Шемуелдин 1-китеби 20:1—42

  • Жонатандын Дөөтүгө болгон берилгендиги (1—42)

20  Дөөтү Рамадагы Найоттон качып, Жонатанга барды да, ага: «Мен эмне кылдым?+ Атаңдын алдында эмнемден жаздым, эмне күнөө кылдым? Эмнеге мени өлтүргүсү келип жатат?» — деди. 2  Жонатан ага: «Жок, такыр андай эмес.+ Сени эч ким өлтүрөйүн деп жаткан жок. Атам мага айтпай туруп эч нерсе кылбайт. Анан кантип менден муну жашырып койсун? Андай болушу мүмкүн эмес»,— деди. 3  Бирок Дөөтү: «Экөөбүздүн дос экенибизди атаң беш колдой билет.+ Ошон үчүн: „Жонатан бул жөнүндө билбей эле койсун, бекер капа болот“,— деп жатса керек. Тирүү Кудай Жахабанын алдында да, сенин алдыңда да чын айтып жатам, өмүрүм кылдын учунда турат!» — деди.+ 4  Жонатан Дөөтүгө: «Эмне суранба, сен үчүн баарын кылып берем»,— деди. 5  Дөөтү ага: «Эртең ай жаңырат,+ мен падыша менен чогуу тамактанышым керек. Бирок сен уруксат берсең, мен бүрсүгүнкүгө чейин талаада жашына турайын, кечке чейин ошол жакта болоюн. 6  Эгер атаң менин жок экенимди байкап калса, ага: „Дөөтү менден суранып, шашылыш өзүнүн шаарына, Бетлехемге,+ кетти, себеби үй-бүлөсү чогулуп, жыл сайынкы курмандыкты чалышат экен“,— деп айт.+ 7  Эгер ал: „Аа, жакшы“,— десе, кызматчың коркпой эле койсо болот. Эгерде ачууланса, анда ал мага жамандык ойлоп жатат дей бер. 8  Жахабанын алдында мага ант бергениңди эске алып,+ кызматчыңа жакшылык кыла көр*.+ Эгер кандайдыр бир жазыгым болсо,+ мени атаңа алып барбай эле, өзүң эле өлтүрүп сал!» — деди. 9  Жонатан ага: «Кой, антпе! Атамдын сага жамандык ойлоп жатканын билсем, айтпай коймок белем»,— деди.+ 10  Дөөтү: «Эгер атаң айткандарыңа ачууланса, аны кантип билем?» — деди. 11  Жонатан ага: «Жүр, талаага баралы»,— деди. Экөө талаага барышты. 12  Анан Жонатан: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба күбө болсун, эртең же бүрсүгүнү атам менен сүйлөшөм. Эгер ал сага* жамандык ойлобосо, муну сага айттырып жиберем. 13  Эгер атам сени өлтүргүсү келип жатканын билип туруп айтпай койсом, сени аман-эсен качырып жибербесем, анда Жахаба мени* катуу жазаласын. Жахаба атамды колдогондой эле,+ сени да колдосун.+ 14  Сен болсо көзүмдүн тирүүсүндө да, атүгүл көзүм өтүп кеткенден кийин да мени унута көрбө, мага Жахаба жакшылык кылгандай жакшылык кыла көр*.+ 15  Жахаба Дөөтүнүн бардык душмандарын жер үстүнөн жок кылганда да, үй-бүлөмдү сүйүүңдөн* өксүтө көрбө»,+— деди. 16  Ошентип, Жонатан Дөөтүнүн укум-тукуму менен келишим түздү. Ал: «Жахаба Дөөтүнүн бардык душмандарын жоопко тартат»,— деп да айтты. 17  Жонатан Дөөтүгө жакшы көрөрүн ырасташы үчүн дагы бир жолу ант бердиртти. Анткени аны жанындай жакшы көрчү.+ 18  Анан Жонатан ага: «Эртең ай жаңырат.+ Ордуң бош калгандыктан, сенин жок экениң сөзсүз байкалат. 19  Бүрсүгүнү болсо жок экениң ого бетер билинет. Ошон үчүн өткөндө* жашынган жериңе барып, ошол жердеги таштын жанында тур. 20  Мен болсо, бутаны аткандай, ошол таштын бир тарабын көздөй үч жолу жаа тартам. 21  Анан кызматчымды: „Барып, жебелерди таап кел“,— деп жөнөтөм. Эгер ага: „Жебелер арт жагыңда калды, бери алып кел“,— десем, анда мага келе бер. Тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем, сен эч нерсе болбойсуң, коркпой эле кой. 22  Эгерде ал уланга: „Жебелер алды жагыңда“,— десем, анда кетип кал, себеби Жахаба кетип калышыңды каалап жаткан болот. 