Шемуелдин 1-китеби 29:1—11

  • Пелиштиликтер Дөөтүдөн шектенишет (1—11)

29  Пелиштиликтер+ бүт аскерин чогултуп, Апекке жайгашышты. Ысрайылдыктар болсо Изреилдеги+ булактын жанына жайгашышты. 2  Пелиштиликтердин башкаруучулары 100 кишиден жана 1 000 кишиден турган аскердик топтору менен баратышты. Дөөтү менен анын кишилери болсо артта Акиш+ менен баратты. 3  Бирок пелиштиликтердин төрөлөрү: «Бул еврейлер биякта эмне кылып жүрүшөт?» — деп сурашты. Акиш аларга: «Бул Ысрайылдын падышасы Шабулдун кызматчысы Дөөтү да. Жанымда жүргөнүнө бир жылдан көп болуп калды.+ Мен тарапка өткөндөн бери мындан бир да айып тапкан жокмун»,— деди. 4  Ошондо алар кыжырданып, Акишке: «Муну кетирип жибер,+ сен берген жерге кайтсын. Биз менен согушка барбасын, болбосо ал жактан бизге каршы чыгат.+ Ал өзүнүн мырзасына биздин кишилерибиздин башын алып жагынбаганда дагы кантип жагынмак эле?! 5  Эл: „Шабул миңди жеңди,Дөөтү болсо он миңди жеңди“ — деп, ырдап-бийлеп тосуп алган Дөөтү ушул эмеспи?» — дешти.+ 6  Акиш+ Дөөтүнү чакырып, ага: «Тирүү Кудай Жахабанын алдында чынын айтып жатам: сен чынчыл кишисиң. Мага келгениңден бери сенден бир да айып тапкан жокмун.+ Ошон үчүн мени менен согушка барышыңды каалаган элем,+ бирок башкаруучулар сага ишенбей жатышат.+ 7  Ошондуктан үйүңө кайт, алардын кыжырына тийбей эле кой»,— деди. 8  Бирок Дөөтү ага: «Мен эмне кылдым? Сизге келгенден бери эмнемден жаздым? Улуу урматтуу падышам, эмне үчүн сиз менен барып, душмандарыңыз менен согушканга болбойт?» — деди. 9  Акиш: «Мен сени Кудайдын периштесиндей эле көрөм,+ бирок Пелиштинин төрөлөрү: „Ал биз менен согушка барбасын“,— деп жатышпайбы. 10  Ошондуктан эртең өзүң да, падышаңдын сени менен келген кишилери да эрте туруп, таң атары менен кетип калгыла»,— деди. 11  Дөөтү кишилери менен эртеси эрте туруп, Пелишти жерине кайтты, пелиштиликтер болсо Изреилге+ жөнөштү.

Шилтемелер