Шемуелдин 1-китеби 27:1—12

  • Пелиштилик Акиш падыша Дөөтүгө Сыклакты берет (1—12)

27  Бирок Дөөтү: «Бир күнү Шабул мени баары бир өлтүрөт, ошон үчүн пелиштиликтердин жерине качып кеткеним оң.+ Ошондо ал үмүтүн үзүп, мени Ысрайыл жеринен издебей калат.+ Ошентип андан кутулуп, аман калам»,— деп ойлоду. 2  Анан жанындагы 600 кишиси+ менен Гаттын падышасы Маохтун уулу Акишке+ барды. 3  Ошентип, Дөөтү менен анын кишилери үй-бүлөлөрү менен чогуу Акиштин жеринде, Гатта жашап калышты. Дөөтүнүн эки аялы: изреилдик Акиноам+ менен мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил+ да аны менен ошол жерде жашап калышты. 4  Шабулга Дөөтүнүн Гатка качып кеткенин айтышканда, ал аны издебей калды.+ 5  Дөөтү Акишке: «Эгер туура көрсөңүз, чакан шаарларыңыздын биринен орун бериңиз, ошол жерде жашайын. Кулуңузду падышанын шаарына жашатып эмне кыласыз?» — деди. 6  Ошол күнү Акиш ага Сыклакты+ берди. Ушул себептен Сыклак бүгүнкү күнгө чейин Жүйүт падышаларына таандык. 7  Дөөтү пелиштиликтердин жеринде 1 жыл 4 ай жашады.+ 8  Ал кишилери менен Теламдан Шурга+ чейинки жана төмөн жактагы Мисир жерине чейинки жерлерде жашаган гешурлуктарга,+ герзиттиктерге, Амалыктын тукумдарына+ кол салып, жортуулдарга чыгып турду. 9  Алардын жерине чабуул жасап, эркек-аялдарын бирин калтырбай кырып,+ майда малы менен бодо малын, эшектерин, төөлөрүн, кийим-кечектерин олжолоп, кайра Акишке барчу. 10  Акиш андан: «Бүгүн кайсы жерге жортуулга бардыңар?» — деп сураганда, Дөөтү: «Жүйүт жеринин түштүгүнө*»,+— деп койчу. Кээде болсо: «Жерахмелдин тукумдары+ жашаган жердин түштүгүнө» же «кейниликтердин+ жеринин түштүгүнө»,— деп койчу. 11  Ал эркек-аялдардын бирин да тирүү калтырчу эмес. «Булар: „Дөөтү бизди минтти-тигинтти“,— деп айтып коюшпасын» — деп, аларды Гатка алып келчү эмес. (Пелиштиликтердин жеринде жашаган кезде ал ошентип жүрдү.) 12  Акиш ага ишенип: «Ал өз элине, ысрайылдыктарга, жек көрүндү болуп калды, бүттү эми өмүр бою мага кызмат кылат»,— деп ойлоп жүрдү.

Шилтемелер

Же: «Негепке».