Шемуелдин 1-китеби 18:1—30
18 Дөөтү Шабул менен сүйлөшкөндөн кийин, Жонатан+ менен Дөөтү жан кыйышпас достордон болуп калды, Жонатан аны жанындай жакшы көрүп калды.+
2 Шабул ошол күндөн тартып Дөөтүнү атасынын үйүнө кетирбей, алып калды.+
3 Жонатан Дөөтүнү жанындай жакшы көрүп калгандыктан,+ экөө дос болобуз деп ант беришти.+
4 Жонатан жеңи жок чапанын чечип, Дөөтүгө берди. Согушка кийген кийимин, кылычын, жаасын, курун да берди.
5 Дөөтү согуштарга катыша баштады. Шабул аны кайсы жакка жибербесин, ал ийгиликке жетип жатты*.+ Ошондуктан Шабул аны аскерлерине башчы кылып койду.+ Бул элге да, Шабулдун кызматчыларына да жакты.
6 Дөөтү кишилери менен пелиштиликтерди жеңип, согуштан кайтып келатканда, Ысрайылдын бардык шаарларынан чыккан аялдар кубанганынан дап кагып,+ үч кылдуу аспап* чертип, Шабул падышаны ырдап-бийлеп+ тосуп чыгышчу.
7 Алар жеңишти белгилеп:
«Шабул миңди жеңди,Дөөтү болсо он миңди жеңди»,— деп кезектеше ырдашчу.+
8 Акыры Шабулдун аябай ачуусу келди.+ Бул ыр ага жакпай калды. Ошондуктан ал ичинен: «Дөөтүгө он миңди, мага болсо миңди эле ыйгарышты. Эми ага падышалык эле жетишпей турат!» — деп ойлоду.+
9 Ошол күндөн тартып Шабул Дөөтүгө шектүү карай баштады.
10 Эртеси күнү Кудай Шабулду жаман ойлор кыйнашына жол бергендиктен,+ ал өзүн кызыктай* алып жүрө баштады. Дөөтү болсо ошол учурда адаттагысындай эле кыл аспап чертип отурган болчу.+ Шабулдун колунда найза бар эле.+
11 Ал: «Дөөтүнү дубалга кадап салам!» — деп ойлоп, аны көздөй эки жолу найзасын ыргытты.+ Бирок Дөөтү буйтап, кутулуп кетти.
12 Ошондо Шабул Дөөтүдөн корко баштады, анткени Жахаба Дөөтүнү колдоп жатты,+ Шабулду болсо таштап койгон болчу.+
13 Шабул Дөөтүнү өзүнөн алыстатыш үчүн миң башы кылып койду. Ошентип, Дөөтү аскерлерди согушта баштап жүрдү.+
14 Ал эмне кылбасын, ийгиликке жете берди,+ Жахаба аны колдоп жүрдү.+
15 Шабул анын чоң ийгиликтерге жетип жатканын көрүп, андан ого бетер коркчу болду.
16 Бүт ысрайылдыктар менен жүйүттөр болсо Дөөтүнү жакшы көрчү, анткени ал аларды согуштарда жетектеп жүрдү.
17 Бир күнү Шабул Дөөтүгө: «Сага улуу кызым Мейрапты+ аялдыкка берейин.+ Мындан ары да эр жүрөк жоокер болуп, мага кызмат кылып, Жахаба үчүн согушсаң эле болду»,— деди.+ Бирок ичинен: «Бул менин колумдан эмес, пелиштиликтердин колунан өлсүн»,— деп ойлоду.+
18 Дөөтү ага: «Падышага күйөө бала болгудай мен ким элем, менин туугандарым менен атамдын үй-бүлөсү Ысрайылда ким эле?» — деди.+
19 Бирок Шабулдун кызы Мейрапты Дөөтүгө берчү убак келгенде, анын мурун эле меколалык Адриелге+ аялдыкка берилгени билинди.
20 Дөөтүнү Шабулдун Михал+ деген кызы сүйүп калган эле. Бул жөнүндө Шабулга билдиришкенде, ал сүйүнүп кетти.
21 Анан: «Кызымды ага берип, аны кылтакка түшүрөйүн, ал пелиштиликтердин колунан өлсүн»,— деп ойлоду.+ Анан Дөөтүгө экинчи жолу: «Эми мага күйөө бала бол»,— деди.
22 Шабул кызматчыларына: «Дөөтү менен өзүнчө сүйлөшүп: „Сен падышага жагып калдың, бүт кызматчылары да сени жакшы көрүшөт. Падышага күйөө бала болуп албайсыңбы“,— деп айткыла»,— деди.
23 Алар муну Дөөтүгө айтышканда, ал: «Падышага күйөө бала болуш оңой дейсиңерби? Мен колунда жок карапайым эле кишимин да»,— деди.+
24 Шабулга кызматчылары: «Дөөтү ушундай-ушундай деди» — деп, анын айткандарын айтып беришти.
25 Ошондо Шабул аларга: «Дөөтүгө барып: „Падыша душмандарынан өч алгысы келип жатат. Ошон үчүн кызынын калыңына+ 100 пелиштиликтин сүннөтүн сурап жатат.+ Андан башка эч нерсе сураган жок“,— деп айткыла»,— деди. Бирок чынында ал Дөөтүнүн пелиштиликтердин колунан өлүшүн каалап жаткан эле.
26 Шабулдун кызматчылары бул сөздөрдү Дөөтүгө айтып барышты. Алардын падышага күйөө бала бол деген сунушу ага жагып калды.+ Ошондуктан белгиленген убакыт бүтө электе эле,
27 Дөөтү кишилери менен барып, пелиштиликтердин 200 кишисин өлтүрдү да, падышанын кызына үйлөнүш үчүн, алардын сүннөтүн кесип, падышага алып келди. Ошондо падыша ага кызы Михалды аялдыкка берди.+
28 Шабул Жахабанын Дөөтүнү колдоп жатканын,+ кызы Михалдын аны жакшы көрөрүн түшүндү.+
29 Ошон үчүн Дөөтүдөн ого бетер корко баштады, аны өмүрү өткүчө душманындай көрдү.+
30 Пелиштиликтердин төрөлөрү ысрайылдыктарга кол салып турду. Алар менен согушкан сайын Дөөтү Шабулдун башка кызматчыларына караганда көбүрөөк ийгиликке жетчү.+ Ошентип, анын атагы алыска кетти.+