң? Сен олжого жутунуп,+ Жахабанын көз алдында жаман иш кылдың!» — деди.
20 Бирок Шабул Шемуелге: «Жок, мен Жахабанын тилин албадымбы! Жахаба тапшырган ишти аткарбадымбы: Амалыктын тукумдарын кырып, падышасы Агакты туткундап келбедимби!+
21 Бирок жоокерлерим Гилгалда Жахаба Кудайыңызга курмандык чалыш үчүн жок кылынышы керек болгон койлор менен бодо малдын жакшыларын алып калышты»,— деди.+
22 Ошондо Шемуел: «Жахабаны эмне көбүрөөк кубандырат: бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен башка курмандыктарбы+ же Жахабага тил алганыңбы? Тил алуу курмандыктан артык,+ баш ийүү кочкорлордун майынан+ артык!
23 Анткени баш ийбестик+ төлгө салуу сыяктуу эле күнөө,+ өзүм билемдик сыйкырчылык сыяктуу эле, бурканга* табынуу сыяктуу эле күнөө. Сен Жахабанын сөзүн четке каккандыктан,+ ал да сени четке какты. Мындан ары падыша болбойсуң»,— деди.+
24 Шабул Шемуелге: «Мен Жахабанын буйругу менен сиздин айткандарыңызды аткарбай күнөө кылдым. Элден коркуп, алардын айтканын аткардым.
25 Эми суранам, күнөөмдү кечириңиз, Жахабага сыйынып, таазим кылышым үчүн, мени менен чогуу кайтыңызчы»,— деди.+
26 Бирок Шемуел ага: «Мен сени менен барбайм. Анткени сен Жахабанын сөзүн четке каккандыктан, Жахаба да сени четке какты. Мындан ары Ысрайылга падыша болбойсуң»,— деди.+
27 Анан бурулуп, кетмекчи болду. Шабул анын жеңи жок узун кийиминин этегинен кармаганда, ал айрылып калды.
28 Ошондо Шемуел ага: «Жахаба бүгүн сенден Ысрайылдын үстүнөн болгон падышалык бийликти тартып* алды. Ал аны сенден алда канча жакшы бирөөгө берет.+
29 Ысрайылдын улуу даражалуу Кудайы+ айткан сөзүнө турат,+ оюн өзгөртпөйт*, анткени оюн өзгөртө бергидей* пенде эмес»,— деди.+
30 Ошондо Шабул: «Мен күнөө кылдым. Бирок, суранам, аксакалдар менен ысрайыл элинин алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен чогуу барыңызчы. Мен Жахаба Кудайыңызга таазим кылам»,— деди.+
31 Шемуел Шабул менен барды. Шабул Жахабага таазим кылды.
32 Анан Шемуел: «Амалыктын тукумдарынын падышасы Агакты мага алып келгиле»,— деди. Агак анын жанына коркуп* басып барды. Ал ичинен: «Мени өлтүрбөй калышты окшойт»,— деп ойлогон эле.
33 Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан ажыраткандай эле, сенин энең да так ошондой болуп баласынан ажырайт*»,— деди да, аны Гилгалда Жахабанын алдында бөлө чапты.+
34 Ошондон кийин Шемуел Рамага кетти. Шабул болсо Гибага, өз үйүнө кетти.
35 Шемуел көзү өткөнчө Шабул менен көрүшкөн жок. Ал Шабулду ойлоп, кайгырып жүрдү.+ Жахаба Шабулду Ысрайылга падыша кылып койгонуна өкүндү.+
Шилтемелер
^ Же: «өзөндүн».
^ Же: «аяп коюшту».
^ Же: «кайгырып жатам».
^ Сөзмө-сөз: «айрып».
^ Же: «өкүнбөйт».
^ Же: «өкүнгүдөй».
^ Же балким: «ишенимдүү».
^ Же: «энең эң күйүттүү болот».