Шемуелдин 1-китеби 21:1—15
21 Анан Дөөтү Нопко,+ дин кызматчы Акимелекке барды. Аны көргөндө Акимелек коркуп кетип: «Эмнеге жаныңда эч ким жок жалгыз жүрөсүң?» — деп сурады.+
2 Дөөтү ага: «Падыша мага бир иш тапшырып: „Сага кандай тапшырма, кандай көрсөтмөлөрдү бергенимди эч ким билбесин“,— деди. Ошон үчүн кишилерим менен башка бир жерден жолугабыз деп сүйлөшүп алгам.
3 Эгер болсо, мага беш нан же жей турган башка бир нерсе берчи»,— деди.
4 Дин кызматчы ага: «Менде ыйык нан+ гана бар, жөнөкөй нан жок. Эгер жаныңдагы кишилериң аялдарга жолобогон болсо*, ошону берейин»,— деди.+
5 Дөөтү ага: «Согушка чыгып жүргөндө аялдарга жолобогондой эле, бул жолу да аялдарга жологон жокпуз.+ Кишилерим жөнөкөй тапшырманы аткарганы чыкканда да өздөрүн ыйык сактайт. Анан кантип бүгүн өзгөчө тапшырма аткарганы жатып ыйык болбой калалы?!» — деди.
6 Ошондо дин кызматчы ага Жахабанын алдына тартуу катары алынып келген ыйык нандардан+ берди. Анткени анда жаңы нан коюлган күнү алынып салынган ошол нандардан башка нан жок болчу.
7 Ошол күнү ал жерде Шабулдун кызматчыларынын бири, койчуларынын башчысы эдомдук+ Доек+ бар эле. Ал Жахабанын алдынан кетпей турушу керек болчу*.
8 Дөөтү Акимелекке: «Бул жерде найза же кылыч барбы? Падышанын тапшырмасы шашылыш болгондуктан, жаныма кылыч да, башка курал да албай калыптырмын»,— деди.
9 Дин кызматчы: «Сен Эла өрөөнүндө+ өлтүргөн пелиштилик Голиаттын кылычы+ бар. Кездемеге оролуп, тиги жерде эфоддун+ артында турат. Кааласаң, ошону ал, андан башка эч кандай курал жок»,— деди. Дөөтү: «Ага тең келе турган кылыч жок, мага ошону бер»,— деди.
10 Дөөтү ошол эле күнү ал жерден кетип, Шабулдан андан ары качып жөнөдү.+ Акыры, ал Гат+ падышасы Акишке барды.
11 Акиштин кызматчылары ага: «Бул Ысрайыл жеринин падышасы Дөөтү эмеспи?
Эл: „Шабул миңди жеңди,Дөөтү болсо он миңди жеңди“ — деп, ыр-бий менен тосуп алган киши ушул эмеспи?» — дешти.+
12 Бул сөздөрдү укканда Дөөтү тынчсызданып, Гаттын падышасы Акиштен аябай коркуп кетти.+
13 Анан алардын алдында акылынан айныган киши болумуш болуп,+ шилекейин сакалына агызып, дарбазага бир нерселерди чийгилей баштады.
14 Ошондо Акиш кызматчыларына: «Мунуңар акылынан айныган неме го! Мага муну эмнеге алып келдиңер?
15 Акылынан айныгандар жетпей жаткансып, эмне, муну алдымда жиндиленсин деп алып келдиңерби? Ушундай кишини үйүмө кантип киргиздиңер?» — деди.
Шилтемелер
^ Же: «аялдар менен жатпаган болсо».
^ Сыягы, берген антынан же бир нерседен улам арамдалып калгандыктан, же пес оорулуу деп шек саналгандыктан ошол жерде кала турушу керек болгон.