23  Ал эми бири-бирибизге берген антыбыз жөнүндө айта турган болсом,+ Жахаба экөөбүздүн ортобузга түбөлүккө күбө болсун»,+— деди. 24  Ошентип, Дөөтү талаага барып жашынды. Ай жаңырган күнү падыша тамактанганы отурду.+ 25  Ал адатынча өзүнүн ордуна, дубалдын жанына отурду. Жонатан анын маңдайына, ал эми Абинер+ падышанын жанына отурду. Дөөтүнүн орду болсо бош калды. 26  Шабул ичинен: «Ал бир нерседен улам арамдалып калып,+ тазалана элек окшойт»,— деп ойлоп, ал күнү унчуккан жок. 27  Ай жаңыргандын эртеси, экинчи күнү, Дөөтүнүн орду дагы бош калды. Ошондо Шабул уулу Жонатандан: «Эмнеге Жышайдын уулу+ кечээ да, бүгүн да тамакка келген жок?» — деп сурады. 28  Жонатан: «Дөөтү менден суранып, Бетлехемге кетти.+ 29  Ал: „Бүт үй-бүлөбүз шаарыбызда курмандык чалат экен, агам мени да келип кал деди. Уруксат берсең, бир туугандарыма эч кимге билгизбей барып келейин“,— деп суранды. Ошон үчүн падыша менен тамактанганы келген жок»,— деп жооп берди. 30  Ошондо Шабул Жонатанга каарданып: «Оңбогон ээнбаш десе*! Өзүңдү да, энеңди да уят кылып, Жышайдын уулу менен дос болуп жүргөнүңдү билбейт дейсиңби? 31  Билип кой, Жышайдын уулу тирүү турганда, өзүң да оңбойсуң, падышалыгың да көпкө турбайт.+ Тезинен киши жибер, аны кармап келишсин, ал өлүшү керек»,— деди.+ 32  Жонатан атасына: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасыз?+ Ал эмне кылды?» — деди. 33  Шабул сайып салыш үчүн найзасын аны көздөй ыргытты.+ Ошондо Жонатан атасынын Дөөтүнү чындап эле өлтүргүсү келип жатканын түшүндү.+ 34  Анан ачууланган бойдон ордунан туруп кетти. Дөөтүнү ойлоп жаман болгондуктан+ жана атасы аны кемсинтип койгондуктан, ал ошол күнү тамак жеген жок. 35  Эртеси эртең менен Жонатан жанына жаш кызматчысын алып, Дөөтүгө жолукканы талаага барды.+ 36  Анан кызматчысына: «Чурка, мен аткан жебелерди таап кел»,— деди. Тиги чуркап жөнөдү. Жонатан жебелерди анын алды жагына, андан алыс түшкүдөй кылып атты. 37  Кызматчысы жебе түшкөн жерге жеткенде, Жонатан ага: «Алдыраак жакта»,— деп кыйкырды. 38  Анан дагы: «Бол, тез! Батыраак!» — деп кыйкырды. Кызматчысы жебелерди чогултуп, мырзасына алып келди. 39  Ал эч нерсе түшүнгөн жок. Муну Жонатан менен Дөөтү гана билчү. 40  Андан кийин Жонатан кызматчысына жаасы менен жебелерди берип: «Буларды шаарга алып бар»,— деди. 41  Кызматчысы кеткенде, түштүк тараптан Дөөтү басып келди да, жүзтөмөндөп үч жолу таазим кылды. Экөө бири-бирин өөп, ыйлай башташты. Дөөтү көбүрөөк ыйлады. 42  Анан Жонатан Дөөтүгө: «Экөөбүз: „Жахаба экөөбүздүн ортобузда, менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда түбөлүккө күбө болсун“,+— деп Жахабанын ысмын оозанып ант бергенбиз.+ Эми жакшы бар, аман-эсен жүр»,— деди. Дөөтү ордунан туруп, ал жерден кетти. Жонатан болсо шаарга кайтып барды.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүү көрсөтө көр».
Сөзмө-сөз: «Дөөтүгө».
Сөзмө-сөз: «Жонатанды».
Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүү көрсөтө көр».
Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүүңдөн».
Же: «майрам эмес күнү».
Же: «Ээнбаш аялдын баласы».