Шемуелдин 1-китеби 28:1—25

  • Шабул өлгөндөр менен сүйлөштүргөн аялга барат (1—25)

28  Ошол убакта пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуш үчүн аскерлерин чогултушту.+ Анан Акиш Дөөтүгө: «Өзүң да, кишилериң да мени менен бирге согушка барарыңарды билесиң да»,— деди.+ 2  Дөөтү ага: «Кулуңуздун эмне кыларын өзүңүз чечесиз да»,— деп жооп берди. Ошондо Акиш: «Мына ушунуң үчүн дайыма жан сакчым болосуң»,— деди.+ 3  Ал убакта Шемуелдин көзү өтүп кеткен болчу. Ысрайыл эли аны жоктоп ыйлап, өзүнүн шаары Рамага коюшкан эле.+ Шабул өлгөндөрдү чакыргандар менен көзү ачыктардын баарын Ысрайылдан жок кылган болчу.+ 4  Пелиштиликтер чогулуп, Шунемге+ келишти да, ошол жерге кошуундары менен жайгашышты. Шабул да бүт ысрайылдык жоокерлерди чогултуп, Гилбояга+ барып жайгашты. 5  Пелиштиликтердин кошуунун көргөндө Шабулдун үрөйү учту.+ 6  Ошондуктан ал Жахабага кайрылды,+ бирок Жахаба ага түш аркылуу да, урим*+ аркылуу да, пайгамбарлар аркылуу да такыр жооп бербей койду. 7  Акырында Шабул кызматчыларына: «Өлгөндөр менен сүйлөштүргөн+ бир аял тапкыла. Мен барып, ошондон жардам сурайын»,— деди. Кызматчылары ага: «Эн-Дордо+ өлгөндөр менен сүйлөштүргөн бир аял бар»,— дешти. 8  Эч ким тааныбашы үчүн, Шабул башкача кийинип алып, эки кишиси менен түн ичинде ошол аялдыкына барды. Шабул ага: «Сыйкыр күчүңдү колдонуп төлгө ачып+ берчи, мага мен айткан кишини чакырып берчи»,— деди. 9  Бирок аял: «Шабулдун өлгөндөрдү чакыргандарды, көзү ачыктарды бул жерден бүт жок кылганын билесиң да.+ Эмне, мени тузакка түшүрүп, өлтүрөйүн деп жатасыңбы?» — деди.+ 10  Шабул: «Тирүү Кудай Жахабанын алдында ант берем, бул үчүн айыптуу болбойсуң!» — деп Жахабаны оозанып ант берди. 11  Ошондо аял: «Кимди чакырып берейин?» — деп сурады. Ал: «Шемуелди»,— деди. 12  «Шемуелди»*+ көргөндө аял катуу кыйкырып жиберип, Шабулга: «Мени эмнеге алдадыңыз? Сиз Шабул турбайсызбы!» — деди. 13  Падыша ага: «Коркпо. Эмнени көрүп жатасың?» — деди. Аял: «Кудайга окшогон бирөө жерден чыгып келатат»,— деп жооп берди. 14  Шабул: «Кебетеси кандай экен?» — деп сурады. Аял: «Жеңи жок чапан+ кийген кары киши экен»,— деди. Ошондо Шабул анын «Шемуел» экенин түшүнүп, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды. 15  «Шемуел» Шабулдан: «Менин тынчымды алып, эмнеге чакырдың?» — деп сурады. Шабул ага: «Айлам кетип турат. Пелиштиликтер мага каршы согушуп жатышат, Кудай болсо мени таштап койду. Мага пайгамбарлар аркылуу да, түш аркылуу да жооп бербей жатат.+ Ошон үчүн эмне кылышым керектигин сураш үчүн сизди чакырдым»,— деди.+ 16  «Шемуел» ага: «Эгерде Жахаба сени таштап,+ сага душман болуп калган болсо, анда эмнеге менден сурап жатасың? 17  Жахаба мен аркылуу алдын ала айткандарынын баарын аткарат. Жахаба сенден падышалыкты тартып алып, башкага — Дөөтүгө — берет.+ 18  Жахабанын тилин албаганың үчүн, анын каарын кайнаткан Амалыктын тукумдарын+ кырып салбаганың үчүн Жахаба ушундай кылып жатат. 19  Жахаба сени менен кошо бүт ысрайыл элин пелиштиликтердин+ колуна салып берет. Өзүң да,+ уулдарың да+ эртең мени менен болосуңар. Жахаба ысрайылдыктардын кошуунун да пелиштиликтердин колуна салып берет»,— деди.+ 20  «Шемуелдин» сөздөрүн укканда Шабул катуу коркуп кетип, жерге сулап жатып калды. Ал ошол күнү кечке жана түнү менен эч нерсе жебегендиктен алсырап калган эле. 21  Аял Шабулдун жанына келип, анын нес болуп калганын көрүп, ага: «Күңүңүз тилиңизди алып, өмүрүн тобокелге салып,+ айткандарыңызды аткарды. 22  Эми, суранам, сиз да күңүңүздүн тилин алыңыз. Бир кесим нан берейин, жолго чыгардын алдында аны жеп, кубаттанып алыңыз»,— деди. 23  Ал: «Жебейм»,— деди. Бирок кызматчылары менен тиги аял аны көндүрө башташты. Акыры, ал алардын айтканына көнүп, ордунан туруп, узун отургучка отурду. 24  Аялдын үйүндө бордолгон торпогу бар эле. Ал дароо аны сойду*. Анан камыр жууруп, калама бышырды. 25  Аларды алып келип, Шабул менен анын кызматчыларына берди. Алар тамактанып, кайра ошол эле түнү жолго чыгышты.+

Шилтемелер

Же: «Шемуел болуп көрүнгөн бирөөнү».
Же: «курмандыкка чалды».