Шемуелдин 1-китеби 24:1—22

  • Дөөтү Шабулду өлтүргөнгө жол бербей коёт (1—22)

    • Дөөтү Жахаба өзү дайындаган кишиге урмат көрсөтөт (6)

24  Шабул пелиштиликтерди кууп, кайра кайтып келгенден кийин, ага: «Дөөтү Эн-Геди чөлүндө жүрөт»,— деп кабарлашты.+ 2  Шабул бүт ысрайылдыктардын арасынан 3 000 киши тандап, Дөөтү менен анын кишилерин тоо текелер байырлаган аскалардан издегени жөнөдү. 3  Анан жол боюндагы таштан салынган кой короолордун жанына келип токтоду. Ал жерде үңкүр бар эле. Шабул үңкүрдүн ичине заара ушатканы кирди. Дөөтү ошол учурда кишилери менен үңкүрдүн түп жагында отурган эле.+ 4  Дөөтүгө кишилери: «Жахаба сага: „Мына, душманыңды колуңа салып бердим.+ Аны каалаганыңдай кыл“,— деп жатат»,— дешти. Дөөтү туруп барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен байкатпай кесип алды. 5  Бирок кайра кийиминин этегинен кесип алганына жаман болду*.+ 6  Анан кишилерине: «Мырзама, Жахаба өзү жол башчы кылып дайындаган кишиге, кантип кол көтөрмөк элем? Жахаба анын бетин ары кылсын, аны Жахаба өзү дайындаган да»,— деди.+ 7  Дөөтү ушинтип кишилерин токтотуп калды*. Ал алардын Шабулга кол салышына жол берген жок. Шабул болсо үңкүрдөн чыгып, жолун улантты. 8  Дөөтү үңкүрдөн чыгып, Шабулдун артынан: «Улуу урматтуу падышам!» — деп кыйкырды.+ Шабул артын караганда, Дөөтү тизелеп, жерге чейин ийиле таазим кылды. 9  Анан ага: «„Дөөтү сизге жамандык кылгысы келип жүрөт“,— деген кишилердин сөзүн эмнеге угасыз?+ 10  Өзүңүз көрүп тургандай, бүгүн үңкүргө киргениңизде, Жахаба сизди колума салып берди. Жанымдагылар сизди өлтүр дешти,+ бирок мен сизди аяп: „Мырзама кол көтөрбөйм, аны жол башчы кылып Жахаба өзү дайындаган да“,— дедим.+ 11  Ата, карасаңыз, мен сырт кийимиңиздин этегинен кесип алдым, ошол учурда сизди өлтүрүп коё алмакмын, бирок өлтүргөн жокмун. Көрдүңүзбү, сизге жамандык кылайын же каршы чыгайын деген оюмда да жок, алдыңызда эч кандай күнөө да кылган жокмун.+ Сиз болсо мени өлтүрөм деп, артымдан сая түшүп жүрөсүз.+ 12  Экөөбүзгө Жахаба сот болсун.+ Мен үчүн Жахаба өзү өч алсын,+ мен сизге кол көтөрбөйм.+ 13  Байыркы бир макалда: „Жамандыкты жаман кишилер кылат“,— деп айтылат эмеспи, ошон үчүн мен сизге кол көтөрбөйм. 14  Ысрайылдын падышасы кимди куугунтуктап жүрөт? Кимдин артынан сая түшүп алды? Сиз бир өлгөн иттин, бир бүргөнүн артынан кууп жүрөсүз.+ 15  Экөөбүзгө Жахаба өзү сот болуп, баарын өзү таразаласын. Ал ишимди карап, мени актайт,+ мени колуңуздан куткарып алат»,— деди. 16  Дөөтү бул сөздөрдү айтканда, Шабул: «Дөөтү, уулум, бул сенсиңби?»+ — деп сурады да, катуу ыйлап жиберди. 17  Анан Дөөтүгө: «Мага караганда сен адил экенсиң, анткени сен мага жакшылык кылдың, мен болсо сага жамандык кылдым.+ 18  Өзүң айткандай, бүгүн Жахаба мени колуңа салып берсе да, мени өлтүрбөй, мага жакшылык кылыптырсың.+ 19  Кайсы киши колго түшкөн душманын жөн коё берет? Бүгүн мага кылган жакшылыгың үчүн Жахаба сага жакшылык кылат.+ 20  Сен сөзсүз падыша болосуң,+ бийлигиң бекем болуп, Ысрайылды көпкө башкарасың, буга менин көзүм жетти. 21  Ошон үчүн азыр мага көзүм өткөндөн кийин тукумумду кырып салбай турганыңды, атамдын урук-тукумунун арасынан атымды өчүрбөй турганыңды айтып,+ Жахабаны оозанып ант бер»,+— деди. 22  Дөөтү ант берди. Андан кийин Шабул үйүнө кайтты,+ Дөөтү менен жанындагылары болсо жашынып жүргөн тоосуна чыгып кетишти.+

Шилтемелер

Же: «абийири кыйнады».
Же балким: «таратып жиберди